Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

Бир катар тарыхчылар “Манас” ордени менен сыйланды


Президент Алмазбек Атамбаев бир катар тарыхчыларды үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай сыйлык менен кытайлык кыргыз тил таануучусу Макелек Өмүрбай, Хакас мамлекеттик университетинин этнография лабораториясынын башчысы, тарыхчы Виктор Бутанаев жана Новосибирск университетинин профессору, тарыхчы, археолог Юлий Худяков сыйланышты.

Аталган окумуштуулар кыргыздардын тарыхы, кыргыз тили боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG