Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Текебаев менен Чотоновдун сотунда адвокаттардын өтүнүчү четке кагылды


Бүгүн 1-августта “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана аны менен кошо айыпталып жаткан мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды.

Акыркы төрт сот отурумунда орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрү окулуп жатат. Бүгүн соттолуучулардын адвокаттары күбөлөрдүн көрсөтмөсүндөгү талаш жараткан жагдайларга токтолууну өтүндү. Бирок судья Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырган жок. Сот материалдарды окуу дагы үч күнгө созулат деп, бул күндөрү өтүнүчтөр кабыл алынбай турганын белгиледи.

28-июлда ишти териштирүү жадыбалына өзгөртүү киргизилип, дүйшөмбүдөн тартып карала турган болду. Буга чейин жараян ар аптанын шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү өтүп келген.

Соттун мындай чечимине Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары нааразылык билдирип, судья шашып жатканын айтышкан. Бирок сот мындай айыптоону четке кагып, адвокаттар ишти создуктуруу аракетин көрүп жатат деп белгилеген.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айтып убада кылган" деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоонун баарын четке кагууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG