Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:45

Президенттик жарышка чейин шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алсак талапкерлердин шайлоо күрөөсү он эсе көбөйтүлүп жатат.

Партияларга жоопкерчилик күчөйт

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 18-майда Кыргызстандагы саясий партиялар менен жолукту. Анткени шайлоого негизинен талапкерди партиялар сунуштайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияларды азыртадан документтерин тууралоого чакырып жатат.

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

Бул “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо” тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн талабы:

- Акыркы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо көпчүлүк партиялар аталышын өзгөртүп, жетекчиликтерин алмаштырып алышты. Ал эми “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамда шайлоо мөөнөтү жарыяланганга чейин юридикалык маселелер жөнгө салынышы керек. Эгерде кайсы бир партиядан талапкер көрсөтүлсө, биз алгач Юстиция министрлигинен ал партия тууралуу маалымат алып, партиянын жобосун дагы сурайбыз. Документтер боюнча кандайдыр бир пикир келишпестик болбошу үчүн партиялар аларды тууралашы абзел.

Шайлдабекова кошумчалагандай, талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынак “Кыргызтест” системасы аркылуу өтөт.

Шайлоо күрөөсү миллион сом

Мыйзамдагы эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири президенттик жарышка катыша турган талапкерлердин шайлоо күрөөсү экенин БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” маалымдады:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- Талапкерлердин шайлоо күрөөсү мурда 100 миң сом болсо, азыр 1 миллион сомго көтөрүлүп жатат. Бул өзгөртүүлөрдү парламент экинчи окууда кабыл алып берди. Натыйжада шайлоо күрөөсү он эсе жогорулап, бул жаш саясий партия жана жаңы талапкерлер үчүн бул бир топ сезилерлик сумма. Кээ бир талапкерлер президенттик шайлоого олуттуу мамиле жасабастан, өзүнүн саясий беделин билүү үчүн коюп жатпайбы. Андыктан бул өзгөрүүлөр саясий беделин билгиси келген талапкерлерге, өз каражаты аркылуу билип алсын деген белги.

Бул арада “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Исхак Масалиев талапкерлердин күрөөсүнүн көтөрүлүшү жөнөкөй жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканын, анан калса бул жобо Конституцияга каршы келерин кошумчалады:

- Конституцияда президенттикке талапкер күрөө калтырышы керек деген норма жок. Мен Салык кызматында иштеп калгандыктан билем, Кыргызстанда миллионерлер көп деле эмес. Депутаттардын жылдык маянасы 900 миң сомдон ашпайт. Андыктан мен мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргенин туура эмес багытта кетип бараткан кадам деп айтам. Барып-барып шайлоо бул байлардын эле иши болуп калат. Бул коомчулукта жакшылыкка алып келбейт.

Шайлоо мөөнөтү

Буга чейин 19-ноябрда шайлоо өтөт деп айтылып келсе, жарандык коом жана айрым партиялардын нааразычылыгы менен аны 15-октябрга жылдыруу сунушталууда.

КСДП партиясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров шайлоо мөөнөтүнүн бир ай алдыга жылуусунун негизги себебин мындайча түшүндүрдү:

- Эгерде биз шайлоону октябрь айына коё турган болсок, “президенттик шайлоо эки турдан болуп калса” деген ыктымалдыктын алдын алабыз. Ага ылайык шайлоонун экинчи туруна өз маалында жетишебиз. Өзүңүздөр билесиздер, коомчулук жана “Ата Мекен” партиясы президенттик шайлоону эртелетүү маселесин көтөргөн. Бул маселе парламент комитетинде да колдоо тапты.

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, келе жаткан шайлоодо тизмени тактоо маселесинде да жылыштар болуп, жоопкерчилик бир гана Каттоо кызматына жүктөлбөстөн БШКга да бөлүнүүдө. Мындан тышкары шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда талаштарды болтурбоо үчүн добуш берүү аяктаган учурдан тартып электрондук урнадагы протоколдун көчүрмөсү дароо борбордук сайтка коюлмакчы.

Парламент жакында “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо” тууралуу мыйзамын үчүнчү окууда карайт. Ал эми июнь айында шайлоо күнү расмий жарыяланат.

Ага чейин мамлекет башчылык үчүн ат салышууга ниеттенген бир нече саясатчы жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушууда. Бул жагынан акыркы кездери "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов, "Ак шумкар" саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев саясий ишмердигин жандантты. Ал эми бийликчил Социал-демократтар 17-майда саясый кеңешти чогултуп, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтөрүн маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG