Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Алтын балыктан кымбат нанобалык


Алтын балыктын бир түрү
Алтын балыктын бир түрү

Дүйнөдөгү биринчи нанобалык жасалды. Кытайлык генетиктер түшүмдүү күрүчтүн уңгусун тапты. Өчүп бараткан жылдыз кайра тирилди. Айран менен сүт аялдарда эмчек рак оорусунун өнүгүүсүн токтотот.

Балыктай сүзгөн наноробот дененин зарыл точкасына дары жеткирет. Дүйнөдөгү тунгуч нанобалыкты Сан Диегодогу Калифорния университетинин (АКШ) Жинксинг Ли (Jinxing Li) жетектеген инженерлер тобу жасады.

Кумдун кыпыныдан 100 эсе кичине нанобалыктын алтын башы жана куйругу никель денесине күмүш шакектер менен туташкан. Нанороботтун денесинин ар бир бөлүгү 800 нанометр. 1 нанометр метрдин миллиарддан бир бөлүгүнө барабар.

Магниттик талааны нанобалыктын никель денесине багыттаганда куйругу жана башы кыймылдап, козголуп сүзө баштайт. Анын ылдамдыгы жана багыты магнит талаасы менен башкарылат.

Доктор Линин оюнча, нанобалыктарды дарыны кан тамыр менен дененин каалаган бөлүгүнө жеткирүү, хирургиялык кийлигишүүсү жок операция жасоо жана жалгыз клетканы манипуляциялап өзгөртүү үчүн пайдаланса болот.

“Бул укмуштуудай жаңы идея. Дененин паталогиясы бар жайына дары жеткирчү аппараттын иши организмдин транспорт системасы - кан тамырларга негизделген”,-дейт Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс университетинин профессору Жастин Гудинг (Justin Gooding).

Буга чейин жасалган нанороботтордун көбү суу астында жүрчү кеме-субмаринге, куйругу штопорго окшош болгондуктан батпректей айланат.

Доктор Ли башындагы инженерлер азыр өз милдетин аткарган соң, денеге зыян тийгизбей жок болуп кетчү нанороботтун үстүнөн иштешүүдө.

(Булагы: newsscientist.com, futurism.com)

Кытай: Түшүмдүү күрүчтүн сыры ачылды

Тегине караганда түшүмдү мол берчү гибрид күрүчтүн генетикалык уңгусу (базасы) табылды. Бул кытайлык окумуштууларга эң түшүмдүү күрүчтүн үлгүсүнүн молекулярдык дизайнын түзүүгө мүмкүндүк берди. Алар сегиз жылдык изилдөөнүн жүрүшүндө гибриддик күрүчтүн түркүмүн мүнөздөөчү 400дөн ашуун генетикалык белгисин да аныкташкан.

Табылга күрүчтүн түшүмдүү жана сапаттуу жаңы түрүн өстүрүүгө жол ачарын айтат изилдөөнүн жетекчиси, Кытай Илимдер академиясынын Шанхайдагы филиалынын Өсүмдүктөр физиологиясы жана экология институтунун директору Хан Бин.

Актурпактык шалычы. Баткен облусу, 2-октябрь 2015
Актурпактык шалычы. Баткен облусу, 2-октябрь 2015

Бин мырзанын командасы Кытайдын ар тарабынан гибрид күрүчтүн 1500гө жакын үлгүсүн чогултуп, алардын ичинен өзгөчөлүктөрүнө, тегине жана түшүмдүүлүгүнө жараша 17 түрүн тандап алышкан. Анан 17 күрүчтөн өнүп тараган 10074 күрүчтү тегин, тукумдашуу иретин жана жалпы мүнөздөмөсүн жазып чыгышкан.

“Бул 17 эрди-зайыптан туулган 10 миңден көп балага окшош. Биз түшүмдү жакшы берген түрлөрдүн генетикалык моделин изилдеп чыктык”,-дейт башка бир илимпоз Хуан Сюихуи (Huang Hueehui).

Күрүч өстүргөн тектирлер. Кытайдын Юнан провинциясы
Күрүч өстүргөн тектирлер. Кытайдын Юнан провинциясы

Алар окшош гендерди кайчылаштырганда, бири экинчисинин нормалдуу өсүшүнө зыян кыларын да аныкташты.

Хан Биндин айтымында: “Күрүчтүн жаңы түрүн өстүрүүгө демейде 8 жылдан 10 жылга чейин убакыт кетет. Бирок бул мөөнөт эки эсе кыскартылат”.

Кытайда күрүчтүн атасы катары белгилүү илимпоз Юань Лунгпиң (Yuan Longping) келерки 2018-жылы өлкөдөгү эксперименталдык жерлерде гектарынан 16 тонна гибрид буудай өндүрүлөрүнө ишенерин 13-сентябрда билдирди. Быйыл эле бир нече чарбада гектарынан 16 тоннадан күрүч жыйналган.

Лунгпиң жана анын жардамчылары 2010-жылы гектарынан 10.5 тоннадан, 2014-жылы 15.4 тоннадан гибрид күрүч өндүргөн.

Кытайда гибриддик күрүч 13.3 млн. га жерге өстүрүлсө, башка өлкөлөрдө бардыгы 5.3 миллион жер бөлүнгөн. Күрүч кытайлардын 65 процентинин негизги оокаты. (Булагы: news.agropages.com, nature.com, xinhuanet.com)

Өлүп бараткан жылдыз кайра тирилди

Астрономдордун эл аралык командасы эски жылдыздын кайра төрөлүшүн онлайн режиминде байкап турушту. Бул САО 244567 номуру менен белгилүү кичинекей карт жылдыз Жерден 2700 жарык жылы алыстагы Stringray Nebula үркөр жылдыздарынын борбордук жылдызы. 30 жылда (1971-2002-жылдары) анын температурасы 20 миң градустан 60 миң градуска көтөрүлүп, көлөмү 3-4 эсе азайган.

