Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:43

Ээсин тайгандай ээрчиген робот-чемодан


Роботтор адамдарды жумушка алчу күн да келет.

Робот-чемодан же робот-малай Gita. Суу Жер бетинде кантип пайда болгону тууралуу жаңы теория. Касиеттүү мегаметалл. Жумасына 39 сааттан көп иштеген, айрыкча, аялдардын ден соолугуна зыян.

Робот-чемодан Gita

Бүгүн сапарга чыккан жолоочуну дөңгөлөктүү чемодансыз элестете албайсыз. Жолоочу адам чемоданды тайгандай ээрчитип аларына аз эле убакыт калды.

Ээсинин көлөкөсүндөй болуп, артынан жөргөлөп жүрчү сандык-роботту Италиянын Piaggio компаниясы, ал эми дизайнын компаниянын АКШдагы бучкагы, жаңы түзүлгөн стартапп - Piaggio Fast Forward жасады. Роботтун аты Gita, ал италия тилинде "кыска саякат" дегенди билдирет.

Гита тулкун туруктуу кармаган жуп дөңгөлөктүү робот. 18 кг жүктү кыңк этип койбой көтөрүп кете берет. Анын шар сыяктуу боюнун диаметри 66 см. Ал темингенде 35 км/саат ылдамдыкта жүргөндүктөн велосипедченден, шаар ичинде атүгүл жеңил машинеден озуп кетет.

Жолундагы тоскоолдукту тулкундагы стереоскоптук камера менен көрүп айланып өтөт жана башкаруу борборунан алган сүрөт боюнча жолдун багытын аныктап, светофордо токтоп отуруп, жүктү ээсине жеткирип берет.

Жолдо баратканда барчу жеринин үч өлчөмдөгү картасын SLAM (Simultaneous Localization and Mapping) технологиясын жана математикалык моделди пайдаланып өзү түзөт жана тактап турат.

- Мисалы, сиз бурчтан бурулуп кетип, көрүнбөй калсаңыз, робот сизди жоготпой артыңыздан кууп жетет. Себеби сиздин кайда баратканыңыз жана басып өткөн жолуңуз роботтун жадында, – дейт Piaggio Fast Forward компаниясынын жетекчилеринин бири Саша Хоффман (Sasha Hoffman) айым.

Ошондуктан, сиз жолдо сыра ичкени кармалып, "Гитаны" жалгыз жөнөтсөңүз, үйгө өзү бара берет. Ал бир заряд менен сегиз саат жүрө алат (Заряддаганга үч саат коротот). Мындай роботторду кардарларга алар буйруган азык-түлүктөр менен товарларды жеткирүү үчүн да пайдаланса болот.

Piaggio компаниясы Vespa скутерлери жана Moto Guzzi мотоциклдери менен белгилүү. Ошого компаниянын башка бир жетекчиси Грег Линн (Greg Lynn):

- Биз жасаган унаалар жеңил жана Бангкок же Ханой сыяктуу машине жолго батпаган жана тыгын түйшүккө айланган шаарларга эсептелип жасалды. Биз адамдар мындай тыгында эркин жана жеңил жүрө алгандай болгонун кааладык, - дейт.

Гита чемодан-роботу 2-февралда АКШнын Бостон шаарында сыноодон өтө баштады. (Булагы: https://wonderfulengineering.com, https://www.dailymail.co.uk, https://techcrunch.com)

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

Суу Жер бетинде кантип пайда болгон?

Жердеги суу оболу химиялык реакциялардын натыйжасында планетанын тереңдеги мантиясында пайда болгон болушу ыктымал. Ирландиялык окумуштуулардын (University College Dublin) жаңы теориясы Жерде суунун пайда болуусу тууралуу альтернативдүү түшүндүрмөнү сунуш кылат. Буга чейин кометалар Жер планетасы менен кагылышканда Жерде чоң муз пайда болуп, кийин ал эрип, суу пайда болгон деп боолгоп жатышкан окумуштуулар.

Дублин Колледж университетинин окумуштуулары Жерде суунун пайда болуусунун моделин компьютерде түзүшкөндө суутек менен кремнийдин диоксиди 1400 градустан жогорку температурада жана Жердин атмосфералык басымынан 20 000 эсе жогорку басым астында реакция жүрсө, сууну пайда кыларын көрсөттү.

Алдагыдай температура жана басым астындагы реакция Жердин бетинен 40 километрден 400 км чейин тереңде жүргөнү айтылат.

Кремний жердин бетинде жана астында кварцтын минералы түрүндө мол кездешет. Жер кыртышынын 59 процентин кремнийдин диоксиди түзөт.

Математикалык моделди профессор Найлл Инглиш (Niall English) башындагы ирланд илимпоздору Канаданын Саскачеван университетинин профессору Жон Цзэ (John Tse, University of Saskatchewan) менен чогуу түзүшкөн. (Булагы: https://phys.org/new)

Касиеттүү мегаметалл

Бул жаңы материал автомобилге жана жүргүнчүлөргө "коопсуздук жаздыгы" болуп да берет.

АКШдагы Мичиган университетинин (University of Michigan) окумуштуулары жасаган метаматериалга (татаал материал) тышкы күч билинер-билинбес таасир эткенде же үстүнөн жүк басканда мурдагыдан бир кыйла катуу жана бекем болуп калат. Мегаматериалдын баштапкы абалын зарылдыкка жараша өзгөртүү мүмкүн. Андан береги материалдан жасалган буюмдун же заттын формасы да, касиети да өзгөрбөйт.

Жаңы материал мейкиндиктеги тор сыяктуу структуранын эсебинен мындай касиетке ээ. Структура бири бирине устундар менен бириктирилген ширеңкенин талындай, бирок чоңдугу кенедей октордон же өзөктөрдөн турат. Жүк басканда же механикалык күч таасир эткенде октор башка окторго салыштырмалуу геометриялык ордун өзгөртөт. Натыйжада, материалдын структурасы өзүнүн топологиялык касиетин өзгөртөт жана таасир эткен күчтүн векторуна жараша жумшак же катуу болуп калат. Ушинтип, октор механикалык күчтүн кубатын өзүнө сиңирип да, жайып да жибергендиктен баштапкы формасын жоготпойт, деформация болбойт.

Илимпоздордун айтышынча, метаматериалдан велосипеддерге, мотоциклдерге, автомобилдерге жасалган дөңгөлөктү кошумча желдөөнүн зарылдыгы жок, себеби ал жолдун кыртышына карай ылайыкташып алат. Автомобилдин тулкун жаңы материалдан жасаса, ал башка машине менен сүзүшкөндө кагылышуудан жаралган күчтү жайып жиберип, жүргүнчүлөр аз зыян алат.

"Мындай автомобиль жүрүп баратканда, анын тулку кадимкидей катуу болот. Бирок кагышканда, автомобилдин тулку резинадай ийилчээк болуп, сырткы күчтү өзүнө сиңирип алат. Ал ушинтип ичиндеги жүргүнчүлөрдү коргойт", - деп түшүндүрдү доцент Хаоминг Мао (Xiaoming Mao).

Илимпоздордун айтшынча, метаматериалдан велосипеддерге, мотоциклдерге, автомобилдерге жасалган дөңгөлөктү кошумча желдөөнүн зарылдыгы жок. Себеби ал жолдун кыртышына карай ылайыкташып алат же кумдуу жерде жумшарса, таштуу жерде катуу болуп калат. Метаматериал ракеталарды бекем кылгандыктан, аларды пайдалануу мөөнөтүн узартат.

(Булагы: https://www.nature.com, https://phys.org/news)

Аптасына 39 сааттан көп иштеген ден соолукка зыян

Австралия улуттук университетинин илимпоздорунун жаңы изилдөөсү көрсөткөндөй, аптасына 39 сааттан ашык иштеген адам саламаттыгын тобокелдикке салат. Изилдөөнүн башчысы, доктор Хан Диндин (Huong Dinh) билдиришинче, толук убакыт иштеген австралиялыктардын үчтөн экиси аптасына 40 сааттан көп эмгектенишет. (Жумасына 48 сааттан ашык иштөөгө тыюу салган эл аралык норма 80 жылдай илгери бекитилген).

"Узак жумуш адамдын менталдык жана физикалык саламаттыгына залал келтирет. Себеби тамактанганга жана өзүн татыктуу караганга аз убакыт калат", - дейт доктор Дин.

Анын айтымында, үйдө аялдардын эркек аткарбаган милдеттери көп болгондуктан, аптасына 34 сааттан артык иштебеши керек. Эркектер өз саламаттыгына зыян кылбай аптасына 48 саат иштесин деген чектөө киргизилген. Анткени эркектер негизинен өзүн караганга жана үй жумуштарына аялдарга салыштырмалуу аз убакыт бөлөт.

"Жалпысынан алганда аялдар профессионалдык жактан эркектерден кем болушпаса да, аларга маяна эркектерден аз төлөнөт жана алар үй тиричилигине көп убакыт коротушат", - дейт доктор Дин.

Ушул жагдайлардан улам аялдарда ден соолугуна тобокелчилик менен мамиле кылуу же түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу жогору болорун эскертет окумуштуулар. Алар мындай бүтүмдү сегиз миңдей австралиялыктын саламаттыгын кылдат изилдеген соң жасашты.

"Тобокел ишке кайгы жок" дебестен колуктуңуздардын жана энелердин саламат болуусуна көмөктөшүүнү ойлосоңуздар, бүгүндөн баштап аялдардын түйшүгүн тең бөлүшүңүздөр. (Булагы: https://medicalxpress.com/news, https://www.sciencedirect.com/science)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG