Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Улут тарыхына кызыгуунун себеп-жөнү, илимпоздук жана ышкыбоздук изилдөөчүлүктүн түпкү айырмасы тууралуу белгилүү тарыхчы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Амантур Жапаров ой жүгүртөт.

Кийинки жылдары көп томдуу тарыхый эмгектерди жаратуу аракети күч алды. Ошол эле учурда тарыхка кызыккандардын, ышкыбоз жана дилетант авторлордун тарых жазууга кайрылган учурлары да көп.

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан Кыргызстандын тарыхынын үч томдугу (анын үчүнчү тому жарык көрдү) жарыялана баштады. Ага удаа кыргыз тарыхынын жети томдугу даярдалууда. Москвадан кыргыз тарыхына жана этнографиясына арналган фундаменталдуу эмгек жарык көрдү. "Азаттыктын" кабарчысы белгилүү этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Амантур Жапаров менен ушул темада маектешти.

Кыргызстан УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун жетекчиси А.Асанканов. 18.4.2017.
Кыргызстан УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун жетекчиси А.Асанканов. 18.4.2017.

“Азаттык”: Амантур мырза, акыркы убакта тарыхый эмгектер, көп томдуктар чыгып жатат. Бул тарыхый илимдердин аябай мыктылыгын, азыркы денгээлдин көтөрүлгөндүгүн көрсөткөн белгиби же тарыхчыларда көп томдуктарды жазуу модага айланып кеттиби?

Жапаров: Өз алдынча мамлекет болгондо, албетте, ар бир эл өз ордун таанып-билүүгө умтулат. Өткөн тарыхын билип, ошол тарыхынан сабак алып, алдыга жылганга аракет жасайт. Бул жагынан алып караганда, томдуктарды жазууда, мисалы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында үч томдук, депутат Алтынбек Сулайманов тарабынан каржыланып даярдалып жаткан көп томдук сыяктуу эмгектер, албетте, зарылчылык.

Амантур Жапаров маркум этнограф Имел Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган илимий жыйында. Бишкек. 18.4.2017.
Амантур Жапаров маркум этнограф Имел Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган илимий жыйында. Бишкек. 18.4.2017.

Өткөн мезгилдердеги жалпыланган эмгектер жазылгандан бери 30 жылдай убакыт өттү. Андан бери бир топ материалдар топтолуп, ошолорду илимий айлампага киргизүү керек эле. Ар кандай жамааттарда иштеген илимпоздор зарылчылык келип чыгып, алардын башын бириктирип иштеткен уюмдар, мисалы, Академияда тарых институту, коомдук илимдер бөлүмү иш алып барууда.

Ал эми көз каранды эмес тарых томдуктары - илимий-популярдуу мүнөздө жазылып жатат. Бул эми өзүбүздүн басып өткөн жолду, тарыхыбызды, маданиятыбызды жазып, элге сунуш кылсак деген ой болду. Албетте, аны жазууда кемчиликтер кетиши мүмкүн. Аны окурмандар менен адистер, илимий эмгектерди баалай турган квалификациялуу адистер баалаганы туура.

“Азаттык”: Жазуу үчүн, албетте, тарыхчылык кесипке ээ болуу керек, анан архивдик, башка маалыматтык булактар менен байланышта болуу абзел. Кийинки убактарда ышкыбоз тарыхчылар көбөйүп кетти. Мына ошол тарыхчылардын жазганы силерге, профессионал тарыхчыларга пайдасы тийип жатабы же ышкыбоз тарыхчы бойдон калып жатабы? Дегеним, Орозбек Айтымбетовдун, Кален Сыдыкованы ж.б. калемгерлерди ышкыбоз тарыхчы десек катуу тиер, алар тарыхты чагылдырууга кыйла эмгек жасашты. Сиздин оюңузча, ышкыбозчулуктун табияты эмнеге байланыштуу?

Жапаров: Ал нерсеге тыюу салганга болбойт. Себеби алардын каалоолору бар, темаларга, проблемаларга кызыгышат. Андай нерсе башка республикаларга деле мүнөздүү болуп келген. Көз карандысыздыкка жетишкен жылдардан баштап, ушул Орусия Федерациясында, Казакстанда, башка жерлерде деле тарыхчы эмес, техникалык адистик менен иштегендер, табият таануу илими боюнча иштегендер тарыхка кызыгып макалаларды, китептерди жазышты.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн тарыхына арналган оюн "Өмүр Көчү-100" автоунаа жүрүшүнүнү катышуучуларына тартууланды. Кырк Шейит жергеси, Тоң району. 05.8.16.
1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн тарыхына арналган оюн "Өмүр Көчү-100" автоунаа жүрүшүнүнү катышуучуларына тартууланды. Кырк Шейит жергеси, Тоң району. 05.8.16.

Балким, ошол мезгилде кандайдыр бир маалымат жетишпегендиги ошолорго түрткү берди көрүнөт. Тарыхчылар архивдерде отуруп, бардыгын салыштырып, сын көз менен карап, аларды тактап чыккыча далай убакыт талап кылынат. Анан ал архивдик, этнографиялык материалдар, археологиялык артефакттардын бардыгын сыдыргыдан өткөрүп чыкканча дагы убакыт керек болот. Сиз айткан аты аталган адамдарга, дагы башка адамдар да бар, албетте, аларга сый мамиле жасайбыз.

Бирок экинчи жагынан алып караганда, булар профессионалдуу адис эмес, изилдөө ыкмаларын, методологияны жеткиликтүү деңгээлде өздөштүргөн эмес. Айрым учурда бир булакка таянып алып, тыянак чыгарган учурлары кездешет. Илимдер академиясында булар боюнча талкуулар болуп, ошол ышкыбоз тарыхчылар чакырылып, алардын эмгектери боюнча сын пикирлер каалоо иретинде болгон.

"Кээ бир учурларда элдин тарыхын байытып, көркөмдөп, кооздоп жазуудан тарых өзгөрүп кетпейт да".
Амантур Жапаров

Адистердин калыптанышына да көп убакыт керек да. Окурмандар ошол ышкыбоз тарыхчылар жазган маалыматты адистердикине салыштырып окуса жакшы болот го.

Кээ бир учурларда элдин тарыхын байытып, көркөмдөп, кооздоп жазуудан тарых өзгөрүп кетпейт да. Маданият, эл, тарых карым-катнашта болот жана бири-бирине таасирлер болот, ошол аркылуу өнүгүп өсөт. Мына ушул нерселерди да эске алуу керек.

Эмгектердин жаралышы шар эле боло калбайт. Бир макаланы даярдоо үчүн да далай эмгек, убакыт сарпталат. Мисалы, мен этнограф болгондуктан, оригиналдуу макала даярдоо үчүн көп убакыт керек. Аны башкалар менен салыштыруу, анализдеп чыгуу керек, ырааттуу баяндап, чындыкка жакындатып жазуу зарыл, бир-эки таасирленүүдөн эле биротоло бүтүм чыгарбашым керек.

“Азаттык”: Тарыхый изилдөөлөрдүн азыркы кездеги актуалдуусу десек болот го, совет мезгилиндеги тарых кайрадан объективдүү калыс изилденбегендей тааасир калтырып жатат да. Ушундайбы?

Жапаров: Бардык нерсе салыштырмалуу. Абсолюттуу чындык жок дегендей да. Айрым бир жакшы, объективдүү чындыкты берген маселелер бар. Кээ бир маселелер талаш, кээде иделогиялык көз караштан улам калыстыктан кетип калган учурлар болот.

Азыр мамлекет тарабынан же башка жерлерден идеологиялык таңуулоо деле жок. Менин субъективдүү пикирим, кээ бир адамдар ойлонуп, кээ бир маселер жекече бүтүм болгондой туюлуп кетет да. Мына ошол нерсеге ылайыктап, салыштыруу керек.

Кээде аша чаап кеткен учурлар болот. Бирок ал дагы тартипке келе жатат болушу керек. Айрыкча, тарыхый инсандар боюнча кээ бир эмгектер, ал деле кичине тартипке салынып жатса керек. Өзгөчө 1990-2000-жылдардын башындагы инсандарды баяндап берип жатканда аша чабуу байкалды... Тигил же бул адам канчалык эмгек сиңирди, ошону жалпылап жазылчу тарыхка берүүгө болобу, кандайдыр-бир критерий болушу керек.

Дагы бир нерсе, кийинки мезгилдерде Советтик мезгилде илимий продукцияларды чыгаргандан да осол кемчиликтер орун алып жатат. Көзгө урунган кемчилик - бул китепти, жыйнактарды жакшы деңгээлге чыгарып, орустар айткандай, өзүнүн "кондициясына" жеткиргенге үлгүрбөгөндүк. Азыркы басмаканалардын көпчүлүгүндө мурдагы “Кыргызстан” же болбосо “Мектеп”, “Илим” сыяктуу басмаканаларда атайын редакторлор стиль, грамматикалык эреже жагынан кынаптап турушчу, окуганга дагы жакшы болчу, мына ушул жактары бүгүн аксап жатат.

Кийинки кездеги кабарлар боюнча, айрым чоң басмаларда атайын редакторлор ишке тартыла баштаганы тууралуу маалымат угуп жатам, бул - жакшы жышаан.

Жазылган эмгектер, окумуштуулар, китеп жазган кишилер стилдери боюнча ар кандай болот. Айтайын дегеним, жалпыланган эмгектер баштан аяк бир бүтүн органикалык биримдикти түзүп тургандай болушу керек. Китеп кандай аудиторияга багытталган болсо, ошого жооп бергендей болушу кажет.

“Азаттык”: Амантур мырза, студияга келип, маек курганыңыз үчүн сизге рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG