Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:28

ИМЕЛЬ МОЛДОБАЕВДИН “МАНАСЫ”


Имель Бакиевич Молдобаевди Кыргызстандын эле эмес, жалпы тарых дүйнөсү жакындан билген инсан эле. Имель Бакиевич кыргызтаануy илимине «Манас» эпосун комплекстуу изилдөө боюнча жаңы багыт ачкан, аны ар тараптуу изилдөөгө алып анык илим деңгээлине жеткирген окумуштуу болчу. Окумуштуу баралына келип, бай тажрыйба топтогон маалда шум ажал арабыздан жулуп кетти.

Имель Бакиевич Молдобаев кыргыз тарыхында аты таанылган анык илим дыйкандарынын бири эле. Ыраматылыктын жүргөн-турганы, ойлогон ою, жасаган иши тарых болчу. Ал басса-турса да баладай бапестеп, кыраан куштай таптап келаткан “Манас” эпосунан сөз куруп, андан алпештенген ойлорун ортого төгүп, “мен Манастан ушундай бир жаңылык таптым, силердин пикир, көз карашыңар кандай”, деп кудуңдап оюн ортого салчу. Имель Бакиевичтин ырыс белги жапакечтиги, табият тартуулаган акылгөйлүк касиети анын кыска аралыкта Кыргызстандын эле эмес, жакынкы жана айрым чет элдик тарых дүйнөсүнө аты таанылып, урматталган илимпоз катары саналышына себепкер болду.

Анда эмесе азыр Имель Бакиевичти жакындан тааныган, анын сааналаш, калемдеш досу, хакасиялык айтылуу тарыхчы, профессор Виктор Яковлевич Бутанаевдин пикирин тыңдап көрсөк:

- Имел Бакиевич Молдобаевди иликтөөчү катары, мыкты адам катары 20 жылдан бери билер элем. Ал бизге – Хакасияга биринчи жолу кыргыздар менен хакастардын ортосундагы этногенетикалык, этномаданий байланыштарды иликтөө максатында 1980-жылдарда келген эле. Имел Бакиевич чарчоону билбеген эмгекчил илимпоз эле. Өтө көп, ары кызыктуу материалдарды таап чыккан жана аларды өз эмгектеринде чагылдырып кеткен эле. Албетте, биз мыкты досубуздан айрылдык. Ал дүйнөдөн эрте кетти, мындан да көп мыкты иштерди жасай турган куракта эле.

Азыркы зaкымдаган мезгил өлчөмүнөн алганда ал тарых илимине кыйла кеч аралашты. Анын себеби да катаал турмуш кайгысынан болсо керек. Имель Бакиевич 1942-жылдын 15-февралында Ысыккөл областынын Каракол шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, 4 жашында энесинен, 13 чыкканда атасынан ажырап, томолой жетим калган. Кийин борбор шаарында айтылуу №5-орто мектепте окуп, адегендеги турмуш чыйырын Автожол техникуму менен болжоп, ал окуу жайдан “техник-механик” адистикти алган.

Бирок жаштайынан көкүрөккө сиңген тарых таржымалдары аны акыры Улуттук университеттин тарых факультетинин босогосуна алып келди. Ошентип ал тарыхчылык кесип дипломуна 30 жашка чыкканда барып ээ болду. Буга чейинки техникумдук окуу жана 3 жылдык армиялык тажрыйба, эң башкысы, анын көздөгөнүнөн кайтпаган көктүгү акыры тарых илиминин татаал жолуна түшүп, фольклордук маалыматтардын тарых өңүтүнө келтирип түрткү берди.

Имель Бакиевичтин адегендеги илим чыйыры Б.Жамгырчинов, К.Үсөнбаев сыяктуу кыргызтаанучулар менен чогуу иштеп, алардын жолдомосу аркылуу башталды. Анын кандидаттык диссертациясы “Жаныш, Байыш” эпосунун тарыхый-этнографиялык булактык негизи” деген темага арналып, ыраматылык Имель Бакиевич өмүрүнүн акырына чейин илимий ишке жетекчилик эле эмес, ага аталык камкордук көрсөткөн насаатчысы Кушбек Үсөнбаевди айрыкча жылуу сезим менен эскерип, ал адам туурасында узун учук кеп кураар эле.

Имель Бакиевичтин өзүнүн айтканы жана кесиптештеринин эскерүүсүнө ылайык, Илим Академиясынын ошол убактагы жетекчилиги талапкер тандаган темага анча ынанып, ийип кеткен эмес. Ал убактагы партия диктатынын маалында аспирант аттуунун баары “колхоз, совхоз болбоду дегенде клуб куруудагы партия жетекчилигинин мааниси” сыяктуу темаларды тандап алып жаткан убакта, анын кыргыз элинин өзгөчөлүгүн көрсөтчү проблеманы көздөшү “учур талабы, т.а., партия багытына” караманча каршы көрүнүш болгон.

Тарых институтундагы тымызын оюндардын учу узара берээрин туйган талапкер, бүткөн ишти колтугуна кысып, калыстык издеп СССР ИАнын Ленинграддагы Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун филиалына барат. Анын жогоруда айтылган кандидаттык диссертациясы, ушул институтта 1979-ж. ийгиликтүү корголуп, ал түгүл Имель Бакиевич мындан кийинки чыгармачыл чыйырын аныктагыдай илим адамдары менен жолуккан. Ал бала кыял ачыктыгы менен В.А.Ромодин, С.М.Абрамзон, А.Д.Грач сыяктуу илимпоздор туурасында, алар көрсөткөн илимий тажрыйба, накыл кептери жөнүндө чечилип айтып берээр эле.

Имель Бакиевич кыргызтаануу илимине “Манас” эпосун комплекстүү изилдөө боюнча жаңы багыт ачкан, аны ар тараптуу изилдөөгө алып анык илим деңгээлине жеткирген окумуштуу болчу. Ал “Манас” эпосу менен иштөөнү 1970-ж. соңунда барып баштады. Анткен менен кыска убакыт аралыгында ал дүйнөнүн 29 шаарына барып, Манас темасында илимий докладдарды жасап, ал өлкөлөргө жалаң эле дастанды эмес кыргыз элинин тарыхы, эпикалык казынасы, маданий баалулуктары боюнча түшүнүк жаралышына негиз салып келди.

Имель Бакиевичтин ченемсиз ишмердиги, учкул фантазиясы кимди болсо да тангалдырбай койбойт. Советтер Союзу тарагандан кийинки окумуштуу адамдардын кадыр-баркы түшүп, мамлекет тарабынан колдоо токтоп калган маалда, ал мурдагы Союз убагындай эле дүйнөнүн булуң бурчтарында өтүп аткан илимий конференцияларга катышуусун токтоткон жок. Алеки заматта ишкер атанып байып кеткен бизнесменедерден баштап, ар кайсыл кайрымдуулук фонддордун эшигин тешип жол кирелик акча таап, дүйнөлүк илим коомчулугун кыргыз тарыхы жана теңдешсиз “Манас” дастаны менен тааныштырып келди. Кыргызстан эгемендик алып, “беймаалым республикадан” ааламга аты тараган Кыргыз Респуболикасынын атанышына – Имель Молдобаевдин аз да болсо салымы бар.

Имель Бакиевичте адам баласында чанда кездешчү тубаса окумуштуулук касиети бар эле. Ал кыска аралыкта 5 илимий монография, 200дөн ашык илимий макалаларды жазган. Имель Бакиевич жалаң эле илимий изилдөөчүлүк менен чектелип калбастан, тарых илимин, асыресе “Манас” дастанын пропагандалоо боюнча зор иштерди аткарды. Анын илимий-популярдуу макалалары маалымдоо каражаттарында үзбөй жарыяланып, өзү болсо телерадио берүүлөр аркылуу Манастай толкуп, кыргыз тарыхы, “Манас” дастаны туурасында келиштирип кеп куруп тураар эле.

Кийинки убакта катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, келечекке опол тоодой долбоорлорду түзүп, жетишсем жетишип калдым, болбосо шакирттерим бүткөрөөр деп, аларды чекесинен чалыкпай ишке алып тамамдап келди. Аттиң, окумуштуу баралына келип, бай тажрыйба топтоп, илимге көзү каныгып мына деп мерчемдеген иштеринин үзүрү келип, үй бүлөсүнүн андан да төрт кызынын убайын көрөөр маалда шум ажал арабыздан жулуп кетти.
XS
SM
MD
LG