Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Борбор Азияны аралаган экстремизм карааны


"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери

Сириядагы кырдаал бир аз тынчыганы менен эми аймактарда, анын ичинде Борбор Азияда диний экстремизм көмүскө күч алуусу ыктымалдыгын эксперттер эскертишүүдө.

Бул тууралуу 21-январда Бишкекте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний экстремизмдин алдын алууга арналган эксперттик жыйында айтылды.

Диний экстремизм басаңдадыбы?

Аймактагы өлкөлөрдүн күч кызматтары, мамлекеттик бийликтер акыркы убактарда диний экстремизмдин таасири басаңдай баштаганын белгилеп, буга түрдүү себептерди айтышууда. Мисалы, Кыргызстандын УКМК терроризмге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Таалайбек Жапаровдун айтуусунда, элдин аң-сезими улам жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өзгөрдү:

- Маалымат каражаттарынын, диний уюмдардын, жарандык активисттердин күчү менен биз элибизге, жаштарга “жихаддын” чыныгы жүзүн ачып бердик. Сирияда, Иракта кандай согуш болуп жатканын, ал жердеги чыныгы кырдаалды көрсөтө алдык. Ошондуктан, эл “экстремизм, терроризм” деген сөздөрдү толук түшүнүп, түрдүү маалыматтарды тандап кабыл алып калды. Мисалы, Кыргызстандан 2013-жылы Сирияга кеткендер көп катталган. Алар ошол учурда бир даары чындап эле “жихад, халифат” тууралуу жалган маалыматтарга ишенип, азгырылып кеткен болсо, бир даары акча үчүн кетишкен. Анткени башында ИМ тобу согушчандарга жакшы акча төлөп бергени тууралуу маалыматтар бар. Бирок улам баргандар ал жакта абал мурдатан айтылгандай экенин билгенден кийин өзгөрүүлөр болду. Мына, өзүңөр билесиңер, сузактык 19 жаштагы жанкечти Сирияда өзүн танк менен кошо жардырууга кетип баратып, кандай ыйлаганын бүт Кыргызстан көрдү.

Сирияга баратып кармалган кыргызстандык келин
Сирияга баратып кармалган кыргызстандык келин

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандан Сириядагы, Ирактагы куралдуу кагылыштарга катышып жүргөндөрдүн саны 500дөн ашуун. Алардын арасында бешиктеги балдарын алып кеткен аялдар, кыз-келиндер, жашы 80ге чукулдап калган кемпир да бар.

Ал эми Тажикстандын расмий маалыматтарында Сирия, Ирактагы согушка катышып жүргөндөрдүн саны 300дүн айланасында деп айтылат. Бул маалыматты Тажикстандын Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысынын орун басары Бобомурад Мусаев да карманат. Анын айтуусунда, союз таркагандан кийин атуулдук согушту башынан өткөргөн тажикстандыктар Сирия, Ирактагы кагылыштар тууралуу маалыматтарга этияттык менен мамиле кылып, электен өткөрүп кабыл алууга аргасыз:

- Биздин эл согуш, жоготуу эмне экенин билет. Ошондуктан Сирияга кеткен биздин жарандар көбүнчө башка жактарда иштеп жүрүп, ошол жактан башка бир күчтөргө азгырылып кеткендер. Сиздер билесиздер, өткөн жылы сентябрь айындагы мыйзамсыз аракеттеринен кийин Жогорку Сот “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук-экстремисттик деп жарыялаган. Ошондон кийин аталган партиянын 200дөй мүчөсү камалган. Ал эми Тажикстандын өзүндө абал туруктуу. Таптакыр жок деп айталбайм, бирок диний экстремизмге үгүттөгөн адамдар мыйзам алдында жоопко тартылат.

Тыюудан жардам барбы?

Казакстанда жыйырмага жакын диний уюм “экстремисттик-террордук” деп таанылып, тыюу салынган. Алардын ичинде “Ал-Каида”, “Хизб-ут Тахрир”, “Бир тууган мусулмандар” сыяктуу эл аралык таанымал уюмдар бар. Эксперттердин маалыматында өлкөдө экстремисттик уюмдардын эң активдешкен учуру 2012-2013-жылдарга туура келет. Эки жылда өлкөдө 14 теракт жасалып, төрт терорчу кармалган, алтоо өзүн-өзү жардырган. 70 киши набыт болгон.

Казакстанда да бүгүнкү күнү бийлик муфтият, жарандык коом, маалымат каражаттары менен бирге диний экстремизмге каршы күрөшүүдө. Казакстандагы “Ак ниет” коомдук фонду диний экстремизмди алдын алуу үчүн дин уюмдары, күч органдары менен чогуу аракеттенет. Аталган уюмдун жетекчиси Алим Шауметовдун айтуусунда, алар ар бир облуста эл менен иштеп жатышат:

- Ар бир облустагы дин иштери боюнча башкармалыктын өкүлдөрү, айылдардагы мечиттердин имамдары менен чогуу иштейбиз. Биз радикалдуу жамааттар менен тигилердин ортосундагы байланыш болуп беребиз. Анткени, алар бири-бири менен келише албайт, андайда сүйлөшүү да болбойт. Биз радикалдар менен бир нече ирет жолугабыз, биздин уюмда диний сабаттуу теологдор алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Биз абак жайлардагы радикалдар менен иштешкен акыркы эки жылдык тажрыйба көрсөттү, тынбай сүйлөшүп, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, "хизбутчулардын" 50-60% биз тарапка өтүштү. 20-25% өзү ишенип жүргөн идеологиясынын туура экенинен шектене баштады. Ачыгында, алардын көпчүлүгү алданган, диний сабаты жок адамдар.

Белгилүү болгондой, Казакстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Сириядагы согушка жарандары көп кеткен мамлекет. Казак коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, 400 казакстандык ИМ тобу көзөмөл кылган аймактардагы куралдуу кагылыштарда катышып жүрөт. Расмий бийлик алар ал жактарга диний сабатсыздыгынан же акча үчүн кеткен деп эсептейт. Маалыматка ылайык, алар менен кошо 200дөн ашык аял жана балдар да бар. Ал эми АКШнын контртеррордук борборунун маалыматы боюнча, “Ислам мамлекети” радикал тобуна азгырылган казакстандыктардын саны миңге жетет.

Өзбекстандык согушкерлер
Өзбекстандык согушкерлер

Өзбекстанда болсо акыркы убактардагы катуу тыюуларга карабай, диний тартип өкүм сүрүп жатканы айтылат. Эксперттердин белгилөөсүндө, негизинен жаштар менен студенттер байырлаган дискотека жана түнкү клубдар өлкөнүн борбору Ташкентте гана калганы болбосо, калган ири шаарларда дээрлик жок. Үйлөнүү жана башка тойлордун баары алкоголдук ичимдиксиз өтөт. Ошол эле түнкүсүн клубга барган жаш жигиттер да куран окуп, жаназа жана айт намазга барышат, ал эми клубга барып, ичимдик ичкен учурлары үчүн дайыма "кудай өзү кечирсин" деп турушат деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандан жалпысы болуп 500 чамалуу киши ИМ тобунун көзөмөлүндөгү аймактарда согушта. Маалыматтарга ылайык, алардын көпчүлүгү Орусия, Түркия жана башка жактарда эмгек миграциясында жүрүп азгырылгандар.

Кыргызстанда ишмердүүлүк кылууга 19 диний уюмга тыюу салынган. Бирок Борбор Азиядагы дээрлик бардык өлкөлөрдө, ал тургай Орусияда да тыюу салынган “Таблиги-жамаат” уюму Кыргызстанда ачык ишмердүүлүк кылат.

Борбор Азияга Ооганстандан коркунуч күчөөдө

Кыргызстандык диний эксперт Кадыр Маликов Борбор Азиядагы дин чөйрөсү алсыз болууда деп эсептейт. Анын айтуусунда, качандыр бир түрк дүйнөсүнүн жана ислам цивилизациясынын очогу болгон аймактын салмагы жоголду:

- Борбор Азия ислам цивилизациясынын негизги очогу болчу. Илимдер өнүгүп, руханий таалим берип турган борборлор бар эле. Мисалы, Бухара, Самарканд, Ош сыяктуу. Бирок биз муну жоготтук. Тилекке каршы, Советтер союзунун тушунда жоголду, ошол боюнча өзүнө келе элек. Биздин жаштар араб өлкөлөрүнө барып, исламды окуп келип жатышат. Азыр байкасаңар, биздин жаштардын кол телефондорунда Сауд Арабиясынын, Египеттин, Ливандын же Сириянын шейхтеринин диний насааттары жазылган түрдүү видеолор бар.

Ушундан улам, Кадыр Маликов жаштарга туура исламды окутуп, аларга үлгү катары чыныгы динди көрсөтүү зарылчылыгын белгилейт.

Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Тажикстандык расмий өкүл Сирияга Тажикстандан азгырылган агымдын азаюусуна Орусиянын ИМ тобуна куралдуу сокку уруусу себеп болду, деп эсептейт. Ушундай эле пикирди Кыргызстандын күч кызматтары да карманышат. Алардын пикиринде, Орусиянын куралдуу соккусу ИМ тобун алсыратты. Бирок эксперт Кадыр Маликов мунун Борбор Азия аймагына терс таасири да бар деп эскертет. Эксперт диний экстремисттик көз караштагы радикал уюмдар эми аймактагы өлкөлөрдө баш көтөрө башташы ыктымал деп кооптонот:

- Эгер агым азайган болсо, бул токтоду деген кеп эмес. Алар баары бир аймактын өзүндө активдеше бериши ыктымал. Анткени, алар өздөрүнүн жамааттарынын ичинде, элдин ичинде иштерин жүргүзүүнү улантышат. Кыргызстанда жаштар барган сайын улам бир радикал уюмдарга аралашып кетип жатканы жашыруун эмес. Өзгөчө бул экономикалык кризис, кырдаалдын курчушу, жумушсуздук, коррупциянын күчөшүнүн фонунда дагы күч алышы ыктымал. Акыйкаттык жана колдоо издеген жаштар кайсы бир радикал уюмдардын курмандыгы болуп калуусу толук ыктымал.

Кадыр Маликов Сирия, Ирактан алсыраган террорчулар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга таасир көрсөтүүгө аракеттенишет, бул жыл өткөн сайын күч алуусу мүмкүн деп белгилейт.

Эксперттер азыртадан террорчулукту көздөгөн диний-экстремисттик көз караштагы топтордун күч алып кетүүсүнүн алдын алуу зарылчылыгын сунушташат. Мисалы, 2011-жылы Казакстандын Тараз шаарында “жихадды жактайт” деп шектелген Максут Кареев жети күч кызматкерин өлтүрүп, үчөөнү жарадар кылган. Кыргызстанда өткөн жылы ноябрь айында түрмөдөн качып чыккан, “экстремист” деп шектелген Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда эки киши өлүп, бирөө жаракат алган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG