Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

"Фридом Хаус" кыргыз бийлигин сындады


Бишкек
Бишкек

Эл аралык "Фридом Хаус" уюму 29 өлкөдөгү демократиянын өнүгүүсүн изилдеген жылдык докладын жарыялады. Анда Кыргызстан 2011-жылдан бери кайрадан Консолидацияланган авторитардык режимдер тобуна киргизилген. Баяндама авторлору буга оппозиция, маалымат каражаттарын куугунтуктоо, конституциялык реформа боюнча референдумдагы алешемдиктер негиз берерин айтышат. Ал эми кыргыз бийлигинин өкүлдөрү эл аралык уюмдун мындай баасына макул эмес.

Докладдын авторлору белгилешкендей, 2011-жылы атаандаштык негизде өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан Консолидацияланган авторитардык режимдер категориясынан чыгарылган. Бирок быйыл кайрадан демократиянын өнүгүүсү начар өлкөлөрдүн катарына кирип калды. Мунун себебин “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр” долбоорунун директору Нэт Шенкан мындайча түшүндүрөт:

- Оппозицияга, жарандык коом өкүлдөрүнө, сот системасына 2016-жылы президент Атамбаев тарабынан өзгөчө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесинде катуу кысым болуп келди. Мунун натыйжасында президентке (жана анын позициясына ) каршы пикир айткандар жазаланган учурларга күбө болдук. Кээ бир учурларда мыйзамдуу механизмдер, айрым учурларда психологиялык чабуул болуп жатты. Мунун бардыгы чогуу өлкөдөгү кырдаалдын начарлашына жана референдумдун өзүнө залакасын тийгизди.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев "Фридом Хаус" маалыматтарды чогултканда айрым бейөкмөт уюмдардын айткандарына гана таянып, экинчи тараптын оюн укпайт деп эсептейт жана эл аралык уюмдун баасына макул эмес:

- Сөз эркиндигин алганда жазганын жаза беришсин, жазып атышат. Бирок сотко бирөө берсе, жооп беришсин. Мен бул туура практика деп ойлойм. Негизи эле ушундай болушу керек. Мисалы Бакиевдин учурунда журналисттер канча кордукту көрүшкөн. Кээ бир журналисттер өмүрү менен кош айтышкан. Бир топ ошондой учурлар болгон. Азыр андай жок да. Ал эми тынчтык митингдерди өткөрсө болот. Бирок милицияга кол салышса, биз андай митингдерге макул болбошубуз керек. Себеби анда мамлекет эч качан өнүкпөйт. Өзүнчө бир тартип, башкаларга үлгү болуп калат, милиция туура эле кылып жатат.

Докладдын авторлору Армения менен Кыргызстанда Баш мыйзам өзгөртүлгөнүн өзгөчө бөлүп көргөзүшкөн.

Анда демократиялык жана демократиялык эмес системалардын ортосундагы айырма – шайлоочулардын бийлик башчыларын добуш берүү аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгү экени белгиленет. Сөз болгон эки өлкө тең президенттик башкаруудан парламенттик системага өтүшкөн.

Президенттер Серж Саргсян жана Алмазбек Атамбаев Конституцияны кайра карап чыгуу автократия эпидемиясы жайылып бараткан аймакта парламенттин демократиялык күчүн арттыруу үчүн керек деп айтып келишкен. Бирок бул реформалар иш жүзүндө президенттик партиялардын жана олигархиялык элитанын андан ары бекемдешине алып келет, - деп айтылат баяндамада.

Армения жана Кыргызстан Консолидацияланган авторитардык режимдер тобуна киргизилгени менен бир кишинин же кайсы бир топтун тоталдык үстөмдүгүн алдын алууга мүмкүнчүлүк түзгөн кайсы бир деңгээлде саясий плюрализмди сактап калууда, - деп белгиленет баяндамада.

Эки жерде тең кызматтагы мөөнөтү аяктап келаткан президенттер эмки шайлоого ат салыша алышпайт. Алар мөөнөттөрүн мыйзамдуу же мыйзамсыз түрдө узартып алышса, элита же коом көтөрүлбөйт деп ишене алышпайт.

Конституциялык өзгөртүү Саргсян менен Атамбаев үчүн ачык тирештен коркпой бийликти (жана активдерин) кармап калуунун жолу. Албетте, эки президент тең Баш мыйзам боюнча референдумдун ийгликтүү өтүшүн камсыздоо үчүн тоскоолдуктарды алып салышкан - деп жазышат докладдын авторлору.

Баяндамада андан ары Кыргызстанда 2015-жылдын күзүндө шайлоо болгон кезде Конституцияны реформалоо күн тарбинде жок болчу. Президент бул маселени бир нече айдан кийин, жаңы парламент чогулгандан кийин козгогон, талкуулар аз болгон, калың эл өзгөртүүлөрдү жакшы түшүнгөн эмес, - деп айтылат докладда.

Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Абдувахап Нурбаев коомдо ачык-айкын талкууга жетиштүү эле убакыт берилгенин, өлкө парламенттик башкарууга чындап өтүп жатканын айтат:

- ​Жаңы Конституция боюнча биз ошол парламенттик системага көбүрөөк өтүп атабыз. Анткени премьер-министрге көбүрөөк укук берилет. Премьер-министрди Жогорку Кеңеш шайлайт. Кайрадан президенттиктен биз парламенттикке көбүрөөк өтүп атабыз. Парламенттик башкаруу болгондо негизги демократиялык принциптерди жакшырак колдонобуз деген ойдомун.

"Фридом Хаус" президент Атамбаев оппозиция жана медианы куугунтуктоо менен мурдагы президенттердин каталарын кайталоодо деп мындай кадамдарга тынчсыздануусун билдирди:

- Атамбаев ага чейинки президенттер Бакиев менен Акаевдин каталарын кайталоодо деп эсептейбиз. Көзөмөлдү бекемдөө күчөдү, медиага, жарандык коомго, парламенттеги жана парламентке кирбеген оппозиция өкүлдөрүнө чабуулдар болуп келатат. Албетте, мунун бардыгы ошондогудай жыйынтыкка алып келет дегенге жатпайт. Бирок бул камтама жараткан тенденция. Кыргызстан дагы деле каалаганына жетүү үчүн авторитардык ыкманы колдонбогон президентке жете элек.

3-апрелде Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев соңку беш жылда чоң реформа жүргүзүлгөнүн белгилеп, өзүнөн кийинки мураскерге байланыштуу сөздөргө да жооп кайтарды:

- Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок! Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны менин мураскерим!

Өлкөдө "коррупция менен чыныгы, системалуу түрдө күрөш, мамлекеттик башкаруу органдарында, айрыкча бийликтин жогорку сересинде тазалоо башталганын" айткан Атамбаев сонку беш жылда эле жети миң коррупциялык иштердин, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги аткаминерлерге каршы чуулгандуу кылмыш иштердин бети ачылганына токтолду.

"Бул менин башкы тапшырмам, президент катары менин миссиям болду деп санайм. Эми келчү кийинки президенттер күчтүү өнүккөн, көз карандысыз Кыргызстанды кура алышат", - деген Атамбаев.

Борбор Азия боюнча аналитик Марат Мамадшоев Кыргызстанда саясий плюрализм бар деген ойго кошулат. Кыргызстан бул жагынан коңшуларынан абдан айырмаланат, бийлик алардагыдай кандайдыр бир кландын колуна топтолгон эместигин белгилейт:

- Кыргызстанда бийлик тынч жол менен өткөрүлгөн. Бул, албетте, өтө маанилүү көрүнүш. Кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери буга өтө терс мамиле кылышканын билебиз. Өздөрү жылдар бою бийликте отургандыктан, өзгөрүүлөрдү терс кабыл алышат. Себеби прецеденттерди каалашпайт. Кыргызстанда жашоо кайсы бир көрсөткүчтөр боюнча ошол эле Тажикстан же Өзбекстанга караганда жакшыраак.

22 жылдан бери чыгарылып келаткан докладдын тарыхында биринчи ирет бул жолу Консолидацияланган демократиялык өлкөлөргө караганда Консолидацияланган авторитардык режимдердин саны көбүрөөк болуп чыкты.

Нэйт Шенкандын айтымында, Брексит жана Кошмо Штаттардагы жаңы администрация Борбордук жана Чыгыш Европадагы, Балкандагы антидемократиялык популисттерди шыктандырды. Региондогу бир топ лидерлер либералдуу демократиянын идеясын ачык эле четке кагышты. Популизм менен улутчулдук Европадагы тынчтыкка коркунуч жаратууда.

2017-жылы докладда изилденген 29 өлкөнүн жарымынан көбүндө Демократия индекси төмөндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG