Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Радикализмге тиш кайраган Борбор Азия


Тажикстанда экстремизм беренеси боюнча мектеп окуучусу он жылга эркинен ажыратылды. Казакстанда террордук акт жөнүндө калп айткан аял үч жылга камакка алынды. Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жарандыктан ажыратылмай болду.

Газета.ру Тажикстанда мектеп окуучусу экстремизмди үгүттөгөнү үчүн 10,5 жылга эркинен ажыратылганын жазат. Макалада аты-жөнү жашырылган 10-класстын окуучусу социалдык тармактарга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун видео-сүрөттөрүн жайгаштырып, мекендештерин бул топко кошулууга үгүттөгөн деп айтылат. Өспүрүмдүн мындай иш-аракеттерин Согди облус соту экстремизмге үгүттөө деп таап, аны жалпы режимдеги абакка кескен.

Ушул эле сот июнда жергиликтүү өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деген айып менен "Мусулман агайиндер" диний-саясий уюмунун мүчөлөрү болуп жүргөн жети имамды камакка алган. Учурда Ооганстан, Ирак жана Сириядагы террордук топтордо согушуп жүргөн тажик жарандарынын расмий саны 400дөн ашат.

"Регнум" маалымат агенттиги Казакстанда теракт жөнүндө жалган кабар берген аял үч жылга эркинен ажыратылганын кабарлайт. Ак-Төбө облустук соту аялдын мас абалында телефон чалып, теракт тууралуу жалган маалымат бергенин мойнуна алганына, анын буга чейин соттолбогонуна жана Ак-Төбөнүн Улуттук коопсуздук комитетине 80 миң теңге төлөгөнүнө карабай үч жылга соттогон.

Казакстандын Кылмыш кодекси боюнча мындай кылмыш үчүн алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Макалада Казакстанда эки айдан бери террордук коркунуч деңгээли сакталып турганы белгиленет.

"КоммерсантЪ" басылмасы болсо Кыргызстанда терроризм жана экстремизмге айыпталган кылмыш беренелери боюнча соттолгон адамдар жарандыктан ажыратыларын маалымдайт.

Терроризмге каршы кабыл алынган мындай мыйзам өзгөртүү бардык тийиштүү административдик жана кылмыш кодекстерине киргизилгени, ага өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгону, ошондой эле мыйзам он күндө күчүнө кирери кошумчаланат.

Жаңы мыйзамга ылайык терроризм жана экстремизмге айыпталып соттолгондорго жаза күчөтүлүп, аны өтөө шарттары дагы катаалдашканы белгиленет. Буга чейин Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары, интернет аркылуу жана коомчулукта террордук жана экстремисттик аракеттерди жактагандарга 100 миң сомго чейин айыппул төлөтүү сунуштары көтөрүлгөн.

"РИА Новости" АКШ Борбор Азиянын беш өлкөсүнө терроризмге каршы бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга 15 миллион доллар каражат бергенин жазат.

3-августта Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушуп, Борбор Азиядагы радикалдашууну алдын алуу жана коңшу өлкөлөр ортосунда экстремисттик топтордун кыймыл-аракетин токтотуу боюнча долбоордун ишке киргени айтылат.

Ошондой эле АКШдан берилген каражаттын бир бөлүгү өлкөлөр ортосунда соода-сатыкты кеңейтүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу долбоорлорго жумшалат деп айтылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG