Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Өзбек аскиялары – куйкумдуу сатира талаасы


Заманбап өзбек карикатураларынан. 31.3.2016.
Заманбап өзбек карикатураларынан. 31.3.2016.

Кыргыздар менен казактар ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине айтыш өнөрүн каттатышса, 2014-жылы өзбек боордоштор ушул көөнөргүс мурастар тизмесине аскияларын каттатууга жетишти. Келиңиздер, алардын аскияга катылган күлкүсүнө да ортоктош бололук.

* * * * * * *

Эй, Муратжан, сени кошунабыз ашарга (өзбекче: “хашар”) чакырса, казанынын жанынан чыкпай, “аш ашамакка” (өзбекче: “ашар”) барып алыпсың го?

* * * * * * *

- Бизде эки пахтакор бар. Бири – пахта жыйымы маалында өз жагына таштарды эптеп киргизет, экинчиси – футбол оюнунда өз дарбазасына голдорду көптөп киргизет.

(Ара-чолодо шылуун пахтачыны да, “Пахтакор” футбол командасын да шакабалаган учур).

Ташкендеги ички каттоо эрежесин сындаган азил сүрөт. 2016.
Ташкендеги ички каттоо эрежесин сындаган азил сүрөт. 2016.

* * * * * * *

Түшүмсүз калып чачыңды жулгуча, учурунда отоо чөп жулсаң болмок!

* * * * * * *

- Келгиле, көркөм филмдер тууралуу сөз кылалык. Кечээ мен сонун тасма көрдүм. Анын аталышы – “Төрт танкист жана Махамматжан”.

* * * * * * *

- Бул депутаттыкка талапкерге менин итим да добуш бербейт!

* * * * * * *

- Эшегиңди эмнеге башка-көзгө чапкылап атасың? Бул үчүн мыйзам алдында жооп берип каласың!

- Эшегим, кенчирип койчу! Сенин мыйзамды жакшы билген жакының бар экенин курган жаным кайдан билипмин!

* * * * * * *

Ой досум, алтын арабаңды шайтан араба сүзүп алыптыр го?

(Досу айдаган инкассатордук машинени троллейбус сүзүп алгандагы сөз).

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG