Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Студенттик азилдер: жаңы шиңгил


Кара мышык! Kimbaike. 23.7.2011.
Кара мышык! Kimbaike. 23.7.2011.

Студенттер сынак да тапшыра билишет, азил да айтышат.

* * * * * * *

Кыргыз филологиясы факультетинин студенти сынакта жооп берүүдө.

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан кайсынысын окудуң?

- “Кош бол, Гүлсары!” поэмасын.

- Болуптур, аны поэма дейли. Анда эмне тууралуу сөз болот?

- Баланын Гүлсары деген сүйгөн кызы өлүп калат экен, агай!

* * * * * * *

Бир америкалык университетке кыргыз, британдык, немис студенттер алты айга жиберилет. Аларга тапшырма берилет, анан алты айдан соң жазгандарын тапшырууга чакырышат.

Британдык студент “Пауэр пойнт” программасына жазылган санариптик ишин көрсөтүп кутулат.

Немис студент эки томдук ишин көрсөтүп кутулат.

Кыргыз студент баягы шылтоосун айтат:

- Кечээ ишти бүтүрөйүн десем, таякемдин баласынын тою болуп калып, кызмат кылып бошобой калдым, урматтуу профессор!

* * * * * * *

Жогорку технологиялык университеттин студенти келе жатса, сейил бактагы отургучта мехматтын студенти уктап жатыптыр. “Талаа теориясы” деген китеп отургучтун алдына түшүп калыптыр.

Тигил студент жердеги китепти алып, уктап жатканды ойготот дейт:

- Эй, агроном! Ойгон, сынакка даярдан!

* * * * * * *

Эки студент өз ара кобурашып калыптыр:

- Сен буга чейин канча сынактан куладың?

- Эртеңкини кошсом, бешөө болот.

* * * * * * *

Австриялык атактуу химик Адольф Франк сынакта “чабак уруп” чыга албай жаткан студентке айтыптыр:

- Сиз укмуштуудай тапкыч жана зээндүү экенсиз! Жанатан бери бир аз эле сөзгө дөөрүгөн маанини ушунчалык көп камтып айтууга жетиштиңиз!

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG