Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:25

БУУнун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Жапониянын көмөгү менен Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматына 900 миң доллар каражат бермей болду. 11-апрелде кол коюлган бул келишимге ылайык, каражат экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып камалып тургандарды оң жолго салуу иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ушул тапта өлкөнүн жабык жайларында 180ден ашуун киши диний экстремизм жана терроризмге айыпталып камалып турушат. Мындай берене менен айыпталып, жазасын өтөп жаткандарды абактагы башка адамдардан бөлүп, өзүнчө кармоо зарылдыгынан улам бул жаатта 2015-жылы атайын мыйзам кабыл алынган.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалай Жапаровдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, БУУнун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Жапон өкмөтүнүн көмөгү менен берип жаткан каражат түрмө кызматкерлерин окутууга, экстремизм-терроризм менен айыпталып түшкөн адамдарды оң жолго салуу иштерин жүргүзүүгө жумшалат: ​

- Абактын шарттарын оңдоп, бул берене менен камалган адамдардын эмне үчүн бул жолго түшкөнүн иликтейбиз. Мындан тышкары долбоорго бул берене менен камалгандар менен иштөөчү жаза аткаруу кызматкерлерин да окутуу кирет. Аларды муфтияттын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, жарандык коомдун өкүлдөрү, теологдор окутушат. Анткени, алар менен иштөө үчүн кызматкерлерибиздин диний илими болушу керек. Булар деген өзүнчө бир категория да.

Таалай Жапаров.
Таалай Жапаров.

Жаза аткаруу кызматы мындан тышкары жаза өтөп жаткандарды салттуу ислам динине кайтарууга Мусулмандар дин башкармалыгы менен чогуу аракеттенүүдө. Бул тууралуу муфтияттын жаштар жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абибилла ажы Кадырбеков "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Муфтияттан, биздин бөлүмдөн адистер, сырттан башка теологдор, мугалимдер атайын жабык жайларга барып, аларга туура илимди даават кылып келүүгө устаздар тандалып алынган. Бул багытта Жаза аткаруу кызматы да биз менен чогуу иштеп жатат. Бирок жаштарды ошол жолго кирип кетүүдөн сактап калуу аракетин көбүрөөк көрүшүбүз керек.

БУУнун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Федулов экстремисттер жабык жайлардагы адамдарды катарына азгырууга аракет кылган учурларды алдын алуу үчүн Жаза аткаруу кызматы бардык күч органдары жана жарандык коом менен бирге аракеттенүүсү зарыл экенин белгиледи:

- Кыргызстандын күч органдары бул багытта активдүү иштей башташты, бардык күч түзүмдөрүндө экстремизм-терроризмге каршы күрөшүүчү атайын бөлүмдөр ачылып, кызматкерлер тиешелүү билимге ээ болуп жатышат. Жаза аткаруу кызматы да абактардагы адамдардын радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн чоң иштерди жасоого туура келет. Бул үчүн аталган кызмат башка мамлекеттик күч органдары жана жарандык коом менен тыгыз иш алып барууга тийиш. Экстремизм жана терроризмге айыпталып камалган кишилерди социалдык жактан реабилитациялоо муктаждыгы бар. Анткени, эртедир-кечтир бул адамдар эркиндикке чыгышат. Бирок алар мурунку жашоосуна кайра барбашында Жаза аткаруу кызматынын жоопкерчилиги бар. Албетте, бул оор иш. Бирок, Кыргызстандын пенитенциардык системасы бул ишинин аягына чыгат деп ишенем.

Кыргызстандагы абактардын бири.
Кыргызстандагы абактардын бири.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ушул тапта Кыргызстанда экстремизм-терроризмге айыпталып, 180ден ашуун киши жабык жайларда кармалууда. Алардын ичинен жетөө аялдар. Укук коргоочулар бул алты миллион эли бар өлкө үчүн көп көрсөткүч экенин белгилеп, бул берене менен айыптоо айрым учурларда коррупцияга жол берип жатканын айтып келишет. "Бир дүйнө Кыргызстан" коомдук уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова:

- Андай туура эмес ишенимдеги фанаттар бар, жок эмес. Бирок ошолорду экстремизм-терроризмге айыптап, күнөөлөө иши мыйзамдуу жана легитимдүү болушу керек. Ошондо сабак болот. Жөн эле "сенде ушундай экстремисттик гезит бар экен, китеп бар экен" деп кармап кеткенде, бул коррупцияга жол берет. Башкалардын "бизде чын эле терроризм менен күрөшүп жатышабы же өздөрүнө акча жасап жатышабы?" деген сын пикирлери пайда болот. Андай жол менен жаш балдарды алып кирип камап коюу-адамга каршы жасалган кылмыш.

Толекан Исмаилова.
Толекан Исмаилова.

2015-жылы Жогорку Кеңеш “Экстремизм жана терроризмге айыпталып камалган адамдарды абак-жайларда өзүнчө бөлүнгөн, камералык режимде кармоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алган. Демилгечилер бул абактарда экстремизмдин жайылуусун алдын алат деп негиздешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG