Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Астаналык боордоштор күлдүрөт




* * * * * * * *

Өлкөдө ЖОЖдорго кабыл алуу жарыяланат:

Улуу Урматтуунун атындагы Башкаруу Университетине кабыл алуу жарыяланат.
Адистиктер:
- Ар кыл даражадагы паракор-коррупциячы (санжырасына ылайык катталат)
- Чыныгы көшөкөр (болочокто карьеризм адистигине которула алат)
- Атайын факултет: Үй-бүлөнү, уруучулдукту бийликте калыптандыруу

Эт өнөр жайы институтуна кабыл алуу жарыяланат.
Адистиктер:
- Бешбармак теориясы
- Сорпо таануу, казы-карта таануу
- Кымыз менен коондун бири-бирине таасирин иликтөө

Тийешелүү документтерден тышкары жашыл кагаз алып келүү же таанышын ээрчитип келүү талап кылынат.

* * * * * * * *

Жаңы казак тээ Нью-Йоркто бир таксини токтотуп:
- Мени Самал микрорайонуна жеткирип койчу, - дейт.
- Мындай район бул шаарда жок.
- Миң доллар берем!
- Апенди го, мындай район бул жакта жок дейм!
- Жүз миң доллар берем!
- Сизди Самал микрорайонуна Ленин көчөсү аркылуу жеткирейинби, же Фурманов көчөсү аркылуубу?


* * * * * * * *


Орусиянын бажы кызматкеринен сурашыптыр:
- Сизге Ауди сатып алуу үчүн канча убакыт иштөөгө туура келет?
Саал ойлоно калып, орус бажычысы жооп узатыптыр:
- Эми, менимче, бир ай жетишет ко.
Ошол эле суроого украин бажы кызматкери минтип жооп бериптир:
- Сыягы, үч ай катуу иштеш керек болот ко.
Сурамжылагандар чек арадагы казак бажы кызматкерине да алиги суроону узатышыптыр:
- Аудини сатып алуу үчүн сиз канча убакыт мээнет тер төгүшүңүз керек?
Казак бажычысы чекесин тырыштырып ичинен санап туруп:
- Бир жыл.
- Кантип эле ушундай болсун, Орус бажычысы бир айда, украин бажычысы үч айда жетиштүү акча табам деп айтып жатышпайбы!
- Аларыңдын акыбалын билбейт экем. Негизи, “Audi” компаниясы өтө эле үлкөн (чоң) эмеспи. Он эки ай керек го...

* * * * * * * *

Алюминий ишканасынын деректири өзүнүн орун басарын чакырып мындай дейт:
- Мына, ийгилик деген ушу! Бир жыл мурда карапайым жумушчу болуп орноштуң эле. Үч айдан соң мастер болдуң. Жарым жылдан соң цехти башкарып калдың. Эми менин орун басардыгыма жеттиң.
- Ата, мындай тийишкен азил сөздү коюңузчу!


* * * * * * * *

TT.
XS
SM
MD
LG