Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

БШК партиялардын жоопкерчилигин тактады


Бишкекте "2017-жылдагы президентти шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери" деп аталган жыйын өттү.

Президенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз кадыр-баркын билип, мыйзамды бузбай иш алып барышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги президенттик шайлоо өнөктүгү жана саясий партиялардын жоопкерчилигине арналган жыйында билдирди.

Шайлдабекова акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары катталганын, мындай ыкманы шайлоого биринчи жолу катышып жаткан партиялар дагы колдонгонун кошумчалады.

- Бул окуялар партиялар дагы деле өзүнө жүктөлгөн чоң миссияны сезбей жатканынан кабар берди. Келе жаткан президенттик шайлоодо БШК атайын жумушчу топ түзүп, партиялардын өкүлчүлүктөрү менен окууларды өткөрүп, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Партиялар добуш сатып алуу кылмыш экенин билиши керек.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерлерден экзамен алуу системасы эскиргенин, андыктан мамлекеттик тил боюнча сынагын “Кыргызтест” системасы аркылуу жүрүшүн колдой турганын кошумчалады.

Ал эми БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтсө, шайлоочулар сынакты түз эфир аркылуу көрө албай каларын кошумчалады.

17-майда Жогорку Кеңеш "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберген. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар бар.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. "Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.

Кыргызстанда акыркы жергиликтүү кеңеш шайлоосуна 36 партия катышса, анын 21и алгачкы жолу шайлоого катышкан. Ал эми президенттик шайлоо быйыл күздө өтөт. Анын так датасы аныктала элек. 17-майда Жогорку Кеңеш КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушун экинчи окууда колдогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG