Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

БШК президенттик кызматка арыз берген камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров кыргыз тил сынагынан кандай тартипте өтөрүн аныктай элек.

Президенттикке арыз бергендер үчүн “Кыргызтест” 26-июлда башталат. Тестирлөө төрт субтесттен туруп, узактыгы эки саатка чейин созулат. Анда лексика-грамматикалык жазууга 50 мүнөт берилет, аудио, окуу жана кыргыз тилде сүйлөөгө 20-25 мүнөттөн бөлүнөт.

Сынакка катышкандар мыйзамга ылайык 60 пайыздан жогору балл алып, жок эле дегенде комиссиянын “ортодон жогору” деген баасына татышы керек.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун билдиргенине караганда, кыргыз тили сынагын күнүнө төрттөн киши тапшыргыдай жадыбал түзүлүп жатат. Ал үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде атайын аудиториялар даярдалды.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- Талапкерлер бизге арыз берген ирети менен тест тапшыра бергендей кылабыз. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча атайын сертификат берилет. “Кыргызтест” биринчи жолу өтүп жаткандыктан алгач талапкерликке арыз бергендерге система менен тааныштыруу жүрөт. Ошондой эле суроолор көп болуп жаткандыктан тесттик семинарды да өткөрөлү деп жатабыз.

Текебаев менен Жапаров кантет?

Бирок президенттикке арыз берген талапкерлердин айрымдары БШК менен Тил комиссиясын оңтойсуз абалга салып койгондой. Эгемендүү тарыхта биринчи жолу соттошуп жаткан камактагы адамдар өздөрүн талапкерликке көрсөтүү арызын бергендиктен, алардан сынак алуу кандай тартипте жүрөрү белгисиз болуп турат.

Азыр БШКны да, Мамлекеттик тил комиссиясын да арасат абалга кириптер кылган камактагы саясатчылардан шайлоодо талапкер болууну көздөгөн Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду тесттен өткөрүү маселеси болууда.

Маселен, “Кыргызтесттин” жетекчиси Батма Топоева-Ставинская камактагы өзүн көрсөткөн талапкерлердин тестке келүүсүн Боршайком жөнгө салып бериши керек деп эсептейт:

- Аларды (БШКга арыз берген камактагы саясатчыларды - ред.) бир гана Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдын чегинде жөнгө салып берет. БШКнын бизге берген жолдомо каты боюнча гана биз талапкерлерди кабыл алып, тест өткөрөбүз. Мындайча айтканда, менин ишим тест кабыл алуу болгондуктан саясатка кийлигишпей эле коёюн, бул суроолорго кененирээк жооп бере албайм.

БШК: Тил комиссиясына кайрылгыла

БШК болсо талапкер болом дегендерди мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү "Кыргызтесттин" милдети деп, алардын иш жараянына кийлигише албайт деп жатат. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бизден “Кыргызтест” расмий арыз берген талапкерлердин тизмесин сурагандан кийин, биз бардыгын берип, талапкерлерди тесттен өтүп келгиле деп жөнөттү. Эгерде тест тапшыруу учурунда кандайдыр бир суроолор, талаш-тартыштар болсо “Кыргызтест” биз менен байланышып бирге чечет. Бирок азырынча андай маселе көтөрүлө элек.

Атыр Абдрахматованын айтымында, "Кыргызтестке" жиберилген арыз ээлеринин тизмесинде Өмүрбек Текебаев бар болсо, Садыр Жапаровдун арызы жаңы кабыл алынганына байланыштуу сынак берчүлөрдүн катарына киргизүү каралууда.

Камактагылар эфирди күтүп жатабы?

“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде шайлоого катышуу ниети бар, сот жообуна тартыла элек ар бир жаран камакта экенине карабай, бардык жараяндарга, анын ичинде мамлекеттик тил сынагына да башка атаандаштары менен теңата катышууга толук укугу бар:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Мыйзамга ылайык ар бир президенттикке талапкердин укуктары бирдей болушу керек. Ошондуктан сынак Улуттук университетте же Илимдер академиясында өтөбү, Текебаев дагы башка талапкер сыяктуу бир шартта, бир имаратта тапшырышы керек. Анын тест тапшырышын мамлекет толугу менен камсыздап бериши керек. Мейли конвой же УКМК кызматкерлеринин коштоосунда келеби, айтор кыргыз тил сынагын сөзсүз тапшырышы керек.

БШКнын мурдагы мүчөсү, саясатчы Ишенбай Кадырбековдун баамында бийлик камактагы саясатчылардын кыргыз тил сынагына алып барбай коюу аракети көрүлүшү мүмкүн. Себеби сынак ЖМК тарабынан жалпы өлкөгө көрсөтүлсө, саясатчылар эфирди өз пайдасына колдонуу тобокелдиги бар. Анткен менен тестке катыштырбай коюуну дагы коомчулук саясий буйрук катары кабылдап, камактагы саясатчылардын кадырын көтөрүүгө салым кошот дейт саясатчы:

- Текебаев менен Жапаровду БШК сынакка киргизсе да, киргизбесе да утушка ээ болот. Себеби экөөнүн мүмкүнчүлүгү башка талапкерге караганда чектелип калбадыбы. Айтор сынакка барса телевидение аркылуу кайрылууга мүмкүнчүлүк болот, эгерде бийлик бут тоссо бул саясий куугунтук экенин тереңирээк билип калат да, кийинки парламенттик шайлоого упай топтойт.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. Бул система президенттик шайлоодо алгачкы ирет колдонулуп жатат.

Ушул күндөрү БШКга талапкер болуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны Садыр Жапаровду кошкондо 33кө жетти. БШК талапкер болууну каалагандардын арызын кабыл алууну 1-августта токтотот. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG