Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:11

Бактериялар миналарды жана жарылбаган бомбаларды тапканга жардамдашат.

Жырткыч балыктарга көрүнбөгөн балта балыктын касиети. Өзүн өзү дезинфекциялап, адамды жугуштуу микроптордон сактачу кийим. Аз да болсо желип баскан ден соолукка пайда.

Бактериялар минаны табууга жардамдашат

Кургакта колдонулчу дүрмөттүү минанын бардык түрү аз да болсо өзүнөн буу бөлөт. Бөлүнгөн буу мина көмүлгөн топуракка топтолот.

Иерусалимдеги Еврей университетинин окумуштуулары миналар бөлгөн бууга кабылганда флуоресценттик сигнал бөлчү бактериянын түрүн өстүрүштү. Мындай бактериялар душмандын миналары көмүлгөн жерлердин бетине буудай сепкендей чачылат. Согуш талаасы лазердик сканер менен сүрөткө тартылып, бактериялар нур бөлгөн жерде мина жана жарылбаган бомбалар бар экени дайын болот.

Илимий долбоордун жетекчиси Шимшон Белкиндин (Hebrew University's Alexander Silberman Institute of Life Sciences) билдиришинче, реалдуу шартта өткөрүлгөн изилдөөлөр алар жасаган биосенсорлор минаны табууда пайдалуу экенин көрсөткөн. Бирок аны кеңири колдонуу үчүн бактериялардын сезүү жөндөмүн дагы жогорулатып, алардын сенсорлорунун стабилдүү иштөөсүнө жетишүү жана лазер багытталган чоң аянтты сканер менен сүрөткө түшүрө билүү, ошондой эле чакан сканер жасоо зарыл. Ошондо сканерди пилотсуз учуучу аппаратка орнотуп койсо болорун айтат проф. Белкин.

Азыр жердеги миналар менен жарылбай калган миналарды табуунун эффективдүү жана коопсуз технологиясына талап чоң. Анткени миналарды табуунун технологиясы акыркы 70 жылда көп деле өзгөргөн эмес.

1999-жылы 1-мартта Жөө аскерлерге каршы миналарды колдонууга тыюу салган Оттава келишими күчүнө кирген. Ошол жылы минага кабылып 9 миңден көп адам өлсө, 2014-жылы 4 миңдей адам минадан набыт болгон. Дүйнөнүн 70тен көп өлкөсүндө иштен чыгарылчу 100 миллиондон ашык согуштук мина жерде көмүлүү жатат. Миналарга көзөмөл салчу эл аралык уюмдун билдиришинче, Ливия, Сирия, Украина, Йеменде жарылбаган миналардын саны күн сайын көбөйүүдө.

Азыр минаны таап жок кылуунун түрдүү жолдору бар. Атүгүл минаны табууда жардыргыч заттардын жытын билчү келемиштер колдонулат. Бир келемишти саперлук кесипке үйрөтүү 8 миң доллар турат. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.economist.com)

Өзүн өзү дезинфекциялоочу кийим

Кагаз астарлуу кийим адамды коркунучтуу бактериялардан коргойт. Мындай негизи кагаздан жасалып, бактерияларды өлтүрчү жана дезинфекциялоочу касиети бар арзан материалды АКШдагы Рутгерс университетинин (Rutgers, The State University of New Jersey) илимпоздору ойлоп табышты.

"Кагаз алдыңкы технологияда колдонууга жарачу сейрек касиетке ээ байыркы материал. Биз негизи металл кагазды бийик чыңалууга туташтырып, плазма өндүрсө болорун аныктадык. Жылуулук, ультрафиолет нурлануу жана озондун аралашмасынан турган берегидей плазма микробдорду өлтүрөт",-дейт изилдөөнүн жетекчиси, доцент Аарон Маццео (Aaron Mazzeo).

Докторант-изилдөөчү Жингжин Ксинин (Jingjin Xie) ырасташынча, алар плазманы дүйнөдө биринчи жолу кагаз негизде өндүрүшкөн.

Эксперимент учурунда жаңы дезинфекциялоочу каражат Saccharomyces cerevisiae бактерияларынын 99% жана Escherichia coli бактерияларынын 99,9% тыптыйпыл кылган.

E. colibacteria же ичеги таякчаларынын көпчүлүк бактериялары зыянсыз болушат жана адамдын соо ичеги-карын трактаты үчүн абдан маанилүү. Бирок АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборлорунун (U.S. Centers for Disease Control and Prevention) маалыматына ылайык, E. Coli бактериясынын кээ бир түрлөрү ич өткөк (диарея), заара жүрчү үттүн (тракттын) инфекциясы, пневмония жана башка ооруларды пайда кылат.

Болочокто кагаз негиздеги дезинфекциялоочу материал өзүн өзү бактериядан тазалап турчу кийим-кечеде, жарааттарды айыктырчу "акылдуу" бинттерде жана лабораториялык шаймандарды дезинфекциялоочу приборлордо колдонулушу мүмкүн.

"Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары биз жасаган дезинфекциялоочу материал бактерияларды жок кылууда кыйынчылык туудурчу спораларды1 стерилизациянын жөнөкөй усулун пайдаланып өлтүрүү мүмкүн экенин көрсөттү. Биздин эмки максатыбыз береги дезинфекциялоочу система спораларды өлтүрүүдө канчалык эффективдүү экенин текшерүү", - дешет изилдөөчүлөр.

Аарон Маццеонун билдиришинче, анын командасы адамдын жана жаныбарларды терисине окшоп, организмди тышкы микробдор менен бактериядан коргоочу сенсорлорду жасоонун үстүнөн да иштешет. Мындай сенсорлор менен протездердин, имараттардын же транспорт каражаттарынын тийиштүү бөлүктөрү капталып жана дезинфекцияланып коюлса, алар коркунучтуу микроб же бактериялар бар зонада пайдаланылгандан кийин адамдарга жана айлана чөйрөгө зыян тийгизбейт. (Булагы: http://www.biospace.com, http://www.terradaily.com)

Балта балыкты эмнеге душманы көрө албайт?

Чоң телескоп көздүү, өңү күмүш сымал Argyropelecus балта балыгынын 73 түрү бар. Алар Инд, Атлантика жана Тынч океандарынын тропикалык жана субтропикалык сууларын байырлайт.

Argyropelecus балыгы күндүз такыр жарык тийбеген 3600 метр тереңде жашаса, түнкүсүн суунун бетинен 50-100 метр тереңге көтөрүлүп, майда балыктар менен чаян сымалдарды жешет. Алардын курсагында көк жарык бөлчү фосфор болгондуктан жарыкта асты жагынан караганда ал жакшы көрүнбөйт. Балта балыктын кабырчыгы алюминий фольганын күңүрт жагына окшош болуп, токту начар өткөрчү диэлектрикалык структуралардан турат.

Америкалык окумуштуулар балта балыктын кабырчыгы анын сууда маскировкалануусунда кандай ролго ээ экенин билүү үчүн балыктын кабарчыгына лазер нурун багыттап, анан спектралон жана алюминий менен салыштырып көрүшкөн.

Спектралон политетрафторэтиленди (PTFE) же тефлон катары белгилүү полимерди катуу ысытканда пайда болчу зат. Ал электромагниттик нурлануунун ультрафилот жана инфракызыл диапозонунда багыттылган нурду аябай сапаттуу жана тегиз кылып чагылдырат.

Эксперименттин натыйжасы көрсөткөндөй, балыктын каптал жагына жарык тийгенде, жарыктын көбү анын баш жана куйрук жагына догоо сыяктуу жайылып, жарыктын жайылуу траекториясы нурдун кандай бийиктиктен (бурчтан) тийгенине карабай бирдей болот. Ошондуктан суудагы байкоочу балта балыктын башы жана куйругу жактагы мейкиндикти көрүп, өзүн көрбөйт экен. Анын үстүнө балта балыктын териси жана фотофордо жарыкты чагылдырып сындырчу касиети болгондуктан, балыкка тийген жарыктын бир бөлүгү да жайылып кетет. Ушундан улам окумуштуулар балта балыктын териси жырткыч балыктардын биолюминесценттүү органдарынын багытталган жарыгынан жана күндүн жарыгынан коргоочу камуфляж болуп берет деп бүтүм чыгарышты.

