Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Крым “ойготкон” азилдер


"Москоу Таймс" (The Moscow Times) басылмасы жарыялаган карикатурада оңдогу каалгада "Тыңчылар үчүн гана" деп жазылган. 2012.
"Москоу Таймс" (The Moscow Times) басылмасы жарыялаган карикатурада оңдогу каалгада "Тыңчылар үчүн гана" деп жазылган. 2012.

Украинанын бөлүгү болгон Крымдын Орусияга каратылышынан соң интернетте жайнап кеткен анекдоттордун бир шиңгили.




* * * * * * *

ИТАР-ТАССтын кабардашынча, Орусиянын президенти Путин Крым окуяларынан кийин АКШ, Жапония, Германия, Италия, Канада, Улуу Британия жана Францияны “Чоң Сегиздикке” (G8) мүчөлүктөн чыгарып салды жана бул өлкөлөрдүн лидерлерине G8 Сочиде өткөрө турган саммитке келүүгө тыйуу салды.

* * * * * * *

- Дима, мага Крымда жакшынакай дача белендеп коюшту.
- Володя, чет өлкөлөрдө кыймылсыз мүлк сатып алууга тыйуу бар эмеспи. Мамдума ушундай мыйзам кабыл алып койбоду беле.
- Муну караштырып көрүүгө болот.
- Мен эми Мамдумага чалып, бул мыйзамды кечеңдетүү жагын караштыргыла десемби?
- Сен көп эле тынчсыздана бербесеңчи. Деги, кайсы жүйөө менен Крымды чет өлкө жери деп карап жатабыз?

* * * * * * *

- Жаңылыктардан окудум: Крым окуяларынан кийин Украина орусиялык автоунааларды сатып алуудан баш тартууну чечиптир.
- Кызык го? Орусиялыктар өздөрү бул унаалардан эчак эле баш тартышкан эмеспи!

* * * * * * *

- Владимир Владимирович, эки жаңылык бар.
- Оболу жакшысынан баштачы.
- Европа менен Америка биз менен визасы жок режимди киргизүүдөн баш тартышты. Эми алар жакка өзүбүзгө керек атуулдарды оңой-олтоң алдырып жибере албайбыз.
- Ушунуң – жакшы кабар беле?! А жаман кабар дегениңчи?
- Э-э... Кытай бизге карата визасыз режимди жарыялап койду...


* * * * * * *

Путиндин көрөр көзү өзүнүн курбусуна даттаныптыр:
- Мен ага крем, крем керек десем, “Крым” деп чала угуп калган окшойт. Эми “коляска” десем, “Аляска” деп каңырыш угуп алса эмне болот?..

* * * * * * *

TT.
XS
SM
MD
LG