Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:55

"Тойота" компаниясы учма автокөлүк жасоочуларга акчалай жардам берди. Айнектей тунук, терисинен ичеги - карды көрүнгөн баканын жаңы түрү табылды. Бабуин маймылы көргөнүн үйрөнүп алат. Мазарлар кыртышты булгайт.

Териси айнектей тунук баканын жаңы түрү

Жаратылыш адамды таң калтырганын токтотпойт. Эквадордо айнектей тунук терисинен ички органдары көрүнүп турган баканын жаңы түрү табылды. Суусу жай аккан майда өзөн-сайларда жашоочу баканын бул түркүмү Hyalinobatrachium yaku деп аталды. Жаңы амфибияны Эквадордун Сан-Франциско-де-Киото университетинин доктору Хуан Гуаясамин баштаган окумуштуулары табышты. Анын тулку эки сантиметрдей. Бул амфибия бакалар “айнек бакалар“ деп аталган Centrolenidae түркүмүнө кирет. Мындай терисинен ичеги-боору көрүнүп турган жана чоңдугу 7,5 см чейинки бакалар түркүмү Борбордук жана Түштүк Америкада жашайт.

Бакалардын митохондриялык ДНКсын изилдөөгө караганда, жаңы седептей балык генетикалык жактан “айнек бакалардын“ Hyalinobatrachium pellucidum түркүмүнө бир кыйла жакын экен. Бирок алардан башы жана жонундагы көк кочкул темгилдери менен айырмаланат. Калган бул түркүмдөгү бакаларда жонундагы темгили мынчалык көк кочкул эмес. Экинчи айырмасы, көкүрөгү жана курсагындагы терисинен бөйрөгү, табарсыгы, жүрөгүнүн сырткы кабыгы-перикарды көрүнүп турса, боору жана ичеги-карын трактаты жарыкты чагылтырчу клеткалар-иридофорлор менен жабылган.

Алар жупташып көбөйөр алдында эркек бакалар суунун үстүнө салаңдап турган жалбырактарга отуруп алып, демейдегиден бөлөк үн чыгарып, ургаачыларын чакырат экен. Бирок береги түркүмдөгү бакалар популяция кезинде суунун бетинен 1,5 метрден бийикке көтөрүлбөсө, башкалары 6 метрге чейин бийикке чыгып кетип, анан жупташат.

(Булагы: https://naked-science.ru, zookeys.pensoft.ne, https://phys.org/news)

"Тойота" учма автокөлүк жасоону колдоду

Жапондордун "Тойота" автомобиль концерни учуучу автокөлүктөрдү жасоочу Cartivator стартабына 40 миллион иен (353 миң доллар) кайтарымсыз насыя берди. Мунун менен "Тойота" компаниясы токиолук стартаптын Skydrive деп аталган учуучу автокөлүктү жасоосун колдорун шардана кылды. Cartivator буга чейин учма көлүктү крауфандинг (crowdfunding) же долбоорго кызыкдарлардан Интернет аркылуу чогултулган акчанын эсебинен каржылап жаткан. Cartivator 2012-жылы учма автомобилди жасоо максатында түзүлгөн.

Бир адамдык үч дөңгөлөктүү, бүктөлмө электромобиль - квадрокоптер тибиндеги учмакөлүктүн узундугу 2,9 метр, туурасы 1,3 м, бийиктиги 1,1 м жана пилотсуз учуучу дронго окшош. Ал төрт моторунун жардамы менен жерден 10 метр бийиктике чейин саатына 100 км чейинки ылдамдыкта учат деп долбоорлонуп жатат. Skydrive жасалып бүтсө, дүйнөдөгү эң кичинекей учма автокөлүк болот.

Азыр Skydrive автокөлүгүнүн үстүнөн 30 ыктыярдуу иштеп жатат. Алар учма автокөлүктүн прототиби 2020-жылы Токиодо болчу Жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндары маалында пайдаланылат деген үмүттө.

Ушу чакта АКШ, Германия, Нидерландия, Словакия, Кытай жана Жапониянын фирмалары илимий фантастиканы чындыкка айлантып, учма автокөлүктү жасоо менен алек.

Cartivator стартабынын инженерлеринде учма автокөлүктү 2025-жылы сатыкка чыгарабыз деген мерчеми бар.

“Биз анын кандай болорун так элестете албайбыз, бирок чоң максат коюп, катуу иштесек, биз көздөгөн максатыбыздын өтөсүнө чыгабыз, ал болот,” - дейт Cartivator стартабынын бизнести пландоо боюнча жетекчиси Рюнтаро Мори (Ryuntaro Mori).

Жерде, сууда бирдей жүрчү жана асманда да уча алуучу гибриддик унааны жасоо үчүн инженерлер узактан бери далалат кылып жүрүшөт. Андай алгачкы көлүк - америкалык инженер, Кенже Роберт Фултон (Robert Edison Fulton Jr.) жасаган FA-2 Airphibian. Анын салмагы 680 кг, узундугу 6,7 м болуп, максималдуу ылдамдыгы 193 км/саат эле. Бирок сатыкка жол таппады.

(Булагы: http://www.bbc.com, http://wp.telesurtv.net)

Шимпанзе жаңы нерсени бат үйрөнөт

Адам улуу муундун тажрыйбасына таянып, жаңы ачылыштарды жасайт, өсөт, алдыга жылат. Буга дейре мындай жөндөмгө айбандардын ичинен бабуин маймылдары (денесинин узундугу орточо 75 см, куйругу - 60 см) менен көгүчкүндөр ээ деп эсептелчү.

Британиялык илимпоз, Ыйык Эндрю университетинин ардактуу профессору Эндрю Уайтен (Andrew Whiten, University of St. Andrews) жана коллегалары улуу муундун тажрыйбасын үйрөнүү же кумулятивдүү маданият шимпанзе маймылдарына мүнөздүү болушу ыктымалдыгын эксперимент жүзүндө көрсөтүштү.

Эксперимент кезде шимпанзелер кармалган капастын сыртына жана алар камыш түтүктөр менен жеткендей алыска таттуу шире суу куюлган желим челектер орнотулган. Береги маймылдарга саман түтүктөрдөн башка дагы түрдүү узундуктагы жана ар кыл жоондуктагы желим, жыгач, темир түтүктөр да берилген. Аста секин жанагы түтүктөр түзүлүшү бир кыйла татаал түтүктөргө алмаштырылгандыктан, шимпанзелерге шире суудан ичүү үчүн жаңы “шаймандарды” пайдаланганды билүүгө туура келди. Мисалы, шаймандын түтүктөрүн бирден бурап чыгарып алып, шире суу ичкендей кылып туташтырууга тийиш эле. Алар шайманды обол көрүп, аны кандай пайдаланганды билбей калганда, бир шимпанзеге шайманды кантип бөлүктөргө бөлүп, анан туташтыргандын жолу көрсөтүлдү. Муну көрүп турган маймылдар жанагы шимпанзе эмне жасаганын кайталап жатып, түтүк жыйнаганды үйрөнүп алышты. Атүгүл алар мурда көргөн жөнөкөй тажрыйбаны пайдаланышты. Бир шимпанзе желим түтүктү бурап чыгарса, экинчиси аны бекитилген шаймандан бошотту, үчүнчүсү аларды иреттеп жайгаштырды. Окумуштуулар кумулятивдик прогресс маймылдар табияттагы өзгөрүүлөргө же каат жашоого кабылган жагдайда өнүккөн деп жыйынтык чыгарышат өздөрү өткөргөн экспериментке таянып.

Ошол эле Ыйык Эндрю университетинин доктору Эрика ван де Ваал жетектеген окумуштуулары Түштүк Африканын гвиретка маймылдары (Chlorocebus aethiops) менен өткөргөн эксперимент жаңы шартта балдарды улуулардын жасаганын же мурда көргөнүн кайталап, башка жерлик кандаштарынын үрп-адатын жана тамактануу салтын оңой менен кабыл албасын көрсөткөн. Буга байланыштуу проф. Эндрю Уайтен “жаныбарлардын жүрүм-турумунун калыптануусунда жеке тажрыйба жана жаңылыштыктардын негизинде тажрыйба топтоп үйрөнүүгө караганда башкалардан үйрөнүү буга чейин ырасталып келгенден күчтүү экенин жогорудагы эксперимент көрсөтөт” деп билдирген.

(Булагы: www.ehbonline.or, http://www.nature.com)

Мазарлар жаратылышка зыян

Өлгөн адамдын денеси бузулуп, чирий баштаганда кыртыштын химиялык курамы өзгөрөрүн Чехиянын агротехникалык университетинин окумуштууларынын изилдөөсү көрсөттү. Жасатты жайга бергенде же өрттөп көмгөндө, кыртышка темир, цинк, күкүрт, кальций жана фосфор бөлүнөт. Алар тирүү жанга азык. Бирок бүлүнгөн жасаттан бөлүнгөн аты аталган элементтер табиятка тегиз жайылбай, көрүстөндө топтолорун айтат чех окумуштуусу Ладислав Смежда (Ladislav Smejda). Ошон үчүн өсүмдүктөр жана микроорганизмдерге тамак болчу береги азыктар көрүстөндөн башка жерлерде жетишпей калышы ыктымал. Адамдын организминде тишиндеги жамагы же пломбасынан бөлүнгөн зыяндуу зат - сымап да болот. "Бузулган дене бөлгөн заттардын химиялык изи кыртышта жакшы байкалат. Ал издер кыртышта өтө узак мезгил: көптөгөн кылымдар жана миңдеген жылдар сакталат. Эгер бир жайда адамдар кайра-кайра көмүлө берсе, анын эффекти ого бетер күчтүү болот. Бул, бүгүнкү көз караштан алганда, олуттуу маселе болбогону менен келечекте абдан маанилүү проблемага айланышы мүмкүн” дейт доктор Смежда.

Чех илимпозу жана анын шериктери көрүстөндү жана маркумдардын сөөктөрүнүн күлү чачылган саябактын кыртышын анизилдөө үчүн рентген кылчу флуоресценттик спектроскопияны (X-ray fluorescence spectroscopy) пайдаланышкан. Ошондой эле сөөктү ачык асманда калтыруунун табиятка тийгизген таасирин аныктоо үчүн союлган малдын бүтүн этин колдонушкан. Береги үч жайдын тең кыртышындагы химиялык заттардын топтому (концентрациясы) башка жердегилерге салыштырганда алда канча көп болгон.

"Көз жумган адамдарды көмүүнүн экологиялык жактан жаңы жолдорун иштеп чыгып колдонсо болот. Бирок бул аябай татаал маселе жана биз азыр андай талкуунун босогосунда турабыз" - деди ал Европанын Жерди изилдөө илимдер союзунун (European Geosciences Union) апрелдин этегинде Венада өткөн жыйынында сүйлөп. Илимпоз ошол эле учурда бул маселе адамды жайга берүү салты маданиятына жана динине бекем сиңген адамдар үчүн талкууга болбос “жабык тема” экенин эскерте кетти.

(Булагы: https://phys.org, https://www.chemistryworld.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG