Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:09

Президенттикке талапкерлерди каттоонун астында алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли "Кыргызтест" электрондук системасы аркылуу аныкталышы мүмкүн.

Бул укуктук ченем "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" тууралуу мыйзамга кире турган өзгөртүүлөргө кошулду.

Бул тест кыргыз тилинде окуу, түшүнүү жана сабаттуу жазуу деңгээлин аныктайт.

Мамлекеттик тил боюнча комиссия муну менен талапкерлердин тил билүүсүн текшерүүдө адам фактору жоюлуп, бул милдетти электрондук система гана аныктап каларын белгилешти.

Жаңы ыкма менен сынак алуу

Жогорку Кеңеш 19-май күнү экинчи окууда кабыл алган "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" тууралуу мыйзам долбоорунда президенттикке талапкердин мамлекеттик тил билүүсүн текшерүү ыкмасын өзгөртүү ченеми да камтылган. Ага ылайык, талапкерлерди каттоонун астында алардын мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу "Кыргызтест" системасы аркылуу жүргүзүлөт. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу бул системанын артыкчылыгы тууралуу мындай деди:

- "Кыргызтест" бул - мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу система. Ал эл аралык тил билүү деңгээлин аныктай турган шкалага ылайык иштелип чыккан. Бардыгы компьютерлештирилип, тилди билүүнүн төрт деңгээли киргизилген. Мына ошонун негизинде комиссия президенттикке талапкердин кайсы деңгээлде тилди билгени аныкталышы керектигин атайын жобо менен чечет. Мына ошонун негизинде тапшырмалар даярдалып, системага салынып, ошол боюнча талапкерлер сынак тапшырат. Бул жерде "комиссия буга тартып койду, тигиге бут тосту" деген шектенүүгө негиз берчү адамдык фактор жоюлат. Биз муну менен мына ошондой күмөн саноолордон жана так эмес баалоодон алыс болобуз. Компьютердик программа тапшырылган тесттин негизинде баллды эсептеп, жыйынтык чыгарып берет. Мурда болсо комиссия талапкерди "тилди билет" же "билбейт" деп гана баалап, корутунду чыгарат эле. Ага караганда бул заманбап система ачык-айкын жана так аныктап, талапкердин тил билүү жөндөмүн баалап берет.

Мурдагы менен азыркынын айырмасы

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "шайлоого катышуунун маселелери" деген аталыштагы жыйында президенттикке талапкерлерден мамлекеттик тилден сынак алуу ыкмасы эскиргенин жана аны заманбап үлгүдөгү жаңы тесттик система менен алмаштыруу зарылдыгынан улам бул сунуш киргенин түшүндүргөн.

Буга чейин президенттикке талапкерлер программасын мамлекеттик тилде дил баян түрүндө жазып, мындан сырткары адабий чыгармадан үзүндү окуп берип, бул боюнча суроолорго оозеки жооп берчү. Алардын тилди билүү деңгээлин атайын түзүлгөн комиссия аныктап келген.

Талапкерлердин мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу мамлекеттик телеканалдардан түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул жаңы ченем боюнча талапкерлердин тапшырган тестине шайлоочулар байкоо сала албай каларын белгиледи:

- Президенттикке талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоодо "Кыргызтест" системасын колдонууну караган ченем сунушталып жаткан экен. Бирок бул ченем ушул боюнча аягына чейин өзгөртүүсүз колдоого алына турган болсо, анда шайлоочулар талапкерлер мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде биле турганын түз эфир аркылуу көрө албай калат.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Назарали Арипов талапкерлердин мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу жөнөкөйлөштүрүлгөнүн айтып, ошол эле кезде тесттин жыйынтыгы коомчулукка түз эфир аркылуу көрсөтүлө турганын билдирди.​ Тесттен тышкары, дил баян жазуу менен оозеки жооптор тапшырмасын калтыруу жагы сунушталганы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова талапкерлер тапшыра турган "Кыргызтест" системасын карап чыгуу зарылдыгын айтып, алардын ачкычтарынын бекемдиги үчүн жоопкерчиликти камсыздоо маселесин көтөрдү:

- Мен өзүм жеке "Кыргызтест" системасын карап көрө элекмин. Бирок мамлекеттик кызматка өтүү үчүн тест тапшыргандар арасында бир топ нааразылыктар бар экен. Анткени алардын айтымында, мамлекеттик кызматка кабыл алуу үчүн тест тапшырууда алдын ала нерселер боло турганы байкалган экен. Мамлекеттик тилден сынакты мына ошондой тест аркылуу тапшыргандай болбошу керек. Анткени эки система окшош да.

Азырынча иштеп жаткан мурдагы ыкмада мамлекеттик тилде жазган дил баяндарында бештен ашуун грамматикалык ката кетирген талапкерлер шайлоого катышуудан четтетилген талап бар болчу.

Мамлекеттик тил боюнча сынакка шайлоо күрөөсүн төлөгөн талапкерлер гана киргизилип, сынактан кулагандарга күрөө кайтарылбай турган жобо иштеп келген. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, бул ченемдер жаңыдан сунушталган өзгөртүүлөрдө калтырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG