Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:28

Текебаевдин тил сынагынан өтөрү белгисиз


Текебаевдин жактоочулары. 19-июль, 2017-жыл

Президенттик шайлоого катышуу арызын берген талапкерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырууну баштады.

Алгачкылардан болуп “Кыргызтестти” Назарбек Нышанов тапшырса, экинчи кезек Өмүрбек Текебаевдики болчу. Бирок Текебаев тестке берилген убакыт саатты сотто өткөрсө, анын тарапкерлери БШК көмөктөшпөй жатат деп айыптап, митинг уюштурушту.

Сынактын өзгөчөлүгү

Филолог, академик, тилчилерден куралган комиссия мүчөлөрү таң эрте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин башкы имаратына чогула баштады. Алардын катарында буга чейинки президенттик шайлоолордо да талапкерлерге кыргыз тил сынагын өткөрүп келген академик Абдылдажан Акматалиев бар.

Академик бул жолку сынак түп-тамыры менен башкача экенин белгилеп, комиссия мүчөлөрүнүн талапкерге суроо берүүсү тыюу салынганын айтууда. Сынактын көпчүлүк бөлүгү компьютер аркылуу өтүп, адам фактору жокко чыгып жатат.

- Мурдагы сынактарда талаш-тартыша турган жагдайлар көп болчу. Талапкерге карата кыргыз тилин “билет” же “билбейт” деп чечим чыгаруу комиссия үчүн оор жумуш болчу. Сынак тапшырып жаткан адам сайрап, сүйлөп турганы менен жазууга келгенде кыйналып калса, комиссия арасында ача пикирлер пайда болчу. Азыркы “Кыргызтест” системасында адам фактору таптакыр жокко чыгып отурат.

Комиссия күнүнө төрт талапкерди “Кыргызтесттен” өткөрүшү керек. Жадыбал президенттикке арыз берген тизмеге карап түзүлүп, алгачкылардан болуп Назарбек Нышанов кыргыз тил тестин тапшырууга киришти.

Текебаев сынак мөөнөтүн өткөрүп жиберди

Андан кийинки тест тапшыруу кезеги Өмүрбек Текебаевге келгени менен анын сынакка катыша албай калганы артынан көп талашты жаратты. Ал соттошуп жатканына байланыштуу сынакка бөлүнгөн убакытын сот залында өткөрүүгө туура келди. Буга ачууланган Текебаевдин тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулуп, БШК сотко кат жолдоп, Текебаевди экзаменге алып барышы керектигин айтышты.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Канатбек Азиз билдиргендей, БШКнын мындай катын сот гана эмес, башка күч органдары да күтүп жатат. Бирок шайлоо комиссиясы атайылап тийиштүү катты жөнөтпөй жатканына нааразы.

Канатбек Азиз
Канатбек Азиз

- Биздин оюбузча, муну атайын кылып жатышат. Себеби биз БШКга бардык нормаларды көрсөтүп койгонбуз. Анын негизинде БШК сотко жана УКМКга “Текебаев конвой менен болсо да, "Кыргызтестке" катышсын” деген өңүттө кат жөнөтүп коюшу керек болчу. Бирок БШК мына эртеден бери чогулуп алып, бир маселени чече албай убакытты чоюп жатышат. Жалпысынан айтканда Текебаевди батырак соттоп, ал эми БШК талапкерлердин тестке катышуусуна көмөктөшүүдөн четтеп жатышат.

Өз чечимин күттүргөн Боршайком, түштөн кийин гана расмий маалымат берүүгө өтүп, бардыгына мыйзамдагы өксүктөр күнөөлүү экендигине токтолушту. БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдиргендей, соттошуп жаткан талапкерди кандайдыр бир жол менен сынакка катыштыртуу мыйзамда жазылган эмес.

Андыктан камакта калып сынакка бара албай жаткан талапкер же мыйзамды жазган Жогорку Кеңешке же соттун өзүнө кайрылышы керек. Ал эми БШКда сотко кат жөнөткөн ыйгарым укук жок экен.

- Биз бардыгын соттун өзүнө өткөрүп жатабыз. Анткени биз соттолуп жаткан адам конвой менен кыргыз тил сынагына алып барылсын деп сотко айта албайбыз. Мыйзамда конвой деген нормалар жок. Ошондуктан сот өзү чечсин. Бул киши (ред. - Текебаев) соттун астында жүрөт, чечим чыга элек. Ошол үчүн ал соттун юрисдикциясына карай турган маселе.

Сот да "жок" деди

Текебаевдин кыргыз тил сынагына алып келүү маселесин сот чечет дегени менен, сот өзүнүн сөзүн 25-июлда эле айтып койгон. Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу, бир гана Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу өкүм чыгара ала турганын айтып, кыргызтест маселесинде кандайдыр бир чечим кабыл ала албасын билдирген эле.

Ушундан улам Өмүрбек Текебаев кыргыз тил сынагынын сертификатына ээ боло албай, анын негизинде талапкер болуп катталуу мүмкүнчүлүгүн де-факто жоготуп баратат.

БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков, азыркы абалды колго алчу бир гана орган бул Боршайком экенин айтууда. БШКда эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүк бар деген Кадырбеков, Башкы прокуратурага кат жөнөтүү менен абалды жайгарып койсо болорун кошумчалады.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

- БШКнын эң негизги чоң укугу бар, талапкердин арызын алгандан кийин, андан ары ал адамга бардык мыйзамдык шартты түзүп бериши керек. Азыр БШК прокуратурага кайрылса болот. Анткени Текебаевдин тергөө иши бүтүп, бардык иштер прокуратуранын колунда. Өз кезегинде прокуратура мыйзам чегинде башка күч органдарына тапшырманы берип, аткартканга милдеттүү. Болбосо, БШК башынан эле Текебаевдин арызын албашы керек болчу, эми алгандан кийин БШКнын кандайдыр бир шылтоо табууга укугу жок.

Кийинки кезек Садыр Жапаровдобу?

Анткен менен БШК эгерде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге сот сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берсе, “Кыргызтесттин” мөөнөтүн башка күнгө жылдырууга даяр экенин айтышууда. Ал эми соттон канааттандырарлык жооп албаган Текебаевдин адвокаттары учурда шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылары арсар, алар маселени ич ара тактоого киришти.

Президенттикке арыз берген дагы бир камактагы саясатчы Садыр Жапаров да "Кыргызтестке" кирбей калышы толук мүмкүн. Себеби БШК ага байланыштуу чечимди кайрадан эле сот кабыл алышы керектигин кошумчалайт. Бирок бул сот процесстери саясый өңүттө баратканын эске алганда, соттун Жапаровго "Кыргызтестке" катышып келүүсүнө уруксат берүүсү күмөн.

26-июлга карата президенттикке арыз берген Назарбек Нышановдон башка Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев "Кыргызтесттен" ийгиликтүү өтүштү.

Арстанбек Абдылдаев "Кыргызтесттен" өтүүдө
Арстанбек Абдылдаев "Кыргызтесттен" өтүүдө

27-июлда комиссия талапкерликке арыз берген Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекееванын кыргыз тилин билүү деңгээлин элекке салат.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. "Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Бул система президенттик шайлоодо алгачкы ирет колдонулуп жатат.

"Кыргызтест": талапкерлер электен өтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG