Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Шайлоого даярдык кызыды


Келе жаткан жумадан баштап президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз берген саясатчылар кыргыз тили боюнча тест тапшыра баштайт.

БШК 20-июлда тестирлөөнүн графиги түзүлүп, тест тапшырчу күндөрдүн ирети жарыяланарын маалымдады. Учурда талапкердикке үмүткөрлөр мыйзам талап кылган кол чогултууну улантып жатса, Каттоо кызматы шайлоочулардын тизмегин тактоо менен убара.

Шайлоочунун тизмеги эки жолу такталат

Күздө болчу президенттик шайлоодо жалпы жарандык паспорт жана ID паспорттон тышкары биометрикалык паспорт менен шайлоого катышып, добуш берсе болот. Учурда Каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун чиптерин окучу аппараттарды ар бир добушканада камсыз кылып берүүнүн аракетин көрүп жатат.

Каттоо кызматынын негизги маселелеринин бири шайлоочулардын тизмегин тактоодо жатат. Дал ушу шайлоочулардын тизмегинен добуш берүү күнү нааразычылыктар көп орун алып келет. Андыктан Каттоо кызматы шайлоого чейин эки жолу БШК менен биргеликте тизмени такташы керек. Алгачкы тактоо иштери 5-августта башталарын Катоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев айтты:

- Жаңы мыйзам боюнча шайлоо күнүнө 70 күн калганда БШКга биринчи тизмени беребиз. Өз кезегинде БШК ал тизмени шайлоо участкаларына илет. Ошол күндөн тарта шайлоочулар өзүн тизмеден тактаса болот. Экинчиси - шайлоо күнүнө 20 күн калганда экинчи жолу такталган тизмени БШКга беребиз. Бул шайлоочуларга дагы бир жолу өзүн тизмеден тактап алганга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми шайлоо күнүнө он күн калганда акыркы тизме такталып, ошол тизменин негизинде шайлоо өтөт.

Кошумча участкалар бийликтин планыбы?

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстан боюнча 3 миллионго чукул жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырганын, бул жарандар кайсы жерде болбосун шайлоого катышууга укуктуу экенин билдирүүдө.

Ал үчүн Боршайком өлкө боюнча 2300, чет мамлекеттерде 36 добуш берүүчү шайлоо участкасын ачууда. Ошондой эле каттоого турбастан жаңы конуштарда жашап жаткандар үчүн БШК бул жолкусун да убактылуу шайлоо участкаларын ачууга аргасыз болуп жатканын БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтты.

- Ички миграциянын кесепетинен Бишкекте 27 добушкананы түзүү боюнча чечим кабыл алдык. Мындан сырткары Ош шаарынын Кара-Суу жана Араван райондорунда кошумча добушкана ачылышы мүмкүн. Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда да кошумча добушканаларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бирок шайлоо системасын жакшы билген адистер дал ушу кошумча шайлоо участкаларында добуштар бурмаланып келет деп тынчсызданышууда.

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз “Азаттыкка” билдиргендей, кошумча шайлоо участкаларынын добуштары чечүүчү ролду ойноп калганын билген бийлик, аларды ачууга кызыкдар экенин көрсөтүп жатат.

- Бүт шайлоонун ашмалтайы кошумча шайлоо участкаларынан чыгат. Анткени көп жыйынтыкты кошумча участкалар бергендиктен, бийлик аны колдон чыгарбай калды. Ойлонуп көрсөңөр, жатаканадагы студенттер, армиядагы жоокерлер, милициянын колледжинин курсанттарын “форма-2” менен бир добушканага каттап салат. Алардын бардыгына бийлик өз талапкерине добуш берүүгө үндөйт, жыйынтыгы кошумча добушканалар бийлик үчүн чоң роль ойноп калбадыбы.

"Кыргызтест": сынак жадыбалы түзүлүүдө

Шайлоого аттангандар кыргыз тили боюнча сынактан өтүүсү абзел. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов келаткан аптадан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде арыз берген талапкерлер “Кыргызтесттен” өтө баштайт деди:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- 25-июлда талапкерлерге “Кыргызтест” программасы менен тааныштыруу жүрөт, ал эми 26-июлдан баштап кыргыз тилде тест тапшыруу башталат. Түзүлө турчу графикке жараша, күнүнө төрт талапкер тест тапшыруусу күтүлүп жатат. Биз БШК болгону графикти гана өткөрүп беребиз, калганын бардыгын Мамлекеттик тил боюнча комиссия уюштурат. Менимче аларды (соттошуп жаткан талапкерлерди - ред.) тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте сынакты камсыз кылышат.

Ошол эле учурда президент болуу дымагы бар, соттолуп жаткан айрым саясатчылардын кыргыз тилинде сынак тапшыруусу кандай болоору тууралуу БШК так маалымат бере элек.

Өз кезегинде “Кыргызтесттин” жетекчиси Батма Топоева-Ставинская камакта жүргөн талапкердин тест тапшыруусун Боршайком жөнгө салып бериши керектигин айтууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин камактагы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары каттоо арызын кабыл алган. БШКнын маалыматы боюнча БШК дагы бир камактагы саясатчы Садыр Жапаров шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен, азыркыга чейин тийиштүү документтери келе элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 30 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен бешөөнү партия көрсөтсө, калганы өзүн өзү көрсөткөндөр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG