Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:41

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалып, камалышы чет өлкөлөрдө кандай кабылданууда? Акыркы саясий окуялар Кыргызстандын "демократия аралчасы" деген имиджине кандай таасир этиши мүмкүн?

Прага студиясында уюштурулган талкууга баш кеңсеси Францияда жайгашкан адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева, ​"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Галым Бокаш жана Жапонияда иштеген кыргызстандык саясат таануучу Даниел Кадырбеков катышты.

"Азаттык": Бийлик Текебаев мыйзамдуу кармалды, ал киши бир миллион доллар пара алган деп жатат. Айрым оппозициялык ишмерлер, укук коргоочулар болсо, депутат мыйзамсыз кармалганын айтышууда. Сырттан тыкыр көз салып турасыздар, мында саясат барбы же антүүгө негиз жокпу?

Надаежда Атаева
Надаежда Атаева

Надежда Атаева: Текебаевдин камалышы учурунда процессуалдык механизмдер формалдуу гана колдонулгандыктан куугунтук десек болот. Эмне үчүн?

Анткени Текебаев алдыдагы президенттик шайлоодогу ыктымал таасирдүү талапкерлердин бири. Ал Кыргызстанда эле эмес, чөлкөмгө белгилүү, эл аралык байкоочулардын кызыгуусун туудурган, абдан көрүнүктүү саясий фигура. Ал өлкөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү коомчулук таасын байкап, баа бере тургандай кылып көтөрүп келген. Албетте бул бийликти чочулатат. Анын үстүнө азыр Атамбаевдин бирден бир олуттуу оппоненти. Чынында Атамбаев Кыргызстандагы бардык күч органдарынын, ошол эле атайын кызмат менен прокуратуранын кадамдарын көзөмөлдөрүн түшүнүп эле турбайбызбы. Анткени буга чейин деле Кыргызстанда журналисттерге карата куугунтук болгон. Мисалы, Дайыр Орунбековду эсиңизге сала кетейин. Укук коргоочу Азимжан Аскаровду мисал келтирсем болот.

Бийлик адамдын эркин пикир билдирүүсүнө бөгөт кое баштагандан тарта деградация болот. Бийликтин жарандык коом өкүлдөрүнүн артынан түшө баштаганы өтө коркунучтуу фактор. Менимче, азыр коомчулук саясий куугунтукка алынып жатат деген адамдарды коргоо үчүн убактылуу комитет түзүүгө мезгил келди. Анан анын атынан бийликке жана эл аралык уюмдарга сунуштарды жөнөтүү керек. Менимче, бул боюнча Европарламентте да, АКШ конгрессинде да угууларды өткөрүүгө аракеттенүү зарыл. Анда азыркы учурдагы адам укуктарынын абалын талкуулоо керек. Балким Европарламенттин депутаттары үн катып, бул боюнча резолюция кабыл алышар. Текебаевди эле айткан жокмун, биздин көңүлдү бурган башка дагы жагдайлар бар. Кантсе да Атамбаев саясий карьерасынын эл менен тил табыша ала турган, эл менен диалогго бара турган жеринде турат. Таптакыр кайрылгыс болуп тереңдеп, ошол эле Каримовдун чоң-чоң каталарын жасай элек.

Галым Бокаш
Галым Бокаш

Галым Бокаш: Постсоветтик мамлекеттерде мамлекеттик машине бир гана ыкма менен иштейт. Асыресе, Орусия менен Казакстанда бийликке оппонент болгон адамдарды жапырууда эч бир логикага карабайт. Соттогусу келсе каалаган айыпты тагат. Сталин айткандай, "адам болсо берене табылат" деген постсоветтик өлкөлөрдө мамлекеттик машиналардын негизги ыкмасы. Акыркы демократиялык көрүнүштөрдөн улам Кыргызстанда жагдай башкача болсо керек дегем. Бирок Атамбаевдин соңку кезде жүрүм-турумунун өзгөргөнүн карап отуруп авторитардык доор кайтып келеби деген чочулоону түшүнүүгө болот. Анткени акыркы убакта премьер-министрге бийликти көбүрөөк берүү менен Атамбаев бийлигин андан ары улантабы деген коркунуч пайда болгон. Ошондой коркунуч тууралуу эң катуу айтып жүргөн адамдардын бири Текебаев болгон.

Мыйзам чыгаруучу тармакта иштеген, эл атынан, коомдук маселелерди көп көтөргөн, бийликтин сынчысына айланган адамдын кармалышына, албетте, Казакстандагы серепчилер, окурмандар таң калып турат. Текебаевдин ошондой шартта, саясий жагдай кызыган убакта, Атамбаевдин бийлиги алмашар алдында кармалышы күмөн санатты.

Даниел Кадырбеков: Кыргызстанда теле, гезит көзөмөл астында болуп, Коомдук каналдан бир тараптуу көрсөткөнү үчүн өлкө ичиндегилер мүмкүн болуп аткан нерсени эле билиши мүмкүн. Бирок эл аралык коом, уюмдар анализ жүргүзүп, түрдүү булактардан маалымат алгандыктан алар үчүн “бул күнөөлүү” десе эле күнөөлүү болуп калбайт. Алар авторитаризм, диктатура орногон өлкөлөрдүн он-жыйырмасын көрүшкөн.

Ошон үчүн алар өз алдынча анализ кылгандан кийин чечим чыгарат. Бирок ачык сынга албай жаткан себеби, глобалдык деңгээлде азыр демократиядан аз-маз чегинүү болуп, улутчулдук күч алып атат. Брексит жана Трамптын келиши менен. Дүйнөдө демократияны жайылтып, демократиялык баалуулуктарды сыйлаган өлкөлөрдүн лидерлери азыр башкача көз карашта. Эртең Текебаевди камап койсо эл аралык укук коргоо уюмдары, ошол өлкөлөр буга тынчсызданабыз, туура эмес көрөбүз деши мүмкүн. Бирок гранттарды, кредиттерди, ушул сыяктуу макулдашууларды токтотконго барбайт деп ойлойм. Аны Атамбаев да билип турат. Анын үстүнө президент Атамбаев Орусияга ыктаганы белгилүү, ошондуктан башка эл аралык институттар эмне дегени ага кызык эмес.

Кыргызстанда демократияга умтулуу азайды

Ал эми Вашингтондогу Карнеги институтунун Борбор Азия боюнча аналитиги Пол Стронски Кыргызстанда тандалма камакка алуулар болуп жатат деген ойдо. Ал "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Вашингтондогу кабарчысы Карл Шрек менен маектешип, Кыргызстанда демократияга умтулуу азайып баратат деген оюн айтты. Кыргыз бийлиги “Ата Мекен” партиясынын депутаттарына козголгон кылмыш иштерин коррупцияга каршы күрөш деп мүнөздөп, өлкөдө демократиянын негизги принциптери бекемделип жатканын айтып келет.

Кыргызстан Батыш үчүн өтө чоң мааниге ээ эмес. Ал жерде мурдагыдай АКШнын базасы жок. Бул өлкө бир гана нерсеси менен – демократияга умтулуусу менен Батыштын көңүлүн буруп турчу.
Пол Стронски

Карл Шрек: Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев орус ишкеринен пара алган деп шектелип, тергөө бүткүчө эки айга камакка алынды. Анын депутаттык иммунитети болгону маалым. Бул камоо жана андан кийинки саясий окуяларга кандай баа берип жатасыз?

Пол Стронски: Бул жагдай өтө тынчсыздануу жаратат. Бир канча жыл мурдагы биримдик бузулганын көрсөткөн жышаан. Өлкөдө демократияны орнотуу кыйынчылык менен коштолууда. Ал күрөш уланып жатат. Соңку окуялар өлкө жагымсыз тарапка багыт алганынан кабар берет.

Учурда Кыргызстан Батыш үчүн өтө чоң мааниге ээ эмес. Ал жерде мурдагыдай АКШнын базасы жок. Бул өлкө бир гана нерсеси менен – демократияга умтулуусу менен Батыштын көңүлүн буруп турчу. Бирок бул умтулуу алсырап бараткандай. Менимче, өлкө дале болсо Орусия жана Кытай гана эмес, көп векторлуу тышкы саясатты карманууга аракет кылып келет. Өкмөттүн соңку кадамдары жакшы белги эмес. Референдум сыяктуу окуялар түкшүмөл ойлорду жаратат. Бирок соңку окуя өтө негативдүү.

Карл Шрек: Сиз Кыргызстан расмий Вашингтондун өтө чоң кызыгуусун жаратпай турганын айтып өттүңүз. АКШнын азыркы администрациясы бул мамилесин салмактап карап көрөт деп ойлойсузбу?

Менимче, бир тараптуу, тандалма камоо жүрүп жаткандай көрүнүп жатат. Өкмөт эмне деп айтаары белгилүү. Вашингтондогулар деле маселенин төркүнүн ачык эле көрүп турат.
Пол Стронски

Пол Стронски: Учурдагы администрация ошентет деп күтпөйм. Кыргызстанга салыштырмалуу анын айрым коңшулары коопсуздук маселесинде дагы көбүрөөк мааниге ээ. Батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөр үчүн бул тарапка маани берип келген. Азыр АКШ өкмөтүнүн өлкөгө көбүрөөк көңүл буруусун каалагандарга, Кыргызстандагы демократияны өнүктүргүсү келгендерге кыйын болот. Бул ишти кылам дегендерге оңой болбойт. Анткени алар чоң демократиялык жетишкендиктер болуп жатат деп деле мактана албайт.

АКШнын азыркы администрациясы бул ишке киришип, көңүл бурат деп ойлобойм. Алар бул өлкөдөгү адам укуктарын коргоо ниетин деле көрсөткөн жок. Менимче, Кыргызстандын демократиялык көрсөткүчү ылдыйлай берет. Батыштын көңүлүн буруусуна татыктуу болуу аракети деле байкалган жок.

Карл Шрек: Коррупция маселеси Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда да чоң маселе. Өкмөт соңку камоону коррупцияга каршы күрөш менен түшүндүрүп жатпайбы?

Пол Стронски: Албетте, бийлик ушунтип айта берет. Кармалган депутаттын парламенттик кол тийбестиги бар экенин деле карап көрүңүз. Менимче, бир тараптуу, тандалма камоо жүрүп жаткандай көрүнүп жатат. Өкмөт эмне деп айтаары белгилүү. Вашингтондогулар деле маселенин төркүнүн ачык эле көрүп турат. Мага тандалма иштей көрүнүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG