Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Штокерт: Кыргызстанды унутпайбыз


Кыргыз-герман достугу коомунун президенти Вальдемар Штокерт
Кыргыз-герман достугу коомунун президенти Вальдемар Штокерт

“Журтташтар” түрмөгүнүн бул жолку каарманы - Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, 20 жыл мурда тарыхый мекени Германияга көчүп кеткен Вольдемар Штокерт.

Ал учурда Германиядагы Кыргыз-герман достугу коомунун президенти, Түндүк Бавариядагы Lions клубунун президенти. Журтташыбыз кеткенине бир топ жыл болгонуна карабай, Кыргызстандагы маданиятты өнүктүрүүгө өз салымын кошууда. Анын демилгеси менен бир топ сынак, фестивалдар өткөрүлүп жүрөт.

Жакында Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында Бишкек мэриясынын жана консерваториянын Симфониялык үйлөмө аспаптар оркестринин концерти өтүп, анда Германиядан келген журтташыбыз Вольдемар Штокерт дирижорлук кылды. Концертте Франц фон Зуппе, Альфред Рид, Отто Шварц, Стивен Райник, Карл-Михаэль Цирер жана Луи Армстронгдун чыгармалары Кыргызстанда биринчи жолу аткарылды.

Вольдемар Штокерт Фрунзеде туулуп-өскөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун бүтүрүүчүсү. Кыргызстандан көчүп кеткенине 20 жылдан ашты. Учурда Түндүк Баварияда Милтенберг шаарындагы музыкалык мектептин директору. Андан сырткары белгилүү чыгармачыл адамдардын башын бириктирген Lions клубдун Германиядагы филиалынын президенти.

Муратбек Бегалиев, Кыргыз Улуттук Консерваториянын ректору
Муратбек Бегалиев, Кыргыз Улуттук Консерваториянын ректору

​Кыргызстандагы кесиптештери анын «Бишкек Lions клубдун» түзүлүшүнө чоң салым кошконун белгилешет. Кыргызстанга да дал ушул клубдун алкагында биргелешкен бир катар долбоорлорду, иш-чараларды өткөргөнгө жетишти.

Штокерттин Кыргызстан маданиятына кошкон салымы туурасында Улуттук консерваториянын ректору, композитор Муратбек Бегалиев буларга токтолду:

- Көпчүлүгү бир кеткенден кийин экинчи кайрылбайт. Бул жигит атайын бизге келип, өз оюн, сунушун ортого салды. Жакында Lions клуб менен бирге долбоорду ишке ашырып, жакшы майрам кылдык. Кыргызстанда буга чейин жаңыра элек жаңы чыгармаларга өзү дирижёрлук кылып, бирге концерт уюштурдук. Ал жыл сайын үйлөмө аспаптардын ар бирине арнап концерт берели, эң мыктыларды тандоо үчүн сынак уюштуралы деген сунушун айтты. Акча каражатын да өздөрү төлөдү. Быйылкы сынак кларнет аспабына арналды. Ушундай фанат, музыкант, биздин кадрлар чет мамлекетте да чоң жардам берип жатканы кубандырат. Кыргызстанга келип мастер-класстарды өткөрдү. Вальдемар Штокерттин демилгеси менен кыргызстандык музыканттар май айында Германияны кыдырып концерт беребиз. Чоң форумдарга катышабыз. Кыргыздын музыкаларын уксун, көрсүн деп “Акак” деген комузчулар ансамблин алып баратам.

Кларнет аспабына арналган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу учуру, 11-апрель, 2015
Кларнет аспабына арналган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу учуру, 11-апрель, 2015

Вальдемар Штокерт 2013-жылы Кыргызстанда классикалык музыкага арналып өткөрүлгөн “Жибек жолунун жылдыздары” эл аралык сынагын уюштургандардын бири. Бир кезде фестиваль өткөрүү кыялы болсо, азыр аны дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга аракет көрүп жаткан чагы. Эгер бул ишке ашса, эки жылда бир өтө турган фестивалга дүйнөнүн чар тарабынан музыканттар катышат.

- Мен Кыргызстанга тез-тез эле келип турам. Германиядагы кыргыз-герман достугу коомунун президенти болгондуктан ар кандай көргөзмө, концерттерди уюштуруп турабыз. Буга чейинки иш-чараларга Чыңгыз Айтматов, Асанкан Жумакматов, Юристанбек Шыгаев жана башкалар катышкан. Ал эми 2013-жылдагы “Жибек жолунун жылдыздары” эл аралык фестивалына Германиянын беш окуу жайынан балдар келишти. Жакында консерваториянын ректору, композитор Муратбек Бегалиев Германияга барат. Бир топ иш-чараларга катышып, ал жактагы консерватория жетекчилери менен жолугат. Биздин максат - жаштарды ар кайсы коомдун, өлкөнүн, улуттун маданияты менен тааныштыруу, аларды бири-бири менен байланыштыруу. Бул Германиядагы музыканттарга да жакшы. Алар да чет өлкөлөргө чыгууну каалашат. Ошону менен эки өлкөнүн консерваторияларынын кызматташтыгын жакындатуу.

​Штокерт Кыргызстандан 1992-жылы кетип, туулуп-өскөн шаарына 15 жылдан кийин кайтып келген. Ал 90-жылдарга салыштырмалуу Кыргызстан, бул жакта жашаган адамдар кыйла өзгөргөнүн айтып, маданият тармагындагы өсүштөр менен кемчиликтер туурасында ой бөлүштү.

- Маданият – улуттун жүзү. Аны унутуп калуу же ага көңүл бурбай коюуга болбойт. Тилекке каршы Кыргызстанда эле эмес, башка жактарда да маданият тармагында иштегендердин, музыканттардын абалы жакшы эмес. Алардын айлыгы абдан аз. Ошого карабай өз иштерине берилип, соодага кызыгып же башка ишке кетип калбай иштеп келаткан каармандар десек да болот. Маданият өзүн өзү каржылай албайт. Ошондуктан мамлекет ага көңүл бөлүшү керек. Ага инвестиция керек. Андан сырткары башкалар менен байланышты бекемдеп, тажрыйба алмашып туруу зарыл. Абдан таланттуу жаштар, студенттер бар экенин көрдүк.

Албетте өзгөрүү бар. Ушул тапта мен Кыргызстанда өзүмдү эркин алып жүрөм, мага бул жер ыңгайлуу. 90-жылдардагыдай бир нерседен коркуу сезими жок. Прогресс байкалып турат. Жашоо-турмуш жеңил болбосо да эл бири-бирине жинденбей, боорукер мамиле жасашат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:53 0:00
Түз линк

Штокерт эки баланын атасы. Максимилиян деген уулу, Карин аттуу кызы бар. "Алар киндик каны тамган Фрунзе шаарын, Кыргызстанды сагынып куса болбосо да, кызыгып сурап турушат", - дейт Вальдемар мырза.

- Кыргызстан тууралуу билишет. Алар бул жактан кеткен учурда кичинекей болчу. Ошондуктан туулуп-өскөн жерин сурап, кызыгышат. Буга чейин алар кичинекей болгондуктан Кыргызстанга алып келчү эмесмин. Ушул күздө ала келем го. Аялым да кыргызстандык, биз бардыгыбыз кыргызстандыкпыз. Биз тамырыбызды унутпайбыз, дайыма ошондой болуш керек деп ойлойм.

Штокерт - Кыргызстандын немис журтташы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

“Жибек жолунун жылдыздары” эл аралык фестивалын быйыл күздө өткөрүү пландалууда. Дүйнө жүзүнөн келген жаш таланттардын бир нече концерттери өтүп, мастер-класстар менен коштолот. Программада чет жерден келген конокторду Кыргызстандын кооз жерлери менен тааныштыруу каралган.

Жакында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов фестивалдын демилгечиси Штокертти кабыл алып, мындай ири маданий иш-чаралар Кыргызстан, өзгөчө жаш таланттар үчүн абдан пайдалуу болорун белгилеген.

Кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого кошкон салымы үчүн Вальдемар Штокертке «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылды. Кыргызстанда туруп "мен кыргызмын" деп төш каккан, жарма патриотторго караганда Вальдемар мырза аз болсо да өз салымын кошуп келатат десек болот.

Материал "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун "Мекендештер форуму" долбоорунун алкагында даярдалды.

XS
SM
MD
LG