Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:49

Кыргызстанда президенттикке ат салышуу дымагы бар саясатчылар үгүттүн жаңы ыкмаларын колдоно баштады.

Президент болууга бел байлаган саясатчылар элдин ишенимине кирүү үчүн үгүттүн жаңы, заманбап ыкмаларын колдонуп жатышат. Мисалы, акыркы күндөрү Инстаграм социалдык желесинде Өмүрбек Бабановдун сүрөттөрүн жарыялап, аны мактагандар көбөйдү. Аны колдоп жаткан интернет колдонуучулардын дээрлик баарында он миңден ашуун окурман бар. Бакыт Төрөбаев болсо Фейсбукта активдешти. Темир Сариев "Бирге!" деген ураан менен жер-жерлерде көрнөк-жарнактарды илип жатат жана интернетте да үгүттү күчөттү.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков президент болгусу келгендердин үгүт иштеринин айланасында "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

"Азаттык": Президент болуу дымагы бар саясатчылар үгүттүн мурда колдонулбаган ыкмаларын пайдалана баштады. Бул көрүнүш эптеп марага жетүүнүн амалыбы же саясаттын ичинде да заманбап өзгөрүүлөр болот деп күтсө болобу?

Кадырбеков: Албетте, азыр социалдык тармактар элдин көп катмарына жеткен. Адамдар кимдин эмне деп айтканын, кандай иштерди жасаганын издеп таап алып, суроо коё алат. Бул жагдай азыркы президент болууга бел байлаган саясатчыларга чоң жоопкерчилик жүктөйт. Алар элге убадаларды берүүдө ойлонуп, анан сүйлөйт. Анткени, биз көрбөдүкпү, АКШ президенти Дональд Трамптын, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жеңишке жетишине социалдык желелердин да таасири болду. Алар ошол тармактар аркылуу элдин көп катмарын өз артынан ээрчите алышты.

Бакыт Төрөбаев соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.
Бакыт Төрөбаев соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.

Коом өнүгүп жатат, бир ордунда турган жок. Дүйнөлүк тенденция кыргыз саясатчыларына да таасир этет. Элдин талабына ылайыкташканга аракет кылып, жаңы технологияларды колдонуп жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Фейсбук, Твиттер жана башка желелер аларды калк алдында жоопкер болууга үндөйт. Бул алардын отчету да болот. Адамдар деле саясатчылардын кайсыл айткан убадасы аткарылып, кайсынысы унутта калганын билип турат. Туура эмес ишине шайлоочулары да реакция кылат.

Ага карабай, алдыдагы президенттик шайлоодон чоң өзгөрүү деле күтүп болбойт. Талапкер болору айтылып жаткан кишилердин дээрлик бардыгы мурда көнүп калган орусиячыл көз караштан чыга алышпайт. Өзгөчө жаңы идеяларды сунуштап, жаңы жолдорду көрсөтөт деген ишенимден алысмын. Глобалдык багытта секирик жасаган шайлоо болот деп эсептебейм. Эч кимисинде андай көрсөткүч жок. Анын үстүнө шайлоо алдында айрым атаандаштар сыртка сүрүлө баштады. Сөз эркиндиги да начарлаганын байкап жатабыз. Андыктан, жыйынтык белгилүү.

Өмүрбек Бабанов соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.
Өмүрбек Бабанов соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.

Америкадабы же Европада болобу, талапкерлер жаңы технологияларды болушунча колдонот. Шайлоочулардын мүнөзүнө жараша мамиле жасайт. Мисалы, ким же кайсыл аймакта кайсыл ырчынын жактырары же башка ушул сыяктуу изилдөөлөр менен шайлоочулардын көңүлүн тапканга аракет кылышат. Биздикилер андай деңгээлге азыр жете элек.

"Азаттык": Кыргызстандагы шайлоо алдындагы атаандаштык, үгүт жүргүзүү маданиятына кандай баа бересиз?

Кадырбеков: Үгүт жүргүзүү маданияты, саясий атаандаштык маданияты, сын айтуу жана сын көтөрүү маданияты өскөн сайын коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнө жакшы пайдубал курулат. Бирок бизде мурда ачык шайлоолор аз болгондуктан, жогоруда мен санаган маданият түшүнүктөрү эми гана калыптанып келатат. Бул деле жакшы, кийинкиге сабак болот. Саясатчылар мурдагыдай бири-бирин чукуп гана отурбай, бири-бирине байкоо салууну да үйрөнүшү керек. 25 жылдан бери эле кыргыз саясатчылары компромат издеп эле жүрбөйбү. Бизде демократия бар деп айта албайбыз. Демократиянын элементтери гана бар. Келечекте толук демократия болоруна ишенем. Жаңы муундун өкүлдөрү саясаттын маданияттуу жолун курат деп үмүт кылам. Шайлоону таза өткөрмөйүнчө оңолуу деле болбойт.

"Азаттык": Кыргызстандагы шайлоо алдындагы үгүт менен өнүккөн мамлекеттердеги үгүт иштерин салыштырып, жетишкендиги жана кемчилигин айта аласызбы?

Кадырбеков: Президент болууга бел байлагандар максималдуу түрдө үгүт жүргүзүшү керек. Бул алардын укугу. Коомдо да аны кабыл алган маданият түптөлүшү керек. Мисалы, "шайлоо жыйынтыгы алдын ала чечилген" деп, өз жеңишине ишенбей эле жүргөн саясатчылар бар. Бирок ал туура эмес. Ар түрдүү жаңы технологияларды колдонушсун. Эл менен иштей берүү керек.

Темир Сариев соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.
Темир Сариев соцтармактарга жүктөгөн сүрөттөрдүн бири.

Өнүккөн мамлекеттерди алып карасак, шайлоодон жок дегенде бир жыл мурда үгүт башталат. Буга Жапония, АКШ, Түштүк Корея, Францияны мисал кылсак болот. Ар бир талапкер өз штабы менен, санаалаштары менен өлкөнү кыдырып, максаттарын калкка жеткирет. Бул туура кадам. Эмне пландары бар экенин, кандай өзгөрүүлөрдү жасоо ниетин адамдарга айтышы керек. Эл аларды жакындан таанып-билүүгө акылуу. Калктын шайлоого катышуу маданияты ошондо өнүгөт. Эгер талапкер жөнүндө толук маалыматы жок болсо, адамдар акчага же башка көз боёмочу убадаларга азгырыла берет.

Кыргызстанда президент болууга аттангандар үгүттү кеч башташты. Бирок мурдагыдан жакшы. Буга чейин шайлоого бир-эки ай калганда башталчу эмес беле. Үгүт иштерин эрте жүргүзүү жакшы жыйынтык гана берет. Шайлоо жакындаганда кара пиар күч алышы да турган кеп. Талапкерлер ага да даяр болушу зарыл.

P.S.: "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев президенттикке ат салышарын расмий жарыялашкан. "Республика-Ата журт" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановду партиялаштары талапкер катары көрсөтүү ниетин билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG