Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:04

Евразияны кезип иликтеген илимпоз эле: Этнограф Имел Молдобаев агай 75 жашка чыкмак


Көрүнүктүү этнограф, профессор Имел Бакиевич Молдобаев (1942 - 2005).

Кыргыздын таанымал тарыхчы-этнографтарынын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Бакиевич Молдобаевдин 75 жылдык мааракесине арналган күндөлүк макала (блог).

Ага-инилик сыйыбыз орток илимий көз карашка негизделген

Имел Бакы уулу агай жаш илимпоздордун ичинен мага жакын болуп, ылым санаган агайым эле. Биздин орток илимий концепциябыз бар эле: ал дагы, мен дагы Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев сыяктуу кыргыз таануучулардын сабында болуп, Леонид Кызласовдун “Эне-Сайда байыртадан хакас эли болгон, ал эми кыргыз – чакан эле уруу болчу” деген илимди одоно бурмалоосуна, ошондой эле, "Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхынын Кыргызстан тарыхына түздөн-түз тийешеси жок” деген усубалиевдик-карыпкуловдук-плоскихтик-кляшторныйлык расмий жобого каршы ырааттуу чыктык.

Биздин, демек, орток устаттарыбыз жана илимдеги досторубуз бар болчу: жогоруда ысымдары айтылган устаттарым Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Виктор Бутанаевден тышкары, Орусиянын ар кыл аймактарында, Казакстанда, Өзбекстанда, Кытайда ж.б. аймактарда бизди концепциялык жактан колдогон окумуштуулар арбын эле.

Кыргызстандын өзүндө болсо, менин билишимче, 1985-жылдан кийин, б.а. Кайра куруулар доорунан тартып байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхын изилдей баштаган жаш окумуштуу тарыхчылардын токсон пайыздайы биздин илимий концепцияны колдоп чыгышты. Алардын арасында Т. Кененсариев, Т. Өмүрбеков, М. Кожобеков, О. Каратаев, А. Кылычев, А. Койчиев, К. Молдокасымов, К. Табалдыев, М. Иманкулов, А. Турдуева, С. Алымкулова, ж.б. тарыхчылар бар.

1989-жылы 3-июнда уюшулган Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) жана анын кийинки мураскорлору – Кыргызстан Тарыхчылар Коому (1995‑2010) жана “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси (2011-жылдын февралынан) сүрөөнгө алган бардык окуу китептеринде жана монографияларда кыргыз тарыхы байыркы доордон азыркы күнгө чейин ырааттуу өнүккөн, бир нече баскычтан турган, бирок бирдиктүү нуктагы тарых катары баяндалат. Анда совет этнографтарынын "XVI кылымда гана кыргыздар эл болуп калыптанган" деген тескери жана чала жобосу төгүндөлөт.

Демек, Имел агайдын артында анын жолун жолдогон жана анын ишин андан ары илгерилеткен кубаттуу толкун пайда болду десек жаңылышпайбыз.

Агайдын өмүр жолуна кылчаюу

Имел Бакы уулу Молдобаев 1942-жылдын 15-февралында (бирдин айынын 15инде) Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Кейиштүүсү, Имел агабыз төрткө чыкканда энесинен айрылат. Өспүрүм кезинде, он үч жашында, атасынан да ажырап, иниси экөө томолой жетим калган. Бала чактагы бул шум тагдыр жазмышы аны өмүр бою өксү кылып жүрүп өттү. Алтымыштын кырына келгенде деле: “Аттиң! Ата-энем тирүү болгондо чайымды ичпейт беле! Бала-бакырамдын жакшылыгына ортоктош болбойт беле!” деп каңырыгы түтөп калар эле. (Менин атам өзүм онунчу классты аттаганда дүйнө салган, бирок энелүү жетим – эрке жетим делгендей, Имел агайдай өксүгөн жок элем).

Имел агай кийинчерээк Бишкек шаарындагы айтылуу № 5 орто мектепте окуп, таалим алган. Андан соң борбор шаардагы Фрунзе Автожол техникумунда окуп, ал окуу жайдан “техник-механик” деген адистикке ээ болгон.

Агайыбыз Советтик армияда аскер кызматын өтөгөн. 1968-жылы ал баралына жетип турганда, 26 жашында, Кыргыз мамлекеттик университетинин (мурдагы КМУ; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетине окууга тапшырат.

(Көрсө, тажрыйбалуу болуп келип ЖОЖдо окугандын да өз керемети бар турбайбы! Жаңы өткөн студенттер аскерден келгендерди “карып калган кишилер” деп санашчу. Эми гана жаштар бул жагдайды туура кабыл алышып, аскерде деле, башка жайларда деле инсан өзүнүн турмуштук университетинде өз алдынча таалим алып тургандыгын, өмүрүндө керек болсо бир нече окуу жайдан окууга туура келерин аңдай башташты).

Имел агайыбыз 1972-жылы КМУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунда (азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунда) илимий чыйырын баштайт.

Улам башка мекемелерде иштеген инсандардын өмүр таржымалын жазуу кыйынга турат. Имел агабыз болсо ошол жылдан өзүнүн көзү өткөнгө чейин аталган институтта эмгектенип келди. Албетте, илимий даражалары өзгөрүп турду – кенже илимий кызматкерден соң, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчысы деген даражаларга өз мээнети менен жетти. Айрым учурларда Бишкектеги университеттерде этнография жаатында дарстар берип, илимий жетекчиликти жүрүгүзүп турду. (Анын шакирттеринин бири Сынару Алымкулова кыргыз-алтай этностор аралык алакаларын иликтеп, кандидаттык диссертациясын коргогон).

Имел Бакы уулу 2005-жылы күзүндө Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур автоном районуна илимий сапарда болуп, жыйындарга катышып, ал жерде ооруп калат. Бишкекке кайткан соң, 2005-жылы 19-ноябрда (жетинин айынын 19унда) оорунун айынан дүйнө салып кете берди. Артында жубайы Мария жеңе, төрт кызы, жээн неберелери калды.

Маркумдун сөөгү Бишкектин түштүк-батыш ыптасындагы көрүстөнгө коюлган.

“Жаныш, Байыш” эпосу

Имел ага кыргыз таануу комплекстүү илиминде жаңы дың казган илимпоз эле. Имел Бакы уулунун илимдеги чыйыры академик Бегималы Жамгырчинов, профессор, академиянын мүчө-кабарчысы Кушбек Үсөнбаев, арабист-тарыхчы Өмүркул Караев, синолог Галина Павловна Супруненко сыяктуу залкар тарыхчы жана кыргыз таануучулар менен ийиндешип иштеп, алардын нускоосун алуу менен башталды.

Имел аганын кандидаттык диссертациясы “Жаныш, Байыш” эпосу - тарыхый-этнографиялык булак катары” деген темага арналган. Бул теманы алганда аны шылдың кылгандар, мазактагандар, “ушул чакан эпостон да диссертация чыгабы?” деп эликтегендер болгонун анын кесиптештери кийин бизге – шакирттерге күлүп айтып жүрүштү.

Салыштырып көрсөк, байыркы орустардын беги (князь) Игорь Святославичтин 1185-жылы Кыпчак талаага (Дешт-и Кыпчак) жортуулга чыгып, бирок кыпчактардан (половец) жеңилип калгандыгы жөнүндө “Игордун кошууну жөнүндө баян” деген чакан дастанды изилдөөгө миңдеген диссертациялар арналган.

Бул дастандын каарманы болгон Игорь Святослав уулу Олег небереси – Киевдик Орус мамлекетинде Новгород-Северск шаарынын жана чөлкөмүнүн беги болгон. (Бул шаар азыркы Украинанын Чернигов облусунун аймагында, Киевден 270 чакырымдай түндүк-чыгышта жайгашкан жана азыр аны украиндер Новгород-Сиверский деп аташат; аны Орусиядагы Новгород шаары менен чаташтырууга болбойт).

Ушул чакан дастан жана аны иликтөөгө байланыштуу 1995-жылы Орусия Илимдер академиясынын Орус адабияты институту (“Пушкин үйү”) беш томдук көлөмдүү энциклопедияны жарыкка чыгарды.

Бизде болсо “Жаныш, Байыш" эпосун мындай кой, залкар “Манас” эпосу боюнча чыгарылган энциклопедиябыз ар кыл илимий тармактардын кесип ээлери тарабынан дагы да толуктоолорду, көп томдук кылып жаңыртууну, ага кытайлык жана башка чет элдик манасчылык салтынын мол маалыматтарын, чет мамлекеттердеги Реми Дор, Карл Райхл, Эмине Гүрсой Наскалы, Нажийе Йылдыз, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаңйиң сыяктуу окумуштуулардын жаңы иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын да камтууну талап кылат.

Айтор, Имел агай “Жаныш, Байыш” дастанынын гана “багын” ачпастан, тарыхый эпосторду этнографиялык булак катары иликтөөнүн жаңы сересин да баштап берди. Ал тийешелүү чыгармага булак таануучу катары да, этнограф катары да сересеп салуунун заманбап ыкмаларын атамекендик тарых жана этнография илими үчүн иштеп чыкты. Бул жааттагы дүйнө жүзүндөгү эпос таануудагы жетишкендиктерди өздөштүрдү.

Ошентип, ал 1979-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында “Жаныш, Байыш” эпосу - тарыхый-этнографиялык булак катары” (“Эпос “Жаныш и Байыш” как историко-этнографический источник”) аттуу темадагы кандидаттык диссертациясын ийгилик менен коргоду.

Ага илимий жетекчи катары да, санаалаш жана үзөңгүлөш агасы катары да профессор Кушбек Үсөнбаев дайыма колдоо көрсөтүп келди. Профессор Кушбек Үсөнбаев Кыргызстандын тарыхынын башка көйгөйлөрүнөн тышкары 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш тарыхын ырааттуу жана калыс изилдеген ири окумуштуу болчу. Бул агайыбыз 1983-жылы Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Т. Усубалиев тарабынан жазыксыз жерден улутчул катары айтыпталып, Совет бийлиги кулаганга чейин кыйла чүнчүтүлүп, жерилип жүргөн. (Профессор К.Үсөнбаевдин шакирти Кыяс Молдокасымов менен маегин толугураак караңыз: Кыргыз Туусу. – 2008. – 7-октябрь. ‑ № 75).

Бул кыйчалыш убагына карабастан, жаш окумуштуулар Кушбек Үсөнбаевди өздөрүнүн пириндей көрүшөр эле. Имел агай дагы өзүнө аталык камкордук көрсөткөн насаатчысы Кушбек Үсөнбаевди айрыкча жылуу сезим менен эскерип, ал устаты туурасында өзгөчө ыракаттанып кеп курар эле.

Тарыхчылар (солдон оңго) М.Кожобеков, К.Молдокасымов, С.Данияров, Т.Чоротегин, К.Үсөнбаев, З.Курманов, И.Молдобаев, Ө.Караев, Т.Өмүрбеков жана (оң четте) адабиятчы А.Акматалиев. Стамбул ш., 1994.
Тарыхчылар (солдон оңго) М.Кожобеков, К.Молдокасымов, С.Данияров, Т.Чоротегин, К.Үсөнбаев, З.Курманов, И.Молдобаев, Ө.Караев, Т.Өмүрбеков жана (оң четте) адабиятчы А.Акматалиев. Стамбул ш., 1994.

1992-95-жылдары мен КЖТЖнын төрагасы элем.

1994-жылы күзүндө (сентябрда го, чамасы) Анкарадагы Түрк Тарых Курумунун жетекчилиги мага кайрылып, түркчө жакшы билеримди айтып, он илимпоздон турган топту жетектеп келүүмдү сунушташты. Ал кезде түрк тилин билген кыргыз тарыхчылар саналуу эле.

Мен 5 орто жаштагы жана карыя тарыхчы жана КЖТЖнын иштерине жигердүү катышкан 5 жашыраак илимпоз курамында болгон топ менен бардым. Арабызда тарыхчылар Кушбек Үсөнбаев, Санжарбек Данияров, Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, Зайнидин Курманов, Токторбек Өмүрбеков, Муратбек Кожобеков, Кыяс Молдокасымов жана адабиятчы Абдылдажан Акматалиев бар эле.

Ошондо Имел агай баштан өткөргөн далай жоруктарын, анын ичинде “Жаныш, Байыш” дастанын коргоого байланыштуу кыйынчылыктары жөнүндө мага шашпай айтып берген.

Манас таануу

Имель Бакиевич кыргызтаануу илимине “Манас” эпосун комплекстүү изилдөө боюнча жаңы багыт ачкан, аны ар тараптуу изилдөөгө алып, заманбап илим деңгээлине жеткирген чыгаан илимпоз катары тарыхта калмакчы.

Ал “Манас” эпосу жаатында илимий иш-аракетин 1970-жылдардын соңунда эле баштаган. “Жаныш, Байыш” дастанын иликтөө бир чети ага манас таанууга кирүү үчүн камылга сындуу болуп калган.

Ал илимий өмүр жолунун көпчүлүк бөлүгүн “Манас” дастанын тарыхчы катары изилдөө ишине арнады десем жаңылышпаймын. Кээде тарыхнаамадан иши жоктор (кыргыз тарых илиминин өзүнүн да тарыхын үйрөнүү керектигин таназарга албагандар) айрым коомдук жыйындарда бапылдап сүйлөшүп, “эмдигиче бир дагы кыргыз тарыхчысы “Манас” дастанын жарытылуу иликтей элек” деп калышат.

“Жок, ракым этиңиз! Бизде Имел Молдобаев деген залкар тарыхчы жана манас таануучу болгон, ыраматылык Билал Чыныбаев да “Манас” дастаны боюнча кандидаттык диссертациясын Казан шаарында коргогон. Ал жактап жатканда Казанга Имел агай экөөбүз тең барганбыз. Ушул эле кылымыбыздын башында “Манас” дастанын этнограф катары иликтеп, бир нече жаш тарыхчы адис диссертациясын коргошту. Темасы башка болгон чакта да, башка тарыхчылар деле “Манас” эпосуна булак катары үзбөй кайрылышат”, - деп аларга илгиртпей түзөтүү киргизип келем.

Имел Молдобаев 1995-жылы "Манас" таануу жаатындагы докторлук диссертацияны ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору даражасын алган. Кайталасам, кыргыз тарыхчыларынын ичинен жалаң гана “Манас” дастанын комплекстүү этнографиялык булак катары иликтеп, докторлугун жактаган алгачкы илимпоз – дал ушул Имел агайыбыз эле.

(Караңыз: Молдобаев И.Б. "Манас" ‑ историко-культурный памятник кыргызов. – Бишкек: “Кыргызстан”, 1995. ‑ 311 бет. – ISBN 565500965X, 9785655009653. – Государственная дирекция “Манас‑1000”. – Национальная академия наук Кыргызской Республики. Институт истории. – Научно-пропагандистский деловой проект “Мурас”).

Имел агабыз Евразиянын 30 чакты шаарындагы ар кыл илимий жыйындарга катышып, “Манас” жана башка кыргыз эпосторунун маалыматтары, кыргыздардын башка калктар менен тарыхый-этнологиялык байланыштары тууралуу олуттуу баяндамалар жасап келди.

Саякатчы этнограф

Евразиянын кеңири чөлкөмдөрү өз тарыхый чөйрөсү болгон элдердин бири – кыргыздар. Нагыз кыргыз этнографы Ички Азия (Монголия жана Ордос), Сибир, Борбордук Азия (анын ичинде постсоветтик жумурияттар, КЭРдеги Шинжаң Уйгур автоном району жана Тибет), Урал тоолору, Эдил (Волга) бою сыяктуу чөлкөмдөрдү кыдырып, бабалардын ар кыл топтору байырлаган мейкиндикти жекече сезүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек.

Имел агайыбыз дал ушундай саякатчы этнограф болчу. Ал саха жергесинде, Саян-Алтайда, Батыш Кытайда, Түркияда, Башкырстанда, Татарстанда ж.б. аймактарда болгон. Ал эл аралык илимий жыйындардын шылтоосу менен далай жерлерди кыдырды. Кээде ал Саян-Алтай тарапка өз акчасына болсо да, этнографиялык илимий саякаттарга аттанып жатты.

Ага абакандык кан досу, теги хакас Астайбек Бутанаев, Улан-Удэ шаарынан теги бурят тарыхчы Даба Дамбаевич Нимаев (26.02.1952 – 14.12.2014) да үзөңгүлөш болуп, бул сапарларда чогуу жүрдү.

Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 1-бет.
Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 1-бет.

Өмүрлүк жары Мария жеңенин да Имел агай үчүн опол тоодой жардамы болду. Жеңебиз кабагым-кашым дебестен, аны улам жаңы сапарга аттандырып, ошондой эле Бишкекке ат тезегин кургатпай келген чет жактык этнограф жана башка окумуштууларды коноктоп жатты. Буга мен өзүм да нечен ирет күбө болдум.

Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 2-бет.
Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 2-бет.

Имел агабыз чет мамлекетке кыргыз таануунун заманбап деңгээли тууралуу да маалымат таркатып, дүйнө айдыңдарында кыргыз улутунун тарыхы, эпостук мурасы, руханий казынасы, маданий асыл-нарктары жаатында кеңири түшүнүк жаратуу үчүн инсандык жана атуулдук салым кошуп келди.

Имелдин көөнөргүс мурасы жана эс тутум

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Бакиевич Молдобаев нускалуу өмүр сүрдү. Анын 100дөн ашуун илимий эмгектеринин көпчүлүгү, негизинен «Манас», «Жаныш-Байыш» эпосторуна, андагы кыргыздардын философиялык, диний түшүнүктөрү, илим-билиминин, медициналык билимдеринин өнүгүшү, каада-салттарынын чагылдырылышы сыяктуу көйгөйлөрдү изилдөөгө арналган. Андан тышкары, профессор И. Молдобаев кыргыз этногенези (келип чыгыш теги), саякатчы Рерихтин кыргыздар тууралуу маалыматы жана башка ар кыл кызыктуу темаларда да оригиналдуу макалалар жазган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын атайын чечимине ылайык, үстүбүздөгү (2017-) жылы бирдин айынын (февралдын) 15инде маркум этнограф Имел Молдобаевдин 75 жылдык мааракесине арналган кереге кеңеш (тегерек үстөл) уюштурулууда.

Ал эми Имел Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын чын куран (апрель) айынын 18инде болмокчу. Бул эки иш-чара тең Имел ага өмүр бою иштеп келген КР УИАсынын жыйын залында өткөрүлөт.

Бишкектеги Имел агайдын элесине арналган эл аралык илимий жыйынга келүү ниетин археолог, профессор Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск), этнограф, профессор Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев (Абакан), тилчи, адабиятчы, илим доктору Макелек Өмүрбай, профессор Мамбеттурду Мамбетакун (Үрүмчү) ж.б. кыргыз таануучулар алдын ала билдиришти.

Менимче, Имел Молдобаев агайдын ысымын өзү туулуп-өскөн Каракол шаарынын көчөлөрүнүн бирине койсо, караколдуктар жалпы кыргыз элинин этнографиясын жана маданиятын изилдөөгө бараандуу салым кошкон инсандын арбагына таазим кылган болоор эле. Бишкек четинде деле кайсы-бир мэрдин тушунда “көчөгө асфальт төшөйм” деп куру убада берип, өз чоң атасынын ысымын койдуруп алган шылуундар пайда кылган көчө аттары бар. Мындай ээнбаш коюлган аталыштарды тартипке салуу учурунда тийешелүү мекемелер Имел Молдобаевдин ысымын да көңүлдө тутушса дурус болмок.

Эми, чын-чынында, булардын бардыгынын маркумга эч кереги жок. Ушундай кадам аркылуу азыркы жана болочокку урпактар татыктуу инсанга татыктуу баа берүү аркылуу өздөрүн-өздөрү тарбиялап жатышат ко деп ойлоп кетем.

Улуу этнограф Имел агайдын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала берет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG