Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

Түрк медиасы буга чейин кыргыз жаранын Стамбулдагы теракттын уюштуручусу катары жарыялап жиберип, ал ырасталган жок. Кыргыз жарандарына байланыштуу жоромол акыркы төрт күндөн бери башкы темага айланды. Бул эмнеден кабар берет?

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Бул суроолорго “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик. Талкууга Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, мурдагы башrs прокурор, саясий ишмер Кубатбек Байболов жана Дин иштери боюнча комиссиясынын мурдагы жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Кубатбек мырза, Түркиядагы акыркы кол салууда 39 адамдын өмүрүн алган адам Кыргызстандан же Өзбекстандан келген деп түрк маалымат каражаттары болжолдоп жатат. Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстан диний-радикал топтордун активдүү аймагына айланды дегендик эмеспи?

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

Кубатбек Байболов: Түрк тарап тараткан маалымат бомба жаргандай эле болду. Өтө резонанстуу болуп, дүйнөдө Кыргызстан деген мамлекетти билбегендерге да “ушул мамлекеттин жараны ушундай жырткычтыкка барды” деген маалымат жетти. Бирок ал маалыматтын жалган болуп чыкканы тууралуу өтө солгун сөз болуп жатат.

Биздин мамлекеттик органдар аныктаган соң жооп кылып, ошончолук резонансты кайра бериш керек эле. Болбосо мындан биздин жараныбыз эле жабыр тартпай бүт Кыргызстан жабыр тартып жатпайбы.

“Азаттык”: Темир мырза, буга чейин Коргоо кеңешинде коопсуздук, диний саясатты жүргүзүү боюнча бир нече маселе каралып, документтер кабыл алынды эле. Бул иштерден кандай жыйынтык болду?

Темир Жумакадыров: Терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү жана андан элибизди коргоо мамлекеттин бирден-бир милдети. Бул жаатта эң негизги эки багытты айтып кетсек болот. Биринчи багыты: укук коргоо органдары жана атайын кызматтардын алып барган иши. Бүгүнкү күнгө чейин кандай гана маалымат болбосун баары текшерилип жатат. 2014-жылы Коргоо кеңешинде атайын концепция кабыл алынган. Андан сырткары бул коркунучтарга каршы күрөштүн эффективдүүлүгүн көтөрүү боюнча отурум өткөн. Ал отурумдарда кабыл алынган системалуу чечимдер ишке ашып келе жатат.

Ошондой эле экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча күч органдарынын ишин координациялоо жакшырып жатат. Мунун жыйынтыгында “мына-мына” болот деген бир топ коркунучтарды алдын алып, токтотуп калдык.

Антитерроризм деген комплекстүү чара. Ага жалпы коомчулук тартылып иш алып барышы керек. Терроризмди айыптап сүйлөп коюу бул күрөш эмес.
Орозбек Молдалиев

“Азаттык”: Орозбек мырза, бул жааттагы аткарылган иштерге карабай радикалык агымдар тыйылып калган жок да. Тескерисинче, мамлекеттик органдарга моюн толгоп жатпайбы?

Орозбек Молдалиев: Радикалдашкан уюмдардын көбөйүп баратканы чындык. Бул боюнча ИИМ бир топ адабияттарды алып, иштеп жатат. Негизи терроризмге каршы күрөштүн антитерроризм жана контртерроризм деген багыттары бар. Азыр кеп болуп жаткан контртерроризм. Ал күч органдарынын күрөш жүргүзүүсү аркылуу жасалган реакция. Ал эми антитерроризм деген комплекстүү чара. Ага жалпы коомчулук тартылып иш алып барышы керек. Ал боюнча атайын стратегия иштелип чыгып, конкреттүү тапшырмалар берилиши зарыл. Терроризмди айыптап сүйлөп коюу бул күрөш эмес.

​PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG