Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Инаш Азим: саясий азилдерибиз арбын


Инаш Азим заманбап кыргыз юморун иликтеген жана интернетте ырааттуу жарыялаган жигиттердин бири. Анын табылгаларынын айрымдарын окуп койсок...

Өмүкө Баракка жеңилбептир


"Ата Мекен" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев менен АКШ президенти Барак Обама шахмат ойноп атат дейт.

Текебаев амал кылып өз "баатырларынын" бирин жылдырат.
Анда Обама чыйпылдап:
- Мындай жүргөнгө болбойт, ханыңды (королуңду) жеп коём!
- Бизде хан жок да, - дейт Текебаев.
- Анда президентиңерди жеп коём.
- Жесең жей бер, мен өлкөнү "парламенттик жумурият" деп жарыялайм да, андан ары ойной берем!..

* * * * *

Баатыр куштар "парады"

Батальонго генерал келет. Ага мыкты жоокерлерди көрсөтүп атышат.
- Соколов!
- Шумкар! - дейт генерал.
- Орлов!
- Бүркүт! - дейт генерал.
- Таранчиев!
- Бу да эргул чымчык! - дейт генерал.

* * * * *

Картага кетти Каркыра!

Назарбаев менен Бакиев арак ичип, карта ойноп атышат дейт.
Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты уттуруп жиберген Кукең чөнтөгүн кагынып туруп жөнөйт. Анда Нуракең тигини этектен кармап:
- Кайда шашасың, Каркыранын бир өңүрүн кошо сайдым деп бакылдадың беле?...



* * * * *

Азыркынын жомогу

- Чоң ата, мага "илгери-и, илгери..." деп жомок айтып берчи!..
- Э-э, көлөкөм! Азыркынын жомогу "эгерде мен депутат болуп шайланып калсам..." деп башталат!
XS
SM
MD
LG