Окумуштуулар алыскы жылдыздын эволюциясын АКШнын Аэронавтика жана космостук агенттиги - NАСА менен Европа космостук агенттиги - ESAнын Hubble Space телескобу аркылуу көзөмөлдөштү. Соңку байкоо САО 244567 жылдызы муздап кеңейе баштаганын, анын бетиндеги температура 50 миң градус болуп калганын көрсөттү.

САО 244567 жылдызынын абалкы массасы Күндүн массасына окшош болчу жана мындай салмактагы жылдыздардын эволюциясы демейде бир кыйла көп убакта жүргөндүктөн, анын бетиндеги температуранын ылдам өзгөрүүсү астрономдор үчүн түшүнүксүз эле.

Бул кубулушту изилдөөнүн жетекчилеринин бири, Британиядагы Лестер университетинин астроному Никол Райндл (University of Leicester, Nicole Reindl) мындай түшүндүрдү: САО 244567 жылдызынын кыртышында суутек такыр соолуп калгандыктан, анын температурасы жана ядросундагы басым өзгөргөндөн улам термоядролук реакция жүрүп, гелий күйө баштаганча жылдыз кысылып, массасы кичирейе берет, деп эсептейт Райндл айым. Гелий күйгөндө албырттап, жалын чыгарганда ядролук энергия бөлүнүп, жылдыз кайра чоңойо баштайт же эски жылдыз кайра төрөлөт.

Астрономдор мурда да жылдыздар жалбырттап от бөлгөнүн көрүшкөн. Бирок алар жылдыздын ысып, кайра муздап кысылганына жана кайра кеңейгенине алгачкы мертебе күбө болушту. Демейде жылдыздар миллиондогон жана миллиарддаган жылдарда өзгөрүп, эволюция болот.

Доктор Рейнделдин сөзүнө караганда, жылдыздардын жашоо циклинин жакшыртылган модели түзүлмөйүнчө, САО 244567 жылдызында болгон кубулуштун жандырмагы толук чечилбейт. (Булагы: dailygalaxcy.com, popsci.com, upi.com)

Айран жана сүт эмчек безин рактан сактайт

Айран (йогурт) жана сүт аялдарда эмчек рак оорусунун өнүгүүсүн азайтат. Канадалык окумуштуулардын изилдөөсү көкүрөк рак илдетине кабылган аялдардын эмчек безинде ракты козгоочу бактерияларга катар эле соо эмчек безинде аны коркунучтуу дарттан коргоочу бактериялар көп болорун көрсөттү. Бул илимий ачылыш айран жана сүт сыяктуу азыктарды аялдардын көкүрөк рак илдетин дарылоого пайдаланууга кеңири жол ачышы ыктымал.

Канадалык окумуштуу-дарыгерлер (Lawsan Health Research Institute) жүргүзгөн экспериментке көкүрөк рак оорусуна кабылган 45 аял жана көкүрөгүндө зыянсыз шишиги бар 13 аял жана эмчеги чоңоюп же кичирейип кеткен, бирок дени соо 23 аял катышты.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, көкүрөк рак илдети менен ооруганда, эмчек безинин клеткаларында ДНКны бузуп, зыяндуу шишикти пайда кылчу Escherichia coli and Staphylococcus бактериялары көбөйө баштаган.

Лоусен саламаттыкты сактоо институтунун директору Грегор Рейддин (Gregor Reid) билдиришинче, мындай изилдөөнү жүргүзгөнгө эзелтен эмчектеги баласы бар аялдарда көкүрөк рак оорусу азайганы түрткү берген. Ошон үчүн бала эмизген аялдарга көкүрөк микрофлорасын жакшыртуунун зарылдыгы жок, деген пикирде профессор Г. Рейд.

Испаниялык коллегаларыбыздын изилдөөсү аялдар пробиотикалык сүт азыктарын ичсе, анысы эмчек безине барарын ырастаган. Алардын жана биздин изилдөөбүз эмчек безинин рак оорусуна чалдыгуу коркунучу бар аялдар көкүрөгүндө пайдалуу бактерияларды көбөйтүү үчүн пробиотикалык1 лактобациллдерди2 ичкенди көбөйтүшү керекпи деген суроону туудурат”,-дейт канадалык микробиолог. Анын оюнча, рак дартына каршы чабуулду күчөтүү менен бирге зыяндуу бактериялардын эсебинен пробиотторду колдонуп, пайдалуу бактерияларды көбөйтүүгө эмне болбосун.

АКШда ар бир сегизинчи аялга өмүрүнүн бир күнү эмчектин рак илдетине кабылган деген диагноз коюлат. (Булагы: naturalnews.com, hindustantimes.com)

**************************

1Пробиотиктер - дарылар же тамакка кошчу биологиялык активдүү заттар. Алардын курамында адамдын микрофлорасындагы кадимки тирүү микроорганизмдер болот. Пробиотиктер адамдын денесиндеги микроорганизмдердин бузулган балансын сактоо үчүн ичилет.

2Лактобациллер лактозаны жана башка углеводдорду сүт кислотасына айлантчу бактериялардын түркүмү.

XS
SM
MD
LG