Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Борбордук Азия чөлкөмүнүн күлкүсү


Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов элесепет тебүүдө. 03.8.2013.
Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов элесепет тебүүдө. 03.8.2013.

Авторитардык режимдердин туткунунда калган бир катар борбордук азиялык мамлекеттерде жергиликтүү калайык мурдагы совет доорундагыдай эле күлкү менен өздөрүнүн саясий режимдерин шакаба кылып келишет.

* * * * * * *

Ашыгабат аба майданы. Долбоор. 08.8.2012.
Ашыгабат аба майданы. Долбоор. 08.8.2012.

Ашыгабатта эл аралык аба майданынын имараты эбегейсиз зор шумкардын кебетесинде тургузулду.

- Башка куштарды тим кой, биздин шумкар да жерден көтөрүлө албайт, анткени ага Түркмөнбашы уруксат кылбайт, - дешет жергиликтүү такмазачылар.

* * * * * * *

- Эмир Темирдин жаңы айкелинин долбоору эмнеге четке кагылыптыр?

- Ал долбоордогу эмирдин сүрөтү Журтбашыныкына окшобой калган үчүн...

* * * * * * *

- Эмне үчүн түркмөн президентинин эн тамгасындагы бүркүт беш баштуу?

- Анткени ал орустун эки баштуу бүркүтүнө караганда эки жарым эсе акылдуу.

* * * * * * *

Самаркандын четинде эч машине жок зеригип турган МАИчи бир эшек арабачан карыяны токтотот:

- Сиз эшегиңизди камчы менен чапканыңыз үчүн мынча сум төлөйсүз.

- Эмнеге?

- Айбандар, анын ичинде шалпаң кулактар да, биздин кайырымдуу болушубузду күтөт, алар да биздей эле, алар да бизге бир тууган.

- Болуптур, анда.

Акчалай жаза төлөгөн соң, карыя эшегинин кулагына нааразы боло шыбырайт экен:

- Ушу сен, Шалпаң кулак, жөн жүрбөйсүң! Эми МАИден да тууган таба калганыңды карачы!

* * * * * * *

- Тажикстандагы мурдагы Чкалов шаары эми Бустон болуп кайра аталды.

- Чоң катачылык кетип калыптыр?

- Эмнеге?

- Бостон – кыргыз уруусунун аты да!

* * * * * * *

Конституциянын 5-беренеси: «Учурдагы президент өмүр бою бийликте болууга акылуу».

Конституциялык сот: «Баш мыйзамдын 5-беренесиндеги «өмүр бою» сөзү «түбөлүккө» деген сөзгө алмаштырылсын!»

* * * * * * *

- Жапондордун караоке дегени бизден, казактардан, алыныптыр!

- Ал эмнени билдирет экен?

- Ырдагың келеби? Анда сен КАРА жана ОКУ! Чогуу айтканда «караоке».

* * * * * * *

- Опе-ей, Сара! Терезени карасаңчы! Биз, эмне, Алатауну да сатып ийдикпи?

- Жок, жаным, Нуракем! Биз азыр Алматыда эмес, Астанадабыз гой.

* * * * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG