Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Бишкекте митингге тыюу салынды


Садыр Жапаровду колдоо митингине барган адамдарды кармоо, 25-март, 2017-жыл
Садыр Жапаровду колдоо митингине барган адамдарды кармоо, 25-март, 2017-жыл

Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын бир катар борбордук аймактарында нааразылык акцияларды уюштурууга үч айлык мөөнөткө чектөө киргизди.

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, Биринчи Май райондук сотунун жанында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка саясий акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат берилбейт.

Мэриянын ырасташынча, Биринчи Май райондук сотунун жанында жашаган шаардыктар ар кандай акциялар күнүмдүк жашообузга ыңгайсыздык жаратты деп калаа бийлигине даттанган.

- Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында жашаган тургундардан акимиатка көптөгөн арыздар келип түшкөн. Себеби ар кандай нааразылык акциялары өтүп, элге тынчтык берилбей, кээде тез жардам унаасы да өтө албай калган учурлар болгон, – деди Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова.

Мэрия келтирген ушундай жүйөнүн негизинде Биринчи Май райондук соту чечимди 28-июлда чыгарган.

Садыр Жапаровдун сот алдындагы тарапкерлери
Садыр Жапаровдун сот алдындагы тарапкерлери

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, сот убактылуу мөөнөткө митинг-пикеттерге тыюу салууга укугу бар деди:

- Соттун айрым жерде, кайсы бир мөөнөткө чейин тыюу салууга акысы бар. Буга Баш мыйзамда карама-каршылык жок. Сот кетсин, соттун чечими акыйкатсыз деп турса бул митинг. Ал эми жөн эле беш миң адам чыгып унчукпаса, ал митинг деп эсептелбейт.

Анткен менен Кумтөргө байланышкан чатак боюнча айыпталып, бүгүн сот өкүмү чыгат деп күтүлүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун жакындары Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына чогуларын иниси Давлет Жапаров билдирди:

- Биз эч кандай митинг уюштуруп киши чогулутуп жаткан жокпуз. Биздин жакындарыбыз тууган катары сарсанаа болуп келет. Баягы Казакстандан келе жатканда дагы ошентип эле барышкан. Ошондой эле келет. Канча адам чогуларын айта албайм.

Жапаровдун тарапкерлери буга чейинки соттук отурумдардын учурунда "Жапаровго боштондук!" деген чакырыктар менен нааразычылык акциясын өткөргөн.

25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган Садыр Жапаровду колдоп УКМК алдында топтолгон тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй кишинин 12си камакка алынганы белгилүү.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сот алдындагы тарапкерлери
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сот алдындагы тарапкерлери

Бул күнү ушул эле сотто "Мегаком" иши боюнча айыпталып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго тиешелүү сот иши да уланат.

Айрым укук коргоочулар Биринчи Май райондук сотунун нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салуу чечиминин төркүнү башкада деп болжошот. Муну “саясий чечим” деп атаган укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттун чечими бийликке ачык сын айткан саясатчылардын тарапкерлерин чочутуу, шайлоо алдында ар кандай саясий акцияларга бөгөт коюу аракети деп эсептейт.

- Пикет-митингдер жөнүндө жакшы мыйзам бар. Узак мөөнөткө тыюу салуу бул мыйзамга карама-каршы келет. Баш мыйзамга, эл аралык стандарттарга дагы каршы келет. Анан тыюу салуу менен митинг, акцияларды токтотууга мүмкүн эмес.

Кыргызстандын Конституциясы баштаган мыйзамдары жарандардын тынч чогулуу жана оюн эркин айтуу укуктарын кепилдейт.

Өлкөдө социалдык жана саясий мүнөздөгү нааразычылык акциялары буга чейин далай ирет өткөн. Элдик толкундоолордун арты менен Кыргызстанда эки жолу президент алмашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG