Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Томсен менен Радлов: Руна сымал алфавитти чечмелеген залкарлар


Экинчи Чыгыш Түрк каганы Билге кагандын элесине багышталган руна сымал жазма эстеликтин 36-37-саптарынын көчүрмөсү.

1893-94-жылдары түрк калктарынын руна сымал жазмасын чечмелеген даниялык жана орусиялык залкар окумуштууларга таазим иретинде жазылган блог.

Заман – учкул. Көп нерсеге жетишүүгө, көп нерсени өздөштүрүүгө үлгүрө албастан, улам жаңы ачылыштарды аңдоого шашабыз.

Ушундай күрдөөл чакта өткөндүн сабактарына кыска убакытка болсо да кылчаюу ашыктык кылбастыгын дайыма эле аңдай бербейбиз.

Түркөй эмес калк

Түрк элдери жалпысынан эле түркөй кабылданып келген. Алардын колунан келгени эле – атчан аскер өнөрү катары кабыл алынчу. Алар бүт тууган-уругу менен жаңы жерлерге ылаачындай качырып кирип, улам жаңы чөлкөмдөрдү өздөштүрүүгө аларга аргымактары өбөлгө түзгөн деп саналчу.

Араптардын арасында кийинчерээк пайда болгон хадистердин биринде “тарака т-турка, атракакум” – “түрктөрдү жайына койсоңор, алар силерди жайыңарга койот” деп айтылган.

Түрктөргө карата ушундай эле текебер мамиле акырындап Батышта да калыптана берген.

XIX кылымдардагы жаңы илимий маалыматтар аркылуу гана Батышта түрк элдеринин Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөндөр цивилизациясын негиздеген элдерден экендиги тастыкталды.

Албетте, көчмөндөр цивилизациясы – атчан жортуул жасоо өнөрү менен эч чектелбейт. Көчмөндөр да тийешелүү кол өнөрчүлүккө, металл иштетүүгө, дыйканчылыкка, көчмөн жана отурукташкан маданияттын ширендисине таянышкан.

Эң башкысы – түрк калктары орто кылымдарда өздөрүнүн эне тилине ылайыктуу алфавиттик жазмасын иштеп чыгышкан. Албетте, алфавиттик жазма идеясы Евразиянын калктарына кайсы-бир деңгээлде бир очоктон – Жакынкы Чыгыштан таркаганы менен, ар бир эл өз алдынча айдыңдык сыноону жана тажрыйбаны баштан кечиргендиги талашсыз.

Биз үчүн өтө маанилүү нерсе – чыгыш түрктөрдүн, анын ичинде кыргыздардын руна сымал алфавиттик жазмасынын илим чөйрөсүндө чечмеленишинин алгачкы учурлары менен байланыштуу.

Азыр, албетте, руна сымал жазмабыз болгонун, андан кийин "уйгур жазмасы" деп шарттуу аталган чыгыш түрк жазмасы колдонулганын, бабаларыбыз андан соң гана арап жазмасына көчкөндүгүн бардыгы билет. Ал түгүл айрым кино сценарийин жазган авторлорубуз жана режиссерлорубуз XIX кылымда Курманжан датка "сүйүү катын" ушул руна сымал жазмада тим эле шуулдатып жазган деп ээн-эркин жоромол кылып жатышпайбы.

Иш жүзүндө Курманжан датка руна сымал жазма кыргыздарга да тийешелүү экендигин билбей эле бул дүйнөдөн өткөн. Ал X кылымдан тартып арап жазмасына негизделген жазма маданиятыбыздын кийинки баскычынын өкүлү болгон.

Орхондогу эстеликтерди табуу

Ал эми 1889-жылы жайында (бул кезде Курманжан датка эчак кадырман чоң энеге айланып, анын күйөөсү Алымбек датка набыт болгонуна 27 жыл болгон) орус окумуштуусу Николай Михайлович Ядринцев (1842—1894) Түндүк Монголияга чакан топ менен илимий саякат жасады.

Падышалык Орусиянын Географиялык коомунун Чыгыш Сибирлик бөлүмүнүн тапшырмасы менен ал Түндүк Монголиядагы Орхон дарыясына чейин жетип, Карабалгасун шаар чалдыбарын (мурдагы Ордо-Балыктын ордун) иликтеди. Мындан руна сымал жазма эстеликти жана анын кытайча которулган текстин тапты.

Андан соң ошол эле Орхондун өрөөнүндөгү Кошо-Цайдам (монголчо Хөшөө-Цайдам) жергесинде бутпарастык Эрдени-зу кечилканасынын жанында руна сымал жана ханзуча (иероглиф) жазмасы бар өзгөчө маанилүү эки таш эстеликти таап, алардын көчүрмөсүн алды.

Суоми аалымдары

“Руна сымал жазма аркылуу фин-угор калктарынын Сибирдеги байыркы изине түшөбүз го” деп санаган финляндиялык окумуштуулар да Ички Азиядагы жазмаларды изилдөөгө шымаланып киришкен. Ал кезде Финляндия (Суоми) падышалык Орусиянын кол астындагы кеңири автономиялык укуктагы бектик (Великое княжество Финляндское; Suomen suuriruhtinaskunta) болчу.

Фин археологдору Иоганн-Рейнголд Аспелин (1842-1915) менен Отто Хьялмар Аппельгрен-Кивало (1853-1937) Эне-Сайдагы руна сымал жазманы изилдөө менен алпуруша башташты. Финдердин көрүнүктүү тилчиси Отто Доннер (1835-1909) болсо 1889-жылы Эне-Сайда табылган руна сымал жазмалардын көчүрмөсүн жарыялады.

1890-жылдын январ-февралында фин археологдору Маскөөдө өткөн VIII археологиялык конгресске катышып, Н.М.Ядринцевдин Орхондогу ачылышы тууралуу угушуп, өздөрү да бул ачылышты жеринен тактоого беленденишет. Ошол эле жылы 15-майда фин окумуштуусу Аксел Олай Гейкел (1851-1924) Монголияга келет да, Орхондогу таш жазмалардын эстампажын алып, фотосүрөткө түшүрөт.

Анын негизинде фин илимпоздору 1892-жылы Орхондогу руна сымал жазмалардын тагыраак көчүрмөлөрүн жарыялашты.

Орусиянын окумуштуулары да жөн жатып калган эмес.

1891-жылы жайында Василий Радлов (Вилгельм Радлофф) жетектеген орус экспедициясы Монголиядагы мурдагы археологиялык иликтөөлөрдү уланткан. Бул илимий сапарга Н.М.Ядринцев, Дмитрий Александрович Клеменц (1848-1914) ж.б. окумуштуулар да катышкан.

1892-жылы орусиялыктар “Монголиянын көөнө эстеликтеринин атласы” («Атлас древностей Монголии») деген жыйнакты чыгарышты, ага Орхондогу эстеликтердин эстампажы, фотосүрөтү жана археологиялык эстеликтердин жалпы мүнөздөмөсү тууралуу иликтөөлөр кирген.

Мына ушул орусиялык жана финляндиялык изилдөөлөрдөн кийин гана чыгыш түрктөрдүн жана кыргыздардын руна сымал жазмасын чечмелөө үчүн өбөлгө болуучу камылгалар аяктаган десек болот.

Руна сымал жазманы чечмелөө үчүн ачкыч керек болгон.

Кошо-Цайдамдагы руна сымал эстелик менен кошо анын кытай (ханзу) тилиндеги маанилеш иероглиф тексти да сакталып калгандыгы – руна сымал жазманы чечмелөө үчүн эң мыкты өбөлгө болгон.

Финдер чыгарган Орхон жазмаларынын атласында дал ушул ханзуча иероглифтик тексттин алгачкы котормосу да жарыяланган. Бул котормо жалпы эстелик – көрүстөндүк эстелик таш экендигин жана VIII кылымга таандыктыгын айгинелөөгө мүмкүндүк кылды.

Бул доордо, албетте, Монголиянын аймагында эч кандай фин-угор элдери болгон эмес. Теги чуваш, православ диниятчысы жана синологу Иакинф Бичуриндин ханзучадан которгон маалыматтары да пайдалуу болгон. Андан тышкары, Кошо-Цайдам эстелигинде кытайча иероглиф менен "Могилян" деп берилген кагандын ысымы жана "Кюе-деле" деген иероглиф менен берилген анын бир тууганынын – канзааданын ысымы да чагылдырылган.

Мына, ханзуча текст бул чыгармалар Экинчи Чыгыш түрк каганатына таандык эстеликтер экендигин көрсөттү. Демек, берки окула элек руна сымал текст – чыгыш түрктөрдүн тилинде жазылган деп жоромол кылууга мүмкүнчүлүк ачылды.

Даниялык илимпоздун айдыңдык мөмөсү

Тексттерди чечмелөө – ийне менен кудук казгандай иш. Бирок кудук – суу чыга тургандай да болушу абзел. Ал үчүн “кудук каза” турган кишинин зарыл аспабы – тийешелүү тарыхый чөлкөмгө таандык бир нече тилди билгендиги.

Даниялык түрколог Вилгелм Томсен (Вильгельм Людвиг Петер Томсен), Копенгаген университетинин профессору.
Даниялык түрколог Вилгелм Томсен (Вильгельм Людвиг Петер Томсен), Копенгаген университетинин профессору.

Даниялык чыгыш таануучу Вилгелм Томсен (Вильгельм Людвиг Петер Томсен; Vilhelm Ludwig Peter Thomsen; 1842–1927) Копенгаген университетинин профессору болчу.

Бул окумуштуу индоевропалык тилдерди, анын ичинде герман тилдерин гана билбестен, фин-угор тилдерин да билген. Ал түрк, кавказ элдеринин, ж.б. этностордун тилдерин да үйрөнгөн.

1893-жылы 25-ноябрда бир эле сааттын ичинде Вилгелм Томсен Кошо-Цайдамдагы руна сымал эстеликтердин бир катар белгилеринин тыбыштык маанисин аныктай алган. Өзүнүн ырааттуу бейкам турмушунун өзгөчө дүрбөлөңдүү күнү дал ушул күн болгонун кийинчерээк Томсен эскерген.

Кошо-Цайдамдагы текстте бир жерде оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга жазылган.

Аны тамгалай окусак, тңри делет. Мунун эч кандай мааниси жоктой сезилет.

Кошо-Цайдамдагы текстте оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга аркылуу “Теңри” сөзү жазылган.
Кошо-Цайдамдагы текстте оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга аркылуу “Теңри” сөзү жазылган.

Бирок ушул тексттин кытайча (ханзуча) иероглифтер менен берилген котормосунун маанисин салыштырып карап жатып, Вилгелм Томсен аны оңдон солго карай окуп, жетпеген үндүү тыбышты кашаага кошуп, ТҢРИ эмес – Т(Е)ҢРИ, б.а. түрк элдеринин жогорку кудайы Теңир ‑ деп чечмелеп окуган.

Интуиция аркылуу окумуштуу жоромол кылган бул чечилиш – жалпы руна сымал жазманын башка тамгаларын да чечмелөөгө ачкыч кызматын аткарды.

Андан ары иши тездеп жыла баштады.

1893-жылы 15-декабрда Томсен өзүнүн ачылышы тууралуу баяндамасын Даниянын Илимдер академиясында илимпоздор чөйрөсүнө тааныштырды.

Дал ушул жерден бир маанилүү жагдайды ачыктоо керек. Ал кезде эч кандай факс, интернет, FaceBook, Twitter, Gmail, социалдык тармактар жок эле. Окумуштуулар кадимкидей кат жазып, почтоо байланышы аркылуу бири-бирине өз табылгалары тууралуу маалымат жиберип турушчу.

Томсен да 15-декабрдагы илимий отурумга чейин эле өзүнүн ачылышы жана ачкыч болгон жагдайлар тууралуу катты декабрдын башында Санкт-Петербургга – академик Василий (Вилгелм) Радловго жөнөткөн.

В.В.Радловдун салымы жана айкөлдүгү

Ал эми академик Василий Радлов болсо кийинки, 1894-жылдын январында падышалык Орусиянын Илимдер академиясына Эне-Сай менен Орхондогу руна ымал жазманы чечмелөө боюнча өзүнүн варианты туууралуу билдирүү жасады.

Василий Васильевич Радлов (Wilhelm Radloff), немис тектүү орусиялык түрколог, академик.
Василий Васильевич Радлов (Wilhelm Radloff), немис тектүү орусиялык түрколог, академик.

Ушул жерден илимдеги колу туткактык тууралуу айта кетүү абзел. Азыркы интернет доорунда тигил же бул окумуштуунун эмгегин көчүрүп алып, эч шилтеме жасабастан, өз эмгеги катары чүргөп түртө салган “калемгерлердин” саны көбөйүп кетти.

Академик В.В.Радлов болсо өзүнүн Санкт-Петербургдагы илимий билдирүүсүндө руна сымал жазманы чечмелөөнүн алгачкы ийгилиги даниялык окумуштуу Томсонго таандык экендигин жаап-жашырбастан, анын эмгегине ачык шилтеме жасаган.

Ал түгүл Томсен 1894-жылы падышалык Орусиянын Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчө-кабарчысы болуп шайланган.

Мунун бардыгы Орусия менен Батыш Европанын илимдер академиялары эч кандай саясий жана идеологиялык жиктелүүгө дуушар боло элек кезде орун алган иш-аракеттер.

Орусиядагы илимий саамалыктарга Батыш Европада шаттанышкан, Батыш Европанын илимий табылгаларына Орусияда шаттанышкан. Албетте, аскердик чалгындоо, географиялык ачылыштар, көөнө эстеликтерди өз мамлекетине ташып келүү сыяктуу өңүттөрдө бул мамлекеттердин мекемелери бири-бири менен айыгыша атаандашып күрөшкөнү, "Чоң оюндар" жүргөнү да белгилүү. Бирок карапайым окумуштуулар бири-бирин ачык колдошкон.

Ошентип, 1893-94-жылдары алиги Кошо-Цайдамдагы эки эпиграфикалык эстелик Билге-каган (Могилян; 683‑734) деген каганга жана анын Көл-тегин (Күл-тегин; Кюе-деле; 684‑731) деген колбашчы бир тууганына багышталгандыгы руна сымал жазманын чечмелениши менен тастыкталган.

Түрк жазма маданиятынын көөнө тарыхы тастыкталды

В.Томсен менен В.Радловдун бири-бирин толуктаган изилдөөлөрүнүн натыйжасында XIX кылымдын 90-жылдарынын ортосуна чейин дүйнө коомчулугу орто кылымдардын эрте мезгилиндеги чыгыш түрктөр менен эне-сайлык кыргыздардын руна сымал алфавитке негизделген жазма маданияты тууралуу эч ким четке кага албай турган маалыматка ээ болушту.

X кылымда арап саякатчысы Абу Дулаф кыргыздардын жазма маданияты бар экендигин билдирген.

Заманбап орус окумуштуусу И.В.Кормушин Таластагы руна сымал жазмаларды бул аймакка келген эне-сай кыргыздары менен байланыштырган.

Эне-Сайда, Түндүк Монголияда (Сужийн-Даван) жана Теңир-Тоодо (Талас, Кочкор, Тоң, ж.б.) табылган руна сымал эстеликтер кыргыздардын руна сымал жазмасынын таралыш ареалы Эне-Сайдын өрөөнүнөн алда канча кеңири мейкиндик менен байланыштуу экенин ырастайт.

Ала-тоолуктардын башаттык салымдары

Археолог К.Ш.Табалдыев Бурса шаарында баяндама жасоодо. 03.5.2013.
Археолог К.Ш.Табалдыев Бурса шаарында баяндама жасоодо. 03.5.2013.

Бүгүн Четин Жумагулов, Кубатбек Табалдыев, Нурдин Усеев сыяктуу кыргыз окумуштуулары руна сымал жазма эстеликтерди өз алдынча талдап иликтеп келишет.

Элери Битикчи сыяктуу публицист-окумуштуулар бул руна сымал жазманын мурастарын интернет аркылуу кеңири коомчулукка тааныштырууда.

Ошентип, XXI кылымдын башындагы кыргыз илимпоздору даниялык Томсен менен орусиялык Радловдун илимий чыйырын улантып, руна сымал алфавитти иликтөөгө өз салымдарын кошууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG