Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Текебаевдин тил сынагына катышары чечиле элек


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке какты.

Аны менен катар Борбордук шайлоо комиссиясы дагы Текебаевге "Кыргызтесттен" өтүүгө көмөк көрсөтө албай турганын билдиришүүдө. Ушундан улам Текебаев бийлик аны шайлоого катыштырбай коюу аракетин көрүп жатат десе, адвокаттары БШКга альтернативдүү варианттарды сунушташты.

Судьяны сынак кызыктырбайт

Саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соту адвокаттардын өтүнүч келтирүүсү менен башталды.

Жактоочу Канат Хасанов белгилегендей, БШКнын тизмегине жараша президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Текебаев 26-июлда кыргыз тил сынагынан өтүшү керек. Анын негизинде сот Текебаевдин "Кыргызтесттен" өтүүсүнө көмөк көрсөтүшү керек деп сотко өтүнүч киргизгенин тыныгуу учурунда “Азаттыкка” айтып берди.

- Экзаменге бир күн калгандыктан бүгүн сотко кайрылдык. Анда сот Текебаевдин кыргыз тилден тест тапшырууга катышуусун камсыздап берүүсүн өтүндүк. Анткени экзамен эртең гана өтөт жана сааты 10:30дан 12:30га чейин деп көрсөтүлүптүр.

Тыныгуудан келген соң судья Айбек Эрнис уулу адвокаттардын жана Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырбастан, бул жагдай боюнча чечим чыгарууга укугу жок болгону менен түшүндүрдү. Ал Текебаевге коюлган айып боюнча гана өкүм чыгара ала турганын кошумчалады.

Мындай жагдайга макул болбогон Өмүрбек Текебаев соттор саясий буйрукту аткарып жатат деп чыкты. Ал шайлоо жыйынтыктарына түз таасир берчү адам болгондуктан бийлик аны шайлоого катыштырбоонун болгон айласын көрүп жатканын белгилейт.

БШК да "жок" деди

Судьянын баш тарткан чечиминен соң Текебаевдин тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясына багыт алып, БШК оппозиция лидерин сынакка катыштыруу үчүн УКМКга кат жолдошу керектигин талап кылышты. Бирок тарапкерлердин өтүнүчү БШКдан да колдоо тапкан жок. БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев мындай маселелер менен шайлоо комиссиясы алектенбей турганын айтат.

- Бул маселени кандай кылып чечиш керектигин мен билбей турам. Мен ачык эле айтайын, азыр башыма эч нерсе келбей турат. Биз БШКнын деңгээлинде болгон тең шартты түзүп берип жатабыз. Атайын өкүлдөрүн каттап, финансылык маселерин карап жатабыз, укуктук актыларды даярдадык. Ал эми Текебаевдин ишинде болсо, биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбеген маселелер дагы болуп жатпайбы. СИЗОдо камалып тургандарга биз кандай чечим кабыл алышыбыз керектигин мен азыр айтып бере албайм.

Мындай жоопко нааразы болгон Текебаевдин тарапкерлери БШК шайлоо башталбай жатып, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзбөй жатат деп айыпташты.

БШК алдындагы нааразычылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

“Ата Мекен” партиясынын юристи Канатбек Азиз УКМК күнүгө эртең менен Текебаевди конвой аркылуу керек болсо ооруканага чейин алып барып, жүрөгүн текшерттирип жатканын, күзөтчүлөр керек учурда аны алып барчу жерге жеткирип, кайра алып келип жатканын билдирди.

- УКМК конвой менен болсо да Текебаевди кыргыз тил тестине алып барсын деген өңүттөгү БШКнын катын азыр күтүп жатышат. Себеби Текебаевди конвой менен сотко, керек болсо күнүгө ооруканага да алып барып жатышпайбы. Азыр айыптоочу тарап Текебаевди БШК талапкер катары каттагандан кийин баш коргоо чарасы боюнча сунуш киргизебиз деп жатат. Бирок Текебаев "Кыргызтесттен" өтпөсө, анда кайдан талапкер болуп катталмак эле?

"Бардыгы БШКнын колунда"

Канатбек Азиз сынак мөөнөтү чукулдап тургандыктан Текебаевдин жети жыл мурдагы кыргыз тил сынагынын сертификатынын негизинде каттоо же сынак мөөнөтүн башка күнгө жылдырууну сунуштап жатат. Бирок БШК бул сунуштар боюнча шайлоо комиссиясынын отурумунда гана чечим кабыл алынарын айтып, азырынча маселени ачык калтырууда.

Анткен менен БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев камактагы саясатчылардын экзамен тапшыруусун БШК өз буйругу менен жөнгө салып койсо болорун айтууда.

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

- Шайлоо дайындалган күндө баштап Боршайком эң чоң органга айланат. Керек болсо прокуратура, ар бир мамлекеттик орган, жарандар БШКнын чечимдерин аткарганга милдеттүү. 2015-жылы деле Карганбек Самаков соттошуп, үй камагына жатканына карабай БШК шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Андыктан бардык чиеленишкен маселени Боршайком өз чечими менен жайгарып койсо болот.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырышкан. Биринчи болуп 16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну, "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов арыз берген.

Мамлекеттик тил комиссиясы алгачкы арыз Берген төрт талапкерди, анын ичинде "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак берүү мөөнөтүн 26-июлга белгилеген.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG