Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Путин: Кыргызстандын ички ишине киришпейбиз


Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.

Владимир Путин бүгүн Бишкекке бир күндүк расмий сапар менен келди. Путиндин сапары Кыргызстандагы башкы оппозиционер саналган "Ата Мекен" партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев эки айга камалып, жүздөгөн тарапташтары үч күндөн бери анын бошотулушун талап кылып, акцияларды өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Президенттер кыргыз-орус алакасына ыраазы

Ар кандай ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз туура болду. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан учурда билдирди. Ал Путиндин сапары эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгын утурлай болуп жатканы жакшы жышаан экенин белгиледи:

- Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эки тараптын алакасы жаңы деңгээлге чыкты. Мындан ары да тараптар стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет, жалпы тарыхы бар бир тууган элдин мамилеси ушундай болуш керек. Владимир Путинге Кыргызстанга оор жана адаптация мезгилинде берген жардамы жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Орусиянын президентинин саясий эрки менен уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Орус тарап интеграция үчүн техникалык жардам иретинде 200 миллион доллар бөлдү. Ар кандай имиш, ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз эң туура кадам болду. Жыл аягына чейин бир тууган Орусиянын жардамы менен ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу боюнча бардык маселелерди чечебиз деп ишенем. Анча-мынча майда тоскоолдуктардын баары жыл этегине чейин алынат, - деген президент азыркы жолугушуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле жакшы нукка түшүп калды деп кошумчалаган мамлекет башчы "эки өлкө ортосундагы кызматташтык ал гана эмес стратегиялык өнөктөш деңгээлине көтөрүлдү" деп билдирди.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөөрүн, өз ишинин жыйынтыктарын чыгара баштаганын да айта кетти:

- Жолугушууга абдан кубанычтамын. Күзүндө, 19-ноябрда жаңы президентти шайлоо болот, мен алдын ала жыйынтыктарды чыгара баштадым. Биргеликте Кыргызстан менен Орусиянын алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жетишкенибизге кубанам.

Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин расмий сапар менен чакырганы үчүн кыргыз президентине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Орусия үчүн маанилүү өнөктөш катары кала берет деп айтты.​

Ал эки өлкө ортосунда 25 жылдык дипломатиялык кызматташтык жолун басып өтүү жеңил болбогонун ырастады:

- Бул жол оңой болгон жок, бирок постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө ушундай болду. Биз Кыргызстандагы абалдын турукташканына, өлкөнүн демократиялык түзүлүшү өнүгүп жатканына кубанычтабыз. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча сүйлөшүүлөр жеңил болбогонун билебиз. Президент Кыргызстандын кызыкчылыгын эмоционалдуу жана өтө катуу коргоду. Жараянга катышкан бардык тараптарды канааттандырган мунаса чечим болду. Быйыл ЕАЭБге Орусия төрагалык кылат, Кыргызстанды ар тараптуу колдоону улантат.

Кыргыз-орус президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусунда эки өлкө ортосунда кызматташтык тууралуу документтерге да кол коюлду.

Алар - өз ара кызматташуу жөнүндөгү президенттердин билдирүүсү, 2015-жылдын 31-мартында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча федералдык кызматтын жугуштуу илдеттер менен күрөшүү боюнча меморандуму.

Атамбаев: Ыңкылаптарга чекит коюлду

Орус президенти менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаевдин камалышында саясат жок экенин билдирген Атамбаев Кыргызстанда ыңкылаптарга чекит коюлган деп белгиледи. Буга чейинки эки ыңкылаптын тең башында жеке өзү турганын айткан Атамбаев, 2005-жылы да, 2010-жылы да бийлик алынарда эл анын "Форум" кеңсесинде чогулганын эскертти:

- Буга чейинки эки ыңкылаптын тең лидери мен болгом. Эгер үчүнчү революция болсо, аны мен жасабайм. Ыңкылаптарга чекит коюлду. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүшү керек, - деди Атамбаев.

Владимир Путин ​да журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия постсоветтик бардык мейкиндикте стабилдүүлүк болушун кааларын, Кыргызстандын ички ишине киришпей турганын кошумчалады:

- Кыргызстандын ички саясий жараяндары биздин ишибиз эмес. Биз эч убакта башка мамлекеттердин, айрыкча өнөктөштөрдүн ишине кийлигишпейбиз. Бирок, мен президент Алмазбек Атамбаевдин айтканына толук кошулам. Постсоветтик бардык мейкиндикте стабилдүүлүктү баалайбыз. Бийлик алмашуу Конституциянын жана мыйзамдын алкагында болушу керек, - деди Путин.

Владимир Путин Орусия өлкөгө аскердик жактан да киришпей турганын айтып, Канттагы база Кыргызстандын 1999-2000-жылдары ошол кездеги өтүнүчү менен жайгаштырылганын белгиледи:

- Кыргызстан Ооганстандан келген эл аралык террорчулардын чабуулуна кабылган. Ошол убактагы кыргыз бийлиги террордук коркунуч менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жеке менден чукул арада орус аскерлерин, эң ириде аба чабуулунан коргой турган күчтөрдү жайгаштырууну суранган. Орус базасы ушундай кырдаалда пайда болгон. Эгер Кыргызстан качандыр бир убакта “биз Куралдуу күчтөрдүбүздү ушунчалык тыңдап алдык, эми бизге мындай базанын кереги жок” десе, биз ошол күнү эле чыгып кетебиз.

Путиндин сапары Кыргызстандагы башкы оппозиционер саналган "Ата Мекен" партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев эки айга камалып, жүздөгөн тарапташтары үч күндөн бери анын бошотулушун талап кылып, акцияларды өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Текебаевдин тарапкерлери.
Текебаевдин тарапкерлери.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. Айрым талдоочулар анын камалышын саясатка байлап, быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоого да байланыштырышууда.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Владимир Путин Кыргызстанга бүгүн Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган. Кремлдин басма сөз кызматы бул сапар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганын жарыялады. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыкка 20-мартта 25 жыл толот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG