Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Левин: Кыргызстанды музыка аркылуу тааныгам


Жонатан Левин.
Жонатан Левин.

Муратбек Бегалиев жазган «Импровизация» аттуу увертюраны атактуу Владимир Хоровицтин пианиносунда ойногон Нью-Йоркто жашаган музыкант Жонатан Левин «Азаттыкка» маек куруп, кыргыз жергесин көрбөй эле музыка аркылуу жактырып калганын айтып берди.

Жонатан Левин: Бегалиевдин чыгармачылыгы менен кесиптешим, мыкты пианист Азамат Сыдыков аркылуу тааныштым. Ошол керемет күн дале эсимде. 2014-жылдын жаз айлары эле. Азамат пианино ойноп жаткан экен. Андагы кубулжуган ыргактарды угуп, саамга токтоп калдым. Кичинекей эле чыгарманын ичине классика да, салттуу фольклор да батып турат. Мен үчүн бул абдан маанилүү. Балким силерге кызык угулар. Буга чейин Кыргызстанга барган эмесмин да. Бирок дал ушул музыка аркылуу кыргыз жерин көргөндөй болдум. Кыргыз элинин психологиясын, кулк-мүнөзүн байкай алдым. Бул абдан уникалдуу жана мыкты чыгарма экен.

«Азаттык»: Сиз ушул чыгарманы аткарып жатканда көрүүчүлөрдүн реакциясын байкай алдыңызбы? Алар мурда-кийин укпаган кыргыз музыкасын кандай кабылдашты?

Жонатан Левин: Бул чыгарманы мен Америкадагы чакан шаарлардын биринде аткаргам. Ал жакта салттуу, классикалык музыканы жактыргандардын саны өтө деле көп эмес, ар кандай маданияттын өкүлдөрү жашайт. Ошого карабай, келгендердин баарына тегиз жакты. Ал тургай бир нечеси концерттен кийин мага келип, бүтүндөй программанын ичинде кыргыз композиторунун чыгармасын жактырганын айтышты.

«Азаттык»: Эми ушундай ийгиликтүү тажрыйбадан кийин Кыргызстандын же Борбор Азиянын башка композиторлору менен да байланышып, кызматташкыңыз келеби?

Жонатан Левин: Менин кыргыз музыка дүйнөсү менен байланышым Азамат Сыдыковдон башталды. Биз алгач Невада штатындагы Рино шаарында концерт учурунда таанышып, ошондон бери чогуу кызматташып келебиз. Нью-Йоркто жашагандан улам чогуу концерт коюп жатабыз. Маселен, Сан-Францискодо Азамат экөөбүз чогуу концерт берип, ал АКШнын музыканттарынын мен тандап берген чыгармаларды аткарды. Мен болсо кыргыз музыкасын ойнодум. Көргөнү келген адамдардын баары ыраазы болушту. Алардын арасында АКШда окуп жүргөн кыргыздар да бар экен. Алар да кубанышты. Бул ийгиликтен кийин биз дагы көпкө чогуу иштешели деп пландап жатабыз.

«Азаттык»: Кыргыз музыкасынан тышкары дагы кайсы жанрларды кызыгып ойнойсуз?

Жонатан Левин: Ар кыл багыттагы музыкага кызыгам. Азыр болсо Кошмо Штаттарындагы заманбап классикалык чыгармаларды аткарып жүрөм. Ал тургай өзүм да эмгек жаратканга аракет кылып жатам. Мындан тышкары Европанын романтикалык маанайдагы бардык музыкасын жактырам. Жогоруда айткандай, бир багыт менен эле чектелбей, ар түрдүү жаңы багыттарды тапканга аракет кылып жатам.

«Азаттык»: Кыргызстанды көргүңүз келеби?

Жонатан Левин: Албетте, абдан жакшы болмок. Кыргыз музыкаларын угуп, кыргыз жерин сүрөттөн көрүп эле суктанып жүрөм. Өзүм АКШнын тоолуу, алыскы штаттарынын биринде төрөлүп, чоңойгом. Жаратылышты жакшы көрөм. Андыктан табиятка жакын болгонго не жетсин?

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG