Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Вьетнамдын келини Чынара...


Вьетнамга келин болгон Чынара Абдыкадырова өз чөйрөсүнө стилист, дизайнер катары таанымал.
Вьетнамга келин болгон Чынара Абдыкадырова өз чөйрөсүнө стилист, дизайнер катары таанымал.

“Журтташтар” түрмөгүнүн бул жолку каарманы - Вьетнамдын Хошимин шаарында жашаган кыргызстандык Чынара Абдыкадырова.

Мындан алты жыл мурда вьетнамдыктарга келин болуп барган Чынара азыр орун-очок алып, өз чөйрөсүнө стилист, көп тил билген ийгиликтүү айым катары таанымал. Мындан сырткары ал кыргыздын кол өнөрчүлүгүн ошол жакта таанытууга аракет кылып жүрөт.

Кыргызстандагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде окуп жүргөн студент Чынара Абдыкадырованын бешенесине Жапонияга окуп келүү буюрат. Бул аны Вьетнамга алып барчу жол эле...

- Жапониянын Киото шаарындагы Киото университетинин жатаканасында жашачумун. Анда ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашачу. Болочоктогу күйөөм вьетнамдык Фук менен ошол жактан таанышкам. Ошентип турмуш мени Кыргызстандан Жапонияга, Жапониядан Вьетнамга алып келип койду.

Бирок ошол кезде журтташыбыз Чынара Вьетнамга келин болорун аңдаган да эмес.

- Болочок күйөөм менен таанышканда 19 жашта элем. Анда менин максатым чет элдик менен баш кошуу эмес, билим алуу болчу. Фук менен жапон тилинде практика кылып, жапончо сүйлөө деңгээлимди жакшыртам деп сүйлөшүп жүрүп, кийин жакшы болуп кеттик. Окууну бүтүп, мен Бишкекке кеткенден кийин гана баш кошолу деп чечтик. Алгач ата-энем мени жапондук жигит менен сүйлөшүп жүрөт деп ойлошсо керек. Кийин ал вьетнамдык экенин билгенде абдан таң калышты окшойт. Таанышкандан кийин кыргызга эле окшош турбайбы деп калышты.

Чынара Абдыкадырова иш учурунда
Чынара Абдыкадырова иш учурунда


Калкы көп жана бир нече жапон компаниялары иштеген өлкөдө жумуш табуу Чынарага кыйын деле болгон эмес. Буга анын көп тил билгени жардам берген.

- Вьетнамда мотоцикл айдагандар абдан көп. Бул жакта жапондордун Ямаха, Хонданын заводдору, деги эле жапон фирмалары көп. Вьетнам тилин билбесем да жапончо, англисче билгендиктен ошол фирмалардын көргөзмөсүн өткөрүп, уюштуруп иштедим. Бул жакта кол өнөрчүлүккө абдан кызыгышат, мончоктордон тизип көп нерселерди жасашат. Ипанима бренддеги сумкалар бар, эки жыл ошондо иштедим. Азыр болсо Кыргызстандын атын, кооз жерлерин, кол өнөрчүлүгүн аз да болсо бул жакка таанытайын деген тилегим бар. Азырынча жибекке кийизден оймо түшүрүлгөн шарфтарды алып келип жатам. Вьетнамдыктар да колго жасалган нерселерди абдан баалашат, аларга өзгөчө маани беришет. Ошол себептен да алар кыргызстандык уздардын колунан жасалган буюмдарга абдан кызыгышат.

Чынара мындан сырткары өз чөйрөсүндө стилист жана көп тилген билген ийгиликтүү айым катары да таанымал.

- Стилист абдан кызыктуу жана сонун иш катары каралат. Бирок чындыгында стилист болуп иштөө абдан кыйын. Кардар каалагандай, анын оюндагыдай чыгаруу өтө оор. Мисалы кымбат баалуу сумканы көтөртүп, бирок кийими начар болуп калса ал товар өтпөйт. Бир моделге кийим тандап кийгизүүгө эле бир-эки ай кетет. Эгер биринчи ишиң кардарга жакпаса, ал экинчи сага кайтып келбейт.

Чынара алты жылдан бери үй-бүлөсү менен Вьетнамдын 7 млн. ашуун калкы бар Хошимин шаарында жашайт. Арстан жана Жеңиш аттуу эки уулу бар. Кыргыз тилин да билсин, үйрөнсүн деп Кыргызстандагы таята, таенесиникине балдарын жөнөтүп турат.

- Улуу балам Арстан кыргызчаны жакшы сүйлөй албай калды. Анткени ал Жапонияда төрөлүп, Кыргызстанга барып, кайра Вьетнамга келип жер которуп журүп, өзүнүн да тили кеч чыкты. Ошондуктан аны кыргыз тилин үйрөнсүн деп көп кыйнабайм. Ал англис, вьетнам тилинде сүйлөйт. Ал эми кичүү балам Жеңиш кыргызча абдан жакшы болбосо да сүйлөйт, түшүнөт. Кээде каникул убагында Кыргызстанга таштап келебиз. Канча тил билбе урушканда, эркелеткенде баары бир эне тилде сүйлөйт экенсиң. Мисалы менде да ошондой. Балдарым түшүнөт.

Үй-бүлөсү менен
Үй-бүлөсү менен


Чынара балдары, кайын журту кыргыз даамын да жакшы көрөөрүн кошумчалады:

- Балдарымдын эң жакшы көргөнү боорсок. Кайын журтум да боорсокту абдан жакшы көрүшөт. Андан сырткары Кыргызстанга барганда Өзгөн күрүчүн ала келем. Аш басып берем, шорпо жасайм. Мен жасаган тамактарга көнүп калышты.

Чынарага вьетнамдыктардын келинге жасаган мамилеси тууралуу да суроо узаттык:

- Вьетнамдардын улууну урматтап, кичүүнү сыйлаш керек дегени бизге эле окшош. Улууларды чакырып чай берип, сыйлап дегендей... Анан салты катуу эмес, мындай кыл, тигиндей кыл деген көрүнүштөр жок. Айыл жерин билбейм, бирок шаарда жашагандар келинди катуу кармабайт. Ошондуктан оңой эле көндүм. Бир гана кыйын нерсе - тилибизди түшүнбөгөнүбүз болду. Алгач кайненем англис же жапон тилин билбегендиктен экөөбүз сөздүк менен сүйлөшүп жүрдүк. Вьетнам тилин үйрөнүш кыйын эле. Бирок кыргыздар илгертен көчмөн эл болуп, ар кайсы тилдерди угуп кулагы ачылып калса керек, генибизде бар болсо керек деп ойлойм. Кайсы тил болсо да кыйналсак да үйрөнүп кетебиз.

Вьетнамда кыргызстандыктар саналуу гана, онго жакын. Арасында ишкерлик кылганы, англис тилден сабак берген мугалими да бар. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып бул жакта кыргыздар бири-бири менен көп байланышпайт, майрамдарда да чогуу отурууга мүмкүнчүлүк көп боло бербейт экен.

XS
SM
MD
LG