Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кыргызстанда 2300 шайлоо тилкеси ачылат


Президенттик шайлоону өткөрүү алкагында Кыргызстанда 2300 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу шайлоого даярдык боюнча штабдын жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлөрдө 36, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында кошумча шайлоо тилкесин түзүү сунушу каралып жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды тапшырган 2 млн 954 миң 547 шайлоочу бар. Алардын ичинен 26 миң 33 жаран каза болгондугуна жана 2964 жаран башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 25 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен 21 адам өзүн өзү көрсөтсө, төрт жаранды саясий партиялар көрсөткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG