Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Чехтер менен словактардын эски азилдеринен


1968-жылдын августу. Прага шаарынын Вацлав аянты.
1968-жылдын августу. Прага шаарынын Вацлав аянты.

Мурдагы соцлагердин эрксиз мүчөсү болгон чехтер менен словактардын эски азилдеринен.

* * * * *

1968-69-жылдардагы окуялардан кийин бир чех абышка Влтава суусунан алтын балык кармап алыптыр.
- Абышка, каалаган үч нерсеңди аткарайын, мени боштондукка чыгара көр!
- Биринчи каалоом - бизге Кытай кол салса экен! Экинчиси - Кытай кайра кол салсын. Үчүнчүсү - Кытай бизди үчүнчү жолу чаап кетсин!
Балык куйругун сууга чаап, көздөн кайым болот.
Үйдө кемпири болгон окуяны угуп, чалды каргап-шилеп калат.
- Кемпир, мени тыңдасаң! Чехияга үч жолу басып келчү кытайлыктар СССРди алты жолу тепсеген атпайбы!

* * * * *

- Социалисттик Чехословакиядагы турак-жай жана азык-түлүк көйгөйлөрүн кантип чече алабыз?
- Анын жарасы жеңил. Батыш жак чек араны ачып койсок - турак-жай маселеси чечилет. Чыгыш жак чек араны жаап койсок - өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы токтойт.

* * * * *

Кремл тарабынан бир тууган Чехословакияга чукул арада боордоштук көмөк көрсөтүлгөн соң, коңшу Полшада совет-поляк чек арасына жакын жайгашкан Буг дарыясында сүзүүгө тыйуу салган буйрук таркатылды.
- Ушу кантип болсун? - деп бир поляк тургун кейип айтса, экинчиси аны жооткотуптур:
- Туура эле чечим. Эгерде кимдир-бирөө сууга чөгө баштап, жардамга чакырып кыйкырчу болсо, анда 240 миллиондуу советтик достор дароо келүүгө жүткүнүп араң турушпайбы!

* * * * *

Саясий билим арттыруу сабагында чехословак армиясынын офицери катардагы жоокерден "империалисттердин арам ойу эмнеде?" деп сурайт:

- Империалисттер ар дайым атажуртубузду басып алууга жутунуп турушат.

- Туура. Азаматсың! Дагы кандай кошумча сөзүң бар?

- Бирок СССР империалисттерден да озунуп кетти.


* * * * *

Чехословакиянын коммунисттик партиясына кабыл алуу жүрүмү учурунда талапкерлерден капитализм менен социализмдин айырмасы эмнеде экенин сурап жатышты.

Суроого жооп таба албай калганды партияга мүчөлүккө кабыл алышты.

Начарыраак билген бирөө бар экен, ага бир жылга шарттуу мөөнөт беришти.

Үчүнчү бирөө мыкты кабардар экен. Ал үч жылга кесилди.

* * * * *

Ар кыл интернет булактардан алынды.
XS
SM
MD
LG