Көптөгөн экзотикалык балыктардын кабарчыгындагы гуанин 2 көрнөкчөлөр бир уюлдан келген жарыкты жайып же чачып жибергендиктен, жырткык балыктардын аларды кармоосуна тоскоолдук кыларын мурда америкалык окумуштуулар аныкташкан. (Булагы: http://rsif.royalsocietypublishing.org, https://phys.org, https://naked-science.ru)

Аз болсо да желип баскан пайдалуу

Эртеден кечке үйдөн сыртка чыкпай отуруу көпчүлүк улуу курактагы адамдар үчүн көнгөн адат. Байбичелер мындай жолойду бузуп, күнүнө он мүнөт тез басчу болсо, жүрөк кан тамыр ооруларынын өнүгүү ыктымалдыгын азайтарын Швециянын Эребру университетинин (Örebro University) окумуштуулары аныкташты.

"Биз 65 жаштан өйдө курактагы аялдарды изилдедик. Себеби бул курактагылар элдин эң аз кыймылдаган тобуна кирет. Ошол эле учурда бул курактагы аялдар чуркачу болсо, аларда жүрөк кан тамыр ооруларынын өнүгүү ыктымалдыгы күчөйт",-дейт профессор Фавзи Кади(Fawzi Kadi).

Аз кыймылдап, көп баспаган адамдардын диабет жана жүрөк кан тамыр оорусуна кабылуу ыктымалдыгы өсө турганын окумуштуулар эбак эле билишчү. Ал эми швециялык изимпоздордун изилдөөсү физикалык активдүүлүк (physical activity): денени жазып кыймылдоо, машыгуу же кара жумуш кылуу адамдын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү экенин да көрсөттү.

"Биздин изилдөөбүз адамдарды көбүрөөк активдүү кыймылда болууга шыктандырат. Биз күн сайын жайбаракат басуу жөнүндө сөз кылган жокпуз. Биз адамды чымырканып аракеттенүүгө мажбурлаган активдүүлүк же тез басуу жөнүндө айтып жатабыз", – дейт Эребру университетинин изилдөөчүсү Андреас Нильссон (Andreas Nilsson).

Береги изилдөөгө 120 аял катышкан. Бир жумалык эксперимент кезде алардын физикалык активдүүлүгү акселорометр менен өлчөнүп турган.

"Көп кыймылдабагандын ден соолукка болгон тескери эффектин физикалык активдүүлүк азайтарына биздин изилдөөбүз көңүл бурат", -дейт Фавзи Кади. Бул деген эгер бир адам 6-10 км/саат ылдамдык менен желип басып, ал эми экинчи адам өзүн анча кыйнабай денесин чоюп-керип жатса, биринчи адам жүрөк кан тамыр илдетине чалдыгуу коркунучун азайта турганын билдирет.

"Албетте маал-маал баскан жакшы. Бирок ар кандай дене тарбия көнүгүүлөрүн көбүрөөк жасаган биздин ден соолугубуз үчүн пайдалуу", -дейт доцент Андреас Нильсон.

Ошол эле учурда миллион аял-эркектин ден соолугуна тиешелүү маалыматтарды изилдөө же мета анализ өлүмгө аз кыймылдаганга караганда физикалык активдүүлүктүн себепчи болуу ыктымалдыгы чоң экенин көрсөткөн.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.agemanagementmi.com)

-------

1 Спора (биол.) 1. жалгыз клеткалуу организмдердин жашоо түрүнүн бир формасы; сырткы чөйрө өөрчүүгө ылайыксыз болгон учурда, сыртында калың кабык пайда болуп, тиричилик анын ичинде акырын өтө берет. 2. спора (козу карын, эңилчек, балыр өңдүү гүлсүз өсүмдүктөрдүн жана кээ бир клеткалуу жаныбарлардын жакындашуусуз тукумдоо кызматын аткаруучу бир клеткалык бөлүгү).

2 Гуанин (хим.) - өңсүз, аморфтуу кристалл күкүм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG