Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Кемине, азилиң курч эмнеге?


Кеминенин Ашгабаттагы айкели. 21.2.2012.
Кеминенин Ашгабаттагы айкели. 21.2.2012.

Түркмөн элинин XVIII к. акыры - XIX кк. биринчи жарымындагы акыны жана сатириги Кемине (Мамметвали; латынча Mämmetweli), (болжол менен 1770—1840) калтырган куйкум сөз мурасы азыр да түркмөндөрдү эркин сөздүн ыракатына батырат.

* * * * * * *

Анын көңүлүнө эч тийбедик

Кемине өмүр бою жакырчылыкта жашап келди. Бир күнү уулу андан сурап калды:

- Ата, сиз баары жоктун баарын билесиз. Деги эмне үчүн жакырдык бизден кетпей койду, ошону айтсаңыз?

- Эмне үчүн ал бизден кетиши керек, уулум? Сен таалим алып окуп жатасың. Энең айкөл жан, мен деле колумда болгонду калайык менен бөлүшүүгө тырышып келем. Ушундай жагдайда биз өзүбүздөн кетип калгыдай кылып жакырчылыктын көөнүнө тийген эч иш жасаган жокпуз да!

* * * * * * *

Сен деле алып калчы!

Хивада соодадан жолу болгон соодагер бир жолу Кеминеге бир төөгө артылган жүктү белекке берет экен. Кемине төөнү үйүнө чейин жетелеп келип, айылдагыларга кыйкырыптыр:

- Ой, эл-журт, келип каалаганыңарды алып кеткиле!

Дароо чогула калган калайык товардын бардыгын бир заматта талап кетиптир.

Андан соң Кемине байбичесине каадаланып кыйкырып койот экен:

- Сен да келип өз үлүшүңдү алып калсаңчы!..

* * * * * * *

Буудай десе эле чыга калат!

Кечкурун жубаайы Кеминеден отун жаруусун өтүнөт. Ал отунду бир чапканда эле балтанын башы алда-кайда ыргып кетет. Көз байланып калгандыктан, аны эч таба албай, Кемине сүйлөнөт:

- Кудай өзү келип табышып берсе кана!.. Атаганат, балтанын башы табылса, ага буудайдан үлүштөп берет элем...

Капысынан анын колуна балтанын башы урунат:

- О-о Кудай! Өзүңдү өзүң карасаң боло! “Буудай берем десем” дароо эле жоголгонду таптырат экенсиң! – деп Кемине күбүрөнүптүр.

* * * * * * *

Азыр колум бош кез...

Бир күнү Кемине коңшуларынын көзүнчө жубайын ачуу сөздөр менен урушуп калат.

- Бечара жубайың эмне күнөө кылды? – деп коңшулар андан сурашат экен.

- Ой, мунун бүлдүрбөй турганы жок! Эртең ал кудуктан суу ташып жатып кумарабызды сындырып алган жатат! Эртең болсо менин башка иштерим чачтан көп, ошондуктан колум бош кезде урушуп алайын деп жатам!

* * * * * * *

Кеминенин элесине арналып чыгарылган алтын 1000 манат. 2003.
Кеминенин элесине арналып чыгарылган алтын 1000 манат. 2003.

Өзүнүн өтүн алабыз!

Түшүм жыйымга чейин үч ай калганда, кара басып, Кеминенин үйүндө жегенге бир кочуш дан да калбаптыр. Кемин уулун ээрчитип алып, байга барыптыр да, карызга дан эгин сураптыр. Башка да карызга ун же дан эгин сурап келген бечаралардын бардыгын каалашынча эзип, андан соң анча-мынча буудай же арпа берген бай Кеминени да кыйла жүдөтөт.

- Сага бербейм. Чычкак улагың да жок, төлөй албайсың, - дейт бай Кеминеге.

- Айланайын, мага эки батман эгин берсең жетет, күзүндө аны төрт батман кылып кайтарам.

- Болуптур, анда.

Жолдо кайтып келатып уулу атасына кайрылат:

- Ата, бул бай тим эле өтүбүздү алгандай болду го, ээ?

- Шашпа, уулум, күзүндө бай карызды кайтарам деп келгенде, ага сонунду гана көрсөтөбүз! – деп Кемине каткырыптыр.

* * * * * * *

ТЧ.

Булак: http://www.e-reading.club/book.php?book=143792

XS
SM
MD
LG