Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Фаина Раневскаянын учкул сөздөрү


Фаина Георгиевна Раневская, 1961-жыл.
Фаина Георгиевна Раневская, 1961-жыл.

Фаина Георгиевна (Григорьевна) Раневская (төрөлгөндөгү тегаты – Фаина Гиршевна Фельдман; 1896-жылдын 27-августу (15-августу), Таганрог, Орусия – 1984-жылдын 19-июлу, Москва, СССР) – орус жана совет театр жана кино өнөрпозу, СССР Эл артисти, ылакап сөздөрү менен атыккан айым. Анын айрым чукугундай тапкан сөздөрүнөн бир шиңгил.



* * * * * * *

Тийешем болбосо деле мага Марк Твен, Бернард Шоу, Тристан Бернар, Константин Мелихан сыяктуу авторлорго жана ал түгүл Эзоп менен Аристотелге таандык сөздөрдү “жамай” беришет. Албетте, буга мен компоюп калам. Ошондуктан мен бул авторлорго да ыраазылык билдирем, өзгөчө Аристотел менен Эзопко ыраазымын.

* * * * * * *

Маскөөдө көчөгө энеден туума болуп чыксаң да эч ким карабайт. Одессада менин чыт көйнөгүм көзгө түшсө, жамы журтту эстен тандырат: бул тууралуу чачтарачта, тиш доктурда, трамвайда, үйдө дасторкон четинде кызуу талкуулашат. Алардын баары менин ушунчалык “сараң” экенимден сөз кылышат. Анткени жакырдыкка эч ким ишенбейт эмеспи. (1949-жыл).

* * * * * * *

Кишинин паспорту – анын балаасы. Анткени киши дайыма 18 жашта болушу керек. Паспорт болсо сен бир кездеги 18иңдегидей жашай ала турганыңды эске салып турат.

* * * * * * *

- Фаина Георгиевна, сиз менин жаңы пьесамдын премьерасына келе албай калганыңыз абдан өкүнүчтүү болбодубу, - деп Виктор Розов мактана кетти. – Кишилер тим эле кассага үйүлүп, уруш-талаш болуп кетпедиби!
- А, анан акыры эмне менен бүттү? Элдин баары кайра өз акчасын кайтарып алууга жетишиптирби? – деп Раневская тамашалаптыр.

* * * * * * *

Раневскаядан карыз сураган бирөө:
- Сиз тим эле айкөл кишисиз го, өтүнүчүмдү четке какпайсыз го?
- Менин ичимде эки киши отурат, - дептир Фаина Георгиевна. – Анын айкөлү дайыма макул дей берет, бирок бүгүнкү нөөмөттө анысы эмес, берки четке кага берчүсү отуруп алыптыр, саат басып.

* * * * * * *

"Сикстин мадоннасы" сүрөтүн шыкаалап караган өтө кооз кийинген эки айымдын бири экинчисине кайрылыптыр.
- Эмнеге эле ушуну көрөбүз деп акылдан адашып калышат, таптакыр түшүнүксүз...
Алардын жанынан өтүп бараткан Фаина Раневская жооп кайтарбай койо алган жок:
- Сүйкүмдүү жаным! Бул айым адамзатты ушунчалык көп кылым бою шыктандырып келген экен, эми бул айым кимге таасир калтыраарын өзү чече ала турганга акылуу болуп калды го дейм.

* * * * * * *

- Сиз, Фаина Георгиевна, тозокко түшүүнү каалайсызбы, же бейишкеби? – деп Раневскаядан сурап калышат.
- Албетте, климаттык жактан алганда, бейиш эле туура го, бирок шапар тепкен тели-теңтушту алганда, мага тозок эле көңүлгө төп жай го дейм.

* * * * * * *

Раневская кабагы салаңкы жүрүп калат. Андан себебин сурашса:
- Бермет шурумду уурдап кетишпедиби, - дептир.
- Ал шуруңдун көрүнүшү кандай эле?
- Тим эле нагыз берметтей болчу...

* * * * * * *

- Сиздин оюңузча, эркек акылдуубу, же аялзатыбы? – деп Раневскаядан сурап калышат.
- Албетте, аялдар акылдуу. Силер эркектин буту кооз экен деп акылынан адашып чуркаган жок дегенде эле бир аялды учураттыңар беле?

* * * * * * *

- Мен пьесанын биринчи бөлүмүндө тагынчу шуру нагыз берметтен болсун! – деп бир жаш актриса чыр салыптыр.
- Албетте, бардыгы нагыз болот, — деп аны Раневская сооротот дейт. — Бардыгы нагыз болот, нагыз бермет – биринчи бөлүмдө, нагыз уу зат – акыркы бөлүмдө.


* * * * * * *

- Мен кечээ Баланчаевдердикине барып, эки саат ырдап бербедимби, - деп бир ырчы мактанса, Раневская жооп кайтарыптыр:
- Ошолордун эсебин гана тапкан экенсиң. Мага да Баланчаевдер эч жакпайт!

* * * * * * *


(Ар кыл интернет барактардан жыйнап, кыргызчага которгон – Тынчтыкбек Чоротегин).
XS
SM
MD
LG