Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

HRW Текебаевдин ишине тынчсызданат


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы тынчсыздануу жаратканын билдирип, бийликти бул ишти ачык-айкын жана акыйкат иликтөөгө чакырды.

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон “Азаттыкка” маек курду.

Хью Уильямсон: Албетте, Кыргызстандагы белгилүү саясий оппозициячыл фигуранын жекшембиде кыска убакытта драмалуу шартта кармалганы боюнча биз тынчсызданып турабыз. Медиа каражаттарындагы жана бийлик өтө чектеп ачыкка чыгарган маалыматтардан улам бул окуянын саясий өңүтү барбы деген камтамачылык пайда болду. Андыктан биз бийликти бул ишти ачык-айкын жана өтө этияттык менен териштирүүгө чакырабыз.

Айтылып жаткан айыптарды иликтөө ишин да, маселе сотко жете турган болсо соттук угууларды да акыйкат алып барууга үндөйбүз. Мындан тышкары учурда өтүп жаткан митингдерде, өзгөчө мындай эмоционалдуу учурда ой-пикир билдирүү эркиндиги сакталышы керектигин эскертебиз.

“Азаттык”: Шейшемби күнү кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Текебаевдин ишинде саясат жок деп айтты. Текебаев президенттин дарегине кескин сындарды айтып келгени маалым. Анын эки өнөктөшүнө – депутаттар Аида Салянова жана Алмамбет Шыкматовго каршы да кылмыш иши ачылган. Алардын тарапкерлери Кыргызстанда сынчыл көз караштагы адамдарга каршы саясий куугунтук жүрүп жатат деп жатышат. Сиз саясий куугунтук дегенге кошуласызбы?

Хью Уильямсон: Биз бир тарапты кармабайбыз. Биз өкмөттү да, оппозицияны да колдобойбуз. Биз маселеге адам укуктары жаатынан карайбыз. Бийликтин кадамдарында саясий мотивдер барбы деп кабатырланып турабыз. Соңку бир нече аптада оппозициядагы Текебаев баштаган башкы саясатчыларга карата иликтөө башталганы анык. Бул окуялар өлкөдөгү президенттик шайлоого бир нече ай калган учурга туш келип жатат. Президент менен Текебаевдин ортосундагы касташкан мамиле бар экени да белгилүү.

Текебаевди колдогон митингде сөз сүйлөгөн Роза Отунбаева саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды, 27-февраль 2017-жыл.
Текебаевди колдогон митингде сөз сүйлөгөн Роза Отунбаева саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды, 27-февраль 2017-жыл.

Биздин оюбузча, мындай тынчсыздануулардан улам президент жана бийлик кошумча аракеттерди көрүшү керек. Бул жерде эч кандай саясий максат жок экенин далилдеши керек. Алар 1 миллион долларга байланыштуу айыптарды өтө ачык-айкын иликтеши зарыл. Иликтөө иши тез, ачык жана акыйкат болушу кажет. Президент бул жол менен гана биз сыяктуу байкоочуларды жана саясий каршылаштарды ынандыра алат. Бул жол менен гана иштин саясий өңүтү бар деген тынчсызданууларды жайгарат.

“Азаттык”: Президенттен жана бийликтен ишти ачык алып барууга болгон дилгирликти көрө алдыңызбы?

Хью Уильямсон: Азырынча так кесе айтууга эрте. Текебаев жекшембиде кармалды. Бийлик жана прокурорлор коюлган айыптар боюнча далилдерди канчалык тез көрсөтөрүн күтүшүбүз керек. Бирок соңку күндөрдөгү беш жүз, миң кишилик демонстрациялардын ачык өткөнү көңүл жубатарлык. Ошентсе да бийлик абалды курчутпоо үчүн жана бул иште саясат жок экенин далилдөө үчүн көбүрөөк иш кылышы зарыл.

"Ата Мекендин" депутаты Аида Саляновага (ортодо) каршы да "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ата Мекендин" депутаты Аида Саляновага (ортодо) каршы да "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“Азаттык”: Өмүрбек Текебаевдин кармалышы нааразылык акцияларынын жаңы толкунун жаратты. Кыргызстан эки ири элдик толкундоону баштан өткөргөнү анык. Туруктуулук жана демократиялык өнүгүү өңүтүнөн карасак, Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал кабатырлануу жаратпайбы?

Хью Уильямсон: Сиз айткандай, өлкө эки эң ири туруксуз мезгилди баштан өткөрдү. Мунун өзү бийлик мындай кадамдарга барганда эмне үчүн этият болушу керектигин көрсөтүп турат. Мыйзам үстөмдүгүн, сөз эркиндигин жана адам укуктарын алга сүрөгөн институттар корголушу керек. Андай болбосо тынчсыздануулар күчөп, тарых кайталанышы ажеп эмес. Дал ушул жагдайлардан улам бийлик чагымчыл аракеттерден оолак болушу керек. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгүн карманышы зарыл.

“Азаттык”: Эгер жалпы картинаны карасак, Кыргызстан Борбор Азиядагы коңшуларга салыштырмалуу ачык өлкө болуп келгени маалым. Соңку бир канча жылдагы саясий окуяларды талдасак, Кыргызстан дале болсо мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн жана демократия принциптерин туу туткан өлкөнү куруу багытында баратабы?

Президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин кармалышында саясат жок деп билдирди, 28-февраль 2017-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин кармалышында саясат жок деп билдирди, 28-февраль 2017-жыл.

Хью Уильямсон: Албетте, бул өкмөттүн ачык максаты. Ал максаттын аткарылышы өлчөнүп турушу керек. Бул жерде биз сыяктуу укук коргоо уюмдардын да ролу бар. Мыйзам үстөмдүгүн орнотуу маселесинде айрым олуттуу жылыштар болду. Бийлик айрым сезимтал маселелерди токтотуп койду. “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган жок. Диний негизде жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусун алдын алууда да жылыштар жасалды.

Ошол эле учурда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси өкмөт эл аралык талаптарды көз жаздымда калтырып жатканын далилдеп койду.

Андыктан пикир бир кылка эмес. Өкмөттүн эл аралык стандарттарды сактаганы маанилүү. Мен өкмөт бүгүн түзүлүп жаткан кырдаалда да стандарттарды кармайт деп үмүттөнөм. Эл аралык нормаларды сактоо маселесинде бүгүнкү абал бийлик үчүн сыноо болуп калмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG