Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:45

Тарыхты сагыздай чойгондо...


 Сын түгүл жазаны да тоотпогондор тууралуу Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.06.2011.
Сын түгүл жазаны да тоотпогондор тууралуу Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.06.2011.

Дүйнө тарыхы менен кыргыз тарыхын дилетанттык унга жууруп чагылдыргандан кызык жана күлкүлүү эмне бар?

Азыркы цензура жок кылынган чакта койчудан геологго чейин, ашпоздон алхимия академигине чейин, жети класстык билими барлардан жети дипломго ээ болгон эргулдарга чейин көөнө тарыхтын уңкул-чуңкулун өз алдынча казып, чоң “ачылыштарды” жаратышты. Кесиби тарых адистигин алгандардын көздөрү чекчейип, улам бир “ачылышка” карк болуп, обочодо эле аңкайып отуруп калышты.

Эмесе, ошондой жаңы “табылгалардан” четинен чуурултуп баяндап өтөлүк:

* Адам Атанын өзү нагыз кыргыз болуптур. Анын уруусу жаңы санжыраларда такталып берилмекчи.

* Жаңы таш доорунда (неолит мезгилинде) эле кыргыздар жашаган. Ал кезде жазма ойлоп табыла элек болгондуктан, кыргыз тили сүрөт аркылуу гана чагылдырылып калган деп койолук.

* Кытайдын мындан 5 миң жыл илгери ойлоп табылган иероглифтик жазмасынын чыныгы ээси – кыргыздар экен. Негедир муну ханзулар мойнуна алгысы келбей жатыптыр деп том-том кылып жазалык.

* Шумерлер, чын-чынында, кыргыздан бөлүнүп кеткен “шум-эр” уругунун урпактары болгон. Шынаа сымал жазманы дал ушул кыргыздар ойлоп тапкан. Кыргыздын дагы бир “шиб-эр” уругунан Шибер, Сибир жер аталышы мурасталып калды десек өзүбүзгө жарашат.

* Македондук Александр (же Искендер Кош Мүйүздүү) Арстанбап токоюна чейин келип, бир кыргыз багбандан жапайы жаңгактын уругун сатып алыптыр, анан европалыктар муну "грек жаңгагы" деп атап калыптыр деп жаза берсек, туристтер жергебизге самсыйт. Мунусу аз келсе, Санта Клаустардын жайкы үңкүрү биздин бийик тоолордо болчу деп чыгалык.

* Аттила (Атилла) – нагыз кыргыз болгон. Негедир латынча жазма булактары бул чындыкты жашырып коюшкан экен дейлик.

* Байыркы кыргыздар ислам динине Мукамбет пайгамбар төрөлө электе эле кирип алышкан, деп тарыхка жаза салалык.

* Тиги дүйнөдөн калмак ырчысы Жайсаңдын Бүбү Майрамга аста-секин шыбырап жөнөткөн маалыматына караганда, Манас б.з. 670-жылы августта туулган экен. Бул жоромолду окуу китептерге шыкап киргизсек калайык ишенип калаар. Чын эле ошол Бүбү Майрам менен Шакин Эсенкулов жазган Манас Кытайдын борбор шаары боло элек Бээжин калаасын VIII кылымда чапкан экен (ал кезде Чаныан шаары ордо шаар болгон эмеспи), бирок Танчао сулалесинин “хан сарай тарыхчылары Кытай үчүн жагымсыз болгон бул окуяны жылнаамаларга таптакыр киргизбей коюшуптур” деп жоруп салалык.

* Руна сымал жазманы жалаң гана кыргыздар колдонгон деп мыйзам чыгарганга далаалат кылалык.

* Кара кытайлар (кытаңдар) кыргызды чапканы маалым. Буга карабастан, кытаңды да кыргыздын бир уруусу деп жазышыбыз керек. Кара кытайдын бир бөлүгү кыргыздашканы калппы!

* Чыңгыз хандын чоң чоң энеси Алангоа бир белгисиз кишиден никесиз үч уул көрүп, акыры алардын биринин урпагы Темучин Ички Азияда улуу хан болуп калган. Бул никесиз туулган баланын атасы кыргыз эле болуш керек деп жоромол кылалык. 1224-25-жылдары Хирхира жергесинде табылган текст нагыз монголчо жазылган: “Чинггис кан-и сартаГул ирген дакулиджу баГуджу хамуг МОНГОЛ улус ун арад и Буга Сочигай хуригсан тур Есунке КонГодорун Гурбан жаГуд Гучин табун алда тур онтудлу Га”. Эсункеге арналган ушул таш жазманын жана башка тексттердин монголчо жазылганына көз жумду кылалык, алардын тексттери кыргыз тилинин азырынча чечмелене элек диалектинде жазылган деп жар салалык.

* Эмир Темирди деле кыргыз деп жарыялап койолу. “Манас” дастанындагы Темирканды ошол эмир болчу деп көрсөтөлүк.

* Мухаммед Кыргызды Тагай бийдин өзү болчу деп эски жоромолго жан киргизе салалык.

* Кыргыздар XVI кылымда гана эл болуп жаралган деген эски совет этнографтарынын калпыс түшүнүгүн жантыгыбыздан жатып алып коргой берелик.

* Өз өрөөнүбүздөгү “баатыр” делгендин баарын “калмакка каршы согушуп, ар бири 30 миңдей калмакты сайып өлтүргөн” деген маалыматты санжырага таянымыш болуп макала-китептерге жайнатып жазсак, улам кайталана берсе, анан чет-четинен аларга айкел тургуза берсек, калайык жаңы жомогубузга ишене баштайт.

* Ысык-Көлдө тогуз аке болгон экен деп жазып, жок дегенде сегизинчисине өз бабабыздын атын кыстара кетелик.

* “Орусияга ыктыярыбыз менен кошулганбыз” деген усубалиевдик жомокту уланталык. Жангарач Чүйдөн Таласка кымыз уулап эле көчүп кеткен, Балбай баатыр Верныйда абакта эмес, курортто өлгөн, Үмөтаалы Ормон уулу менен Осмон датка Тайлак уулу орус аскерине каршы күрөшпөстөн, кийик уулайбыз деп Кашкарга ооп кеткен учурлары болгон, Абдылдабек Ооганстанга жаңы жайыт издеп тынч эле көчкөн, деп баарын жымсалдайлык.

* “Айланайын Илелин келгиче элибизде жазма тарыхыбыз эч болбоптур, жанагы Молдо Кылыч, Эшенаалы, Осмонаалы, Молдо Нияздар жана башка молдолор арап тамгасында чет тилдерде эле жазышыптыр”, - деп чыр салалык. Илелиндин өзүн да эдилдик кыргыздардын жээни болчу деп жазалык.

* Чоң жомокчулар Тыныбек, Сагынбай менен Саякбайдын варианттарын ырасмий түрдө жерип, Бүбү Майрамдын жеке өзүнүн жана санаалаштарынын улам бир тоо-ташка сыйынган жоруктары да камтылган жана эч качан оозеки айтылбаган эпостук вариантын “шедевир” деп жарыялайлык.

* 1916-жылкы көтөрүлүш маалында чыккынчылык кылгандарды деле “элди сактаган баатырлар” деп даңазалай берелик.

* Бишкектеги райондордун биринен Свердлов аталышын алып салыштын ордуна, Яков Свердловдун атасы Михаил Израилевич, чын чынында, “Төмөнкү Новгородго барып туруп калган эдилдик кыргыз болчу” десек маселе бүтөт да, калат!

* Монголиянын лидерлеринин бири Жамбын Батмунх (Батмөнх) Убсунор аймагындагы Хыргыс сомонунда туулганы чын; аны деле кыргыз болчу деп жазсак, кагазыбызга жарашып калчудай.

* Адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси Боб Дилан мырза өз таянеси кыз кезинде “Кыргыз” тегатында (фамилиясында) болгонун, Түркиянын Кагызманлылар жергесинен чыкканын жазып чыкты. Эми кыргыз санжырачылар чыгышка да жүз буруп, Жэки Чандын чыныгы тек-жайынан бир жаңылык ачуу үчүн шымалана киришти. Жакшы жаңылык болуп калгысы бардыр, тарых үчүн!!!

XS
SM
MD
LG