Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

БИЛАЛ ЧЫНЫБАЕВ БИЙЛИКТЕ ЭМЕС, БИЙИКТЕ ЖҮРЧҮ


Маектешкен Кожогелди Култегин, Бишкек Тарыхчы-окумуштуу, мамлекеттик ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, депутаттардын 1-Май райондук кеңешинин төрагасы Билал Чыныбаев да Бишкектен Иранга сапар алары менен кыйроого учураган "Боинг-737" учагында болгон экен, тилекке каршы, ал дагы көз жумду. Билал Чыныбаев жөнүндө аны менен бирге окуган жакын курбусу, тарыхчы-окумуштуу, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов айтып берет.

- Кыяс мырза, Билал Чыныбаевдин студенттик кезден берки өмүр жолу, эмгек жолу сизге айрыкча дайын. Ал тууралу кыскача эскерүү-баян жасап өтсөңүз?

- Билал Чыныбаев студент кезинен эле дилгирлиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен айырмаланчу. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде бир группаны жетектечү. Мыкты да окучу. Ошонун натыйжасында 3-курстан Казань мамлекеттик университетине которулуп кеткен. Казань шаарында көрүнүктүү окумуштуу Усмановдун жетекчилиги менен “Манас” эпосундагы тарыхый байланыштар боюнча өзүнүн кандидаттык диссертациясын жактады. Анан Кыргызстанга келип, оболу Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент болуп иштеп жүрүп, кийин мамлекеттик аткаруу кызматына кетти. Алгач Бишкек шаардык мэриясында жооптуу кызматкер, анан шаардын Свердлов районунун акиминин орунбасары, 1-Май районунун акиминин орунбасары болуп иштеди. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болчу. Учурда депутаттардын 1-Май райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеп жаткан.

- Билал Чыныбаевдин “Манас” таануу багытындагы илимий диссертациясы өз убагында илим дүйнөсүндө кыйла кызыгууну жаратканы эсибизде. Ушул жагдайга кененирээк токтолсоңуз?

- Билалдын “Манас” эпосундагы тарыхый параллелдүүлүк боюнча изилдөөлөрү өтө кызык. Эпос каармандарынын 9-кылымдагы тарыхый инсандар менен дал келишүүсүн чеберчилик менен ачып берген. Анан ал 19-кылымдагы бизге белгисиз татар окумуштууларынын “Манас” эпосу боюнча жазып калтырган пикирлерин таап чыкты, жарыялады. Бул дагы өзүнчө чоң жаңылык болду. Көрүнүктүү окумуштуу Усманов Билалды таап алганына, ага устат болгонуна ушунчалык сүйүнүп жүрбөдүбү. Белгилүү тарыхчы Молдобаев оппонент катары Билалдын кандидаттык диссертация коргоо каадасына катышып келген. Татар окумуштуулары Билал Чыныбаевдин илимий изилдөөлөрүн өтө жогору баалашкандыгын тимеле жомок кылып айтып келгени эсибизде.

- Анан ошол таланттуу илимпоз кандай шарттан мамлекеттик ишке ооп кетти?

- Билалдын уюштуруучулук жөндөмүн, ой-пикир, сунуштарынын алымдуулугун байкаган аткаруу бийлигинин төбөлдөрү аны Бишкек шаардык мэриясына чакырып кетишкен. “Манас-1000” мааракесинде ал Бишкек шаары боюнча координаторлук кызматты да талтөөндөй аткарып, андан аркы карьерасына жол ачты окшойт. Бирок да Билалдын уюштуруучулук артыкчылыктары өз деңгээлинде ачылганы жок, колунан келе турган кызматтарды аркалабады. Муну азыр өкүнүү менен белгилеп коёлу...

- Кыяс мырза, соңку суроо, Билал Чыныбаев ушул кыйроого учураган авиа-каттамга кандайча келип түшүп калган экен?

- Билал кийинки кездерде жаштар спортуна аябай кам көрчү. Мына быйыл эле Көлмө айылына сонун бир спорттук зал курдуруп, ичин да спорт эмеректери менен жабдып берген. Өзүнүн чакан бизнеси да бар эле. Айрыкча баскетбол боюнча жаштардын курама командасына көп жардам берчү. Аларга сүрөөнчүлүк кылып, тигил жагы Үрүмчүгө, бул жагы Москвага алып барып ойнотуп келгенин билем. Жакында Тегеранда да мелдеш өтмөк экен. Команданы ошол жакка алпарып, айрым сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүү үчүн ушул учак каттамга белет алыптыр... Баса, Билал Чыныбаев жакында өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо адаттагыдай эле ат салышам деп, №1 болуп каттоого алынган...


Бул маалыматка карата Кытайдан мындай кат келди:

Мен таң саар менен бул кабарды угуп эң жакын досумдан айрылганыма ишенген жокмун. Билал Чыныбаев Үрүмчүдөгү досторунун арасында улуу урматка бөлөнгөн инсан эле. 1994-жылы таанышкандан бери нан кармап достошкон достон артык жакын болгонбуз. Чынын айтканда биз Кыргызстанда Билалдай досубуз болгонунан өтө оорактанып, ар дайым анын асыл сапаттарын жомок кылар элек. Бул жоготуу мага өтө оор болду. Мен Галия аяшыман, балдары Чынасылдардан көңүл сурайм! Кайрат кылгыла, биз силер менен биргебиз! Билал тиги ааламга сапар тартканы менен руху биз менен бирге! Жаткан жериң бейиш болсун, досум! "Азаттыктагы" боордоштор, ушул көңүл айтуумду Билал Чыныбайдын үй-бүлөсүнө жеткирип койсоңуздар. Шинжаң педогогика унверситетинен Мамбеттурду Мамбетакун жана анын үй-бүлөсү. 2008.08.23 Үрүмчү шаары

Сүрөттө: Кыйроого учураган “Боинг-737нин” калдыгы

XS
SM
MD
LG