Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Текебаевдин тарапкерлери ачкачылык жарыялады


Партиянын Бишкектеги кеңсесинде башталган акцияга төрт адам катышууда. 31-июль, 2017-жыл
Партиянын Бишкектеги кеңсесинде башталган акцияга төрт адам катышууда. 31-июль, 2017-жыл

“Ата Мекен” партиясынын учурда соттолуп жаткан төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери 31-июлдан баштап ачкачылык жарыялашты.

Партиянын Бишкектеги кеңсесинде башталган акцияга төрт адам катышууда. Алар бийликке, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Саясий куугунтукту токтоткула!" деген талапты коюп жатат.

Ушул эле күнү Бишкекте экс-депутат Садыр Жапаровдун соту жүрүп жаткан учурда анын боштондугун талап кылган нааразылык акциясы да болду.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты

Өмүрбек Текебаевди колдоо максатын көздөгөн ачкачылык акциясы 31-июлда "Ата Мекен" саясий партиясынын Бишкектеги штабында башталып, ага азыр төрт адам катышууда. Алар суудан башка бардык тамак-аштан баш тарттык деп жатышат. Партиянын мүчөсү Айбек Султанкуловдун айтымында, акция мөөнөтсүз болот жана төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- Биз мыйзамсыз кармалган лидерибиз Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылабыз. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуусуна тоскоолдук, бут тосуулар болбосун деп талап кылабыз. Азыр Өмүрбек Текебаевдин шайланууга болгон укугун бузуп жатышат. Бийлик тарабынан бут тосуулар болууда.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

​Азырынча аталган талаптарга карата мамлекеттик тиешелүү тараптар расмий комментарий берише элек.

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон камактагы Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июлда четке каккан. Ал эми шайлоо иштерине жооптуу болгон Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени чечүү укугу жок экенин айтып, Текебаевге кайра сотко кайрылууну сунуштап, маселе арабөк абалда калган.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда уланган сот жараяны Текебаев менен Чотоновдун катышуусунда өттү жана анда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду. Мурдагы аптада айыпталуучулар менен соттун кайым айтышуусунан кийин эки саясатчы сот залынан чыгарылып, акыркы эки сот отурумуна катыштырылган эмес.

Жапаровдун соту өкүмгө келди

Ушул эле Биринчи май райондук сотунда иши каралып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун дүйшөмбүгө белгиленген соту кийинкиге жылдырылды. Өкүм угузулат деп күтүлүп жаткан бул күнү Жапаровдун тарапкерлери сот имаратынын алдында "Жапаровго боштондук!" деген чакырыктар менен нааразылык акциясын өткөрүштү.

Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

Жапаровго айыптоочу 15 жыл катуу тартипте жаза сурап жатат.

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова камактагы саясатчылардын тарапташтарынын бул күнкү нааразычылык акцияларын сотко басым катары баалады:

- Эми ушундай тажрыйба кайсы цивилизациялуу өлкөдө бар? Соттук териштирүүлөр болуп жатканда ушундай болгон бизде эле бар го. Бирок канчалык ачкачылык, нааразычык акцияларына чыгышпасын сот аны укпайт го деп ойлойм.

Оппозициядагы үч саясатчынын иши териштирилип жаткан учурда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имараты күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Жүздөй милиция имаратты курчоого алып, катышуучулар сотко дыкат текшерилип киргизилип жатат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жатат. Алар "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Бирок саясатчылар бул дооматты четке кагып, соттук териштирүүлөрдө коюлган күнөөлөр далилденбегенин айтып келишет.

Ал эми экс-депутат Садыр Жапаров Кумтөргө байланыштуу 2013-жылы Ысык-Көлдөгү нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп камалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, быйыл мартта камакка алынган. Жапаров да коюлган дооматтарды четке кагып келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG