Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Айтматовго таазим


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Бүгүн улуу Айтматов жарык дүйнөгө келген келген күн. Бүгүн адабият күнү. “Алиби”, “Кыргыз туусу” гезиттери Чыңгыз Айтматовду эскерген макалаларга орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити “12-декабрда Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген” деген баштема менен жаңы санын ачып, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун эскерүүсүн жарыялады. Ушул эле санда “Имарат-Строй” акционердик курулуш компаниясынын президенти, республиканын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев Кочкор районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына жана ооруктун ардагерлерине, бардыгы 34 адамга “Кыргыз туусу” гезитин жаздырып берген жардамын кабарлады. Бул санда ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин Араб Эмираттарындагы сапары жакшы болгонун маалымдаган макалалар бар.

“Фабула” гезитинде Баратбай Аракеевдин “Жүз киши жана кыргыз” деген баяны уланууда. Жүздүн бүгүнкү каармандары буга чейин бир дагы илимий даражасы жок, бирок адабият илимине кагаз докторлордун жүзүнөн артык эмгек кылган Омор Сооронов, экономика министри Темир Сариев, милийса болуп жүрүп мыкты ырларды жазган генерал Бактыбек Жусубалиев, артисттердин анабашында турган таланттуу актер Марат Алышпаев болду. Ушул эле санга депутат Мамытбек Салымбековдун “Төрт эле министрликти калтырып, калганын бүт жоюп салыш керек” деген ат менен маеги басылды. Жангороз Эсенгелдиевдин “Кумтөрдү улутташтыруу - Кыргызстан элине каршы диверсиябы?” деген макаласы бар.

“Жаңы агым” гезити бул санына журналист Олжобай Шакирдин “Ажобуздун Араб өлкөлөрүндөгү авантюрасы” деген макаласын тартуулады. Олжобай Шакир макаласында президент Алмазбек Атамбаевдин Араб өлкөлөрүндөгү иш сапарында күлкү келтире турган жагдайлар көп болгонун, бирок ал күлкүсүн араң тыйып олтурганын, тилемчи болуп барганына уялганын, азыркы бийликтин тушунда журналисттер чындыктын тили менен сүйлөөдөн ажырап калганын, өзү да ашка жүк, башка жүк болуп барып келгенин, чынында алгылыктуу келишимдерге кол коюлганын, сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок өз деңгээлинде болбой калганын сынга алды.

“Де-факто” гезитинде диний эксперт Кадыр Маликовдун “Сирияга кетип жаткандарды күч менен токтотуу мүмкүн эмес” деген ат менен интервьюсу басылды. Ал Кыргызстандагы диний абалды сүрөттөп, бул жагынан жаш мамлекет катары жаңыдан калыптанып жаңы басып келаткан балага окшоп турганыбызды, диний абалыбыз да ушундай экенин, эми мындан ары эл кийинки президент ким боло турганын ойлоно баштаарын, Москва болсо Кыргызстанга өзүнө ылайык адамды ушу баштан даярдаганга кам көрөрүн, мечит менен медреселердин көптүгүнөн коркпош керектигин, андан көрө аны талапка ылайык, сапаттуу куруу керектигин айтты.

Бул санда таланттуу эссеист Данияр Исановдун “Эсселери” да жарыяланды.

“Айбат” гезити Бириккен Араб Эмираттарында кылмыш дүйнөсүнүн лидери Алманбет Анапияев камакка алынганын, бул тууралуу Кыргызстандын күч органдары “24.кg” маалымат агенттигине ырастап, Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун талабы менен кармалган Анапияев учурда камакта олтурганын кабарлады. Ошону менен бирге Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун мурдагы директору А. Байсалов депутат Урмат Аманбаева ушул борбордо башкы бухгалтер болуп туруп биргелешип кылмыш ишине барган деп шектелип, кылмыш иши козголуп, камакка алынып, анан кайра үй абагына чыгарылганын, анан Байсаловдун өз үйүндө асылып өлүп калган денеси табылганын, бул боюнча иликтөө иштери башталганын жазып чыкты. “Айбаттын” бул санынан сиздер журналисттер Азизбек Келдибеков менен Каныбек Сапаровдун “Эсепчи Эсенбай же Чоң чарык уруусунун таралышы” деген макаласынын корутунду бөлүгүн окуйсуздар.

“Алиби” гезити бул чыгарылышын “Ааламдын алп жазуучусу Айтматовго таазим” деген баштема менен ачып, “Айтматов атындагы клубдун” мүчөсү Сатынды Самыкбаевдин “Слово в память о Кыргызском Сократе” деген ат менен орус тилдүү макаласын тартуулады. Акын - жазуучуларга басым жасаган “Алиби” айтылуу акын Меңди Мамазаированын маегинин уландысын, Үмөталы төкмө жөнүндө бир тилим маалыматты, Таласта Семетейдин атын алып жүргөн театрдын кейпи кетип олтуруп бүгүн сүлдөрү эле калганын маалымдаган кабарды, Токтогулдун керемет дүйнөсү эми Азербайжанды аралап кеткени жөнүндө баянды жана Бабырбек Жээнбековдун баш сөзүнө татыган таланттуу акын Тургунбек Бекболотовдун жаңы ырларын жарыялады.

XS
SM
MD
LG