Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Президенттик шайлоонун астында шайлоо мыйзамдарынын өксүктөрүн түздөп, жоопкерчиликти жогорулатууга аракеттер башталды.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо жана административдик ресурсту колдонууга каршы турууга багытталган укуктук ченемдер парламенттин тиешелүү комитеттеринен талкуудан өтүп, коомдук угууга коюунун астында турат. Анда шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көбөйтүү жана шайлоо фонддорунун чегин жогорулатууга карата каршы пикирлер үстөмдүк кылууда.

Мыйзамдуулукту камсыздоо чарасы

Алдыдагы президенттик шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо үчүн Шайлоо кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Эң негизги өзгөртүү шайлоодо административдик ресурсту колдонууга каршы туруу чараларын ичине камтыйт. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, ага жол берген жетекчилерди жана кызматкерлерди жумуштан алуу жоопкерчилиги да киргизилген.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов жоопкерчиликти күчөтүү шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздайт деп эсептейт:

- Оппозицияга да, бийлик партиясына дагы бирдей шарттар түзүлөт. Ошондо гана партиялар мыйзамдуу жол менен орун алмашат. Азыркы учурда бийликте турган партия эле административдик ресурстарды колдонуп, мүмкүнчүлүгү кеңири болуп жатпайбы. Себеби, шайлоолордо административдик ресурс аркылуу мамлекет эсебинен автоунаалар, күйүүчү май, үгүттөөчү адамдар жана кызматтык бөлмөлөр бекер колдонулуп жатпайбы .Ал кызмат жетекчилерге эл тарабынан берилди да. Ата-бабасынан калган эмес. Биз ошонун бардыгын тыйып, “баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзөлү” деп айтып жатабыз. Мына ошондо гана бийликке келген партиялар элдин үнүн уга баштайт. Ошондо гана алар милиция же прокуратура аркылуу кылмыш иштерин козгобостон, эл менен иштейт.

Кагазда калган мыйзамдын күчү

Мыйзам долбоору аскер бөлүктөрү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери сыяктуу мамлекеттик же муниципалдык ишкана-уюмдарда кол астындагыларды кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароого багытталган.

Бул боюнча Шайлоо кодексинин 47-беренесине атайын пункттарды киргизүү сунушталууда. Анткен менен айрым депутаттар шайлоо мыйзамдарын бузууга каршы буга чейин деле жоопкерчилик каралганын мисал келтиришти.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков иш жүзүндө шайлоодо айрымдар административдик ресурс колдонсо, кээ бирлери добуш сатып алууга кынык алганын белгиледи:

Шайлоо участогу
Шайлоо участогу

- Муну эми дайыма эле айтып, жазып келе жатабыз. Тилекке каршы иш жүзүндө кайра эле ошондой болуп жатпайбы. Шайлоо кодексинде жоопкерчилик каралган да. Анын эч бир жеринде буга чейин деле административдик ресурсту колдонууга же добуштарды сатып алууга болот деген жери жок да. Бирок сатып алып жатышпайбы. Шайлоо таза өтүшү үчүн коом ошого даяр болушу шарт. Муну жогортон тазалаганга эч бир мүмкүнчүлүк жок. Эл өзү добушун сатпоо керектигин түшүнгөндө гана бизде таза шайлоо болот.

Мындан сырткары кодекске шайлоочулардын тизмесинин тактыгы үчүн жоопкерчиликти арттыруу ченемдери сунушталууда. Бул жерде мыйзам долбоорунун авторлору жарандар жасалма каттоонун негизинде жалган дарек боюнча шайлоо тизмесине киргизилген көрүнүштөрдү четтетүүгө басым жасашкан. Ошондой эле президенттикке талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн көбөйтүү жагы сунушталууда. "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, анан палатада карала турганын айтты:

- Бул азыр тиешелүү комитеттерде каралып жатат. Анан эми жакында ал палатанын талкуусуна түшөт. Негизинен комитеттердин айрымдары, кээ бир фракциялар шайлоо күрөөсүн көтөрүүгө каршы чыгышууда. Шайлоо фондунун өлчөмүн көтөрүү боюнча дагы маселелер бар. Мунун бардыгын кылдат талкуулап чыгып, анан мына ошол өзгөртүүлөрдү кабыл алууда тыгыз иштешибиз зарыл. Анткени алдыда шайлоо турат. Коомчулук буга нааразы болбошу шарт.

Күрөөнүн өлчөмү

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, буга чейин президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн күрөөнүн өлчөмү 100 миң сом болчу. Учурда муну 1 миллион сомго чейин көтөрүү жагы сунушталууда. Талапкердин шайлоо фондунун өлчөмү 500 миллион сомго көбөйтүлүшү мүмкүн.

Талкуудан соң, күрөөнүн өлчөмүн көтөрүү сунушу өтпөй калышы да мүмкүн. Анткени бул акчасы барларга гана талапкер болгонго жол ачып, акчасы аздардын мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Алманбет Шыкмаматов

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан үч негизги маселеден күрөө тууралуу сунуш өтпөй калышы мүмкүн дейт:

- "Байлар гана президенттикке талапкер болушу керек" деп Бабанов өзүнө ыңгайлуу кылып жазгандай болуп жатпайбы. Ошондуктан бул чоң талкуу жаратып, ага бардыгы эле макул боло бербейт. Талкуудан соң, күрөөнүн өлчөмүн көтөрүү сунушу өтпөй калышы да мүмкүн. Анткени бул акчасы барларга гана талапкер болгонго жол ачып, акчасы аздардын мүмкүнчүлүгүн чектейт. Анан эми жанагы тизмелерди тактоону милдеттендирүү жана административдик ресурсту колдонууга каршы туруу демилгеси, албетте, колдоо табат. Муну оппозициялык азчылык эле эмес, башкаруучу көпчүлүк деле колдошу мүмкүн. Анткени башкаруучу көпчүлүк эгерде буга тоскоол болуп, аны өткөзбөй койсо, анда ал алдыдагы шайлоодо аны колдонууга даярданып жатканын кыйыр түрдө далилдеп коёт.

Ошол эле кезде мыйзам долбоорунун авторлору президенттикке талапкердин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көтөрүү турмуштук зарылдыктан улам келип чыкканын жүйө келтиришүүдө. Ошондой эле шайлоо фондунун өлчөмүн жогорулатуу дагы реалдуу шайлоо чыгымдары менен байланыштуу экени көрсөтүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов мындай дейт:

- Күрөөнүн өлчөмүн көтөрүү боюнча биздин позициялар бирдей эле. Биз дагы муну көтөрүү зарылдыгын айтып жатабыз. Анткени президенттикке талапкер үчүн шайлоо күрөөсүнүн азыркы өлчөмү кабыл алынганына көп болгон. Мына ошондон бери канча убакыт өтту. Андан бери инфляциянын деңгээли өстү дегендей. Муну жогорулатуу үчүн бир топ жүйөлүү негиздемелер бар. Анан күрөөнүн өлчөмү көбөйгөндө, шайлоо фондунун өлчөмү дагы жогорулашы зарыл. Анткени ал мына ошонун эсебинен төлөнөт да.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоолорду караган бул мыйзам долбоору "Республика-Ата-Журт" фракциясы тарабынан иштелип чыгып, сунушталууда. Учурда ал парламентте биринчи окуудан өтүп, комитеттердеги талкуудан соң экинчи окууга коюла турганы күтүлүүдө. Бул мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдарга киргендиктен, ал палатада үч окуудан кийин, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG