Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти


Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

Кыргызстанда айрым саясий партиялардын лидерлери президенттик шайлоого катышарын жарыялаган жана соңку кездери алардын аймактарды кыдыруусу, эл менен жолугушуулары жанданды.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү - Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ушул күндөрү Ош менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Төрөбаев буга чейин "Азаттыктагы" маегинде шайлоого камданып жатканын бышыктаган. Бирок "үгүт иштерди эртелеп баштады, депутаттык иши унутта калды" деген өңдүү дооматтарды жокко чыгарган:

- Азыр сүйлөшүүлөр аябай көп болуп жатат. Ар кандай саясатчылар келип жатат. Эми анын баарын атай албайсың. Кайсы бир партиянын, кыймылдын жана бирикменин балдар-кыздары менен биз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Анткени жаңы команда, жаңы ойлор, жаңы инсандар менен келип Кыргызстанды башкарыш керек. Бүгүнкү күндө эл өкмөттөн эмес, депутаттардан гана талап кылып жатат. Депутат өзү мыйзам чыгарат. Эл өкмөттөн талап кылышы керек. Бирок андай болбой жатат. Сиз жана депутаттык ишмердүүлүк унутулуп калдыбы деп сурабадыңызбы. Андай эмес. Депутат бул - эл өкүлү. Кандай болсо да эл менен жолугушам, бул депутаттын ишмердүүлүгү. Мен жолугушууларга барганда мен президенттикке талапкермин деп айткан жокмун. Мага биздин партия шайлоого барасыңбы дегенде эле мен макулдугумду бергем. Эми талапкер болгондун жол-жобосу бар. Шайлоо жарыялангандан кийин партиянын курултайы болот, талапкер ошол жерден көрсөтүлөт.

Төрөбаевдин эл менен жолугушуусу.
Төрөбаевдин эл менен жолугушуусу.

Ушундай эле жолугушууларды парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана мурунку өкмөт башчы, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев уюштуруп жүрөт.

Ал арада БШК болочоктогу талапкерлерди үгүт иштерин эртелеп жүргүзбөй турууну эскертти. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Назарали Арипов кабарлады:

- Биз саясатчыларды шайлоо мыйзамдарын сактоого чакырып кайрылуу жасадык. Анда шайлоо күнү расмий белгиленгенге чейин, каттоого өтө электе үгүт иштерин жасабай туруңуздар деп айтып жатабыз. Азыр кээ бир саясатчылар, президент болом деген жарандарыбыз алдын ала эле жумуштарды жасап жатат.

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

Анткен менен БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев мындай эскертүү берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирбей турганына токтолду:

- БШК эрте үгүт жүргүзүүгө тыюу сала албайт. Анткени мыйзамда андай укугу жок. Шайлоого байланыштуу маселелер шайлоо дайындалган күндөн баштап гана иштей баштайт. Азыр шайлоо дайындала элек, ошондуктан БШКнын мындай эскертүү бергени туура эмес. Эмне себептен тыйып жатышканын түшүнгөн да жокмун. Эгерде ушундай талап менен иштесек, анда ал болочоктогу президент болом дегендерге алты-жети жыл бою эч нерсе кылба деген талап менен эле барабар болуп калат.

Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, мындай чектөө эң ириде оппозициячыл маанайдагы талапкерлерге терс таасир этиши мүмкүн:

- Эгер үгүттү чектеп койсо, анда бийлик көрсөткөн талапкерге утуш болот. Бийликтен башка талапкерлер, оппозиция көрсөткөн талапкерлер болсо, тескерисинче, утулат. Мындай чектөө бийликке гана пайда алып келет. Себеби башка талапкерлер жетишпей калат. Анан кайсы бир күчтөр менен бириккенге убактысы да, ресурсу да аз болуп калат.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев мындай талдоону четке какты жана бул тек гана калыстыкка чакыруу аракети деп түшүндүрдү:

- Өткөндөгү парламенттик шайлоодо, андан мурунку президенттик шайлоодо деле ушундай кайрылуу жибергенбиз. Бул биздин "урматтуу агайын туугандар, баарыңарды сыйлайбыз, биз калыс мекемебиз, бирок баарына бирдей шарт болсун, эч нерсе боло электе эле алдыга чыгып, бириңерди мактап, бириңерди жамандап жүрбөй эле, тынч, бир маалда баштабайсыңарбы" деген эле оюбуз. Бирок алар "жок, азыр эле баштайбыз" дешсе, анда аларды албетте мыйзам менен катуу тыя албайбыз. Ошентсе дагы баарына бирдей болсун деген эле калыс сөзүбүз.

Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп жаткан маалда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган эле. Эми бул долбоор алгач Жогорку Кеңештеги комитеттерде, андан соң парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.

Азырынча шайлоого катышарын "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирсе, парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. Ал эми "Ата Мекен" партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн. Бийликтеги Социал-демократтар партиясы болсо, азырынча өз талапкеринин атын атай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG