Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:08

Активисттер: Крым татарлары кодуланууда


Симферополдо украиначылдар менен орусиячылдардын митинги. 26-февраль, 2014-жыл.

Крым Орусия тарабынан аннексияланганын үч жылдыгы алдында жарым аралда адам укуктары тебеленгенин күбөлөндүргөн улам жаңы фактылар чыгып жатат. Активисттер айрыкча крым татарлары арасынан дайынсыз жоголгондор бар экенине көңүл бурушууда. Крымдагы укук бузуулар тууралуу украин парламентиндеги атайын жыйында айтылып, украин өкмөтү аннексиянын үч жылдыгын утурлай маалымат өнөктүгүн да баштады.

Симферополь шаарында бул аптада крым-татар активисттеринин дагы он бири сот жообуна тартылды. Жергиликтүү укