Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Чыгыш европалыктардын саясий күлкүсү





* * * * * * *

Путин Орусиянын калк санын кантип 154 миллионго жеткирүүнүн дурус амалын тапты: эми Чуров БШКдан Мамстаткомду жетектөөгө которулат.

* * * * * * *

Айың кептерге караганда, шайлоодон кийин Орусиянын гербиндеги кош баштын бири алынып салынмакчы.

* * * * * * *



Грек президенти оор экономикалык кырдаалда элин колдоо үчүн маянасынан баш тартты. Янукович болсо дал ушундай эле мүдөөнү көздөп, өзүнүн шайлоого чейинки убадаларынын баарынан баш тартты.

* * * * * * *


Шайлоонун ирегесинде президенттикке талапкер Путин орусиялык бийчилер менен кезигишип, өлкөдө тартип орнотууну көздөп жатканын билдирди.
Бийчилер болсо өз кезегинде «буга чейинки 12 жыл ичинде ушул убадага жетишүүгө ага эмнелер жолтоо болду экен?» деген суроого кызыгышты.

* * * * * * *


Депутаттардын көзгө комсоо эптеп-септеп жүргөн мушташы мындан ары алда канча сапаттуу жана калайыкты өзүнө тарткан окуяга айлансын үчүн орус жана укранин парламенттерине акырындап чыныгы боксчулар мүчөлүккө тартылууда.

* * * * * * *

Армян радиосунан сурашыптыр:
- «Эмне үчүн Беларуста шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык жыйындарын өткөрүүгө тыюу салынган?»
- Беларус – бул демократиялык жумурият. Шайлоо – купуя шартта өтөт. Демек, нааразылык чаралары да купуя шартта өткөрүлүшү абзел.

* * * * * * *

- Мен анекдот айтууга тим эле жанымды берем. Биз кесиптештерим менен чогуу отуруп алып тынбай азил айта беребиз, тамашалаша беребиз, күлө беребиз...
- Кечиресиз, сиз каякта ким болуп иштейсиз?
- Депутат болуп. Думада.

* * * * * * *

«Биздикилер» кыймылынын жигердүү өкүлү Коля Угрюмов Маскөөгө келди. Ал декабрда «Бирдиктүү Орусия» үчүн жалгыз өзү берген 70 добушту коргоп калуунун чараларын көрмөкчү.

* * * * * * *
XS
SM
MD
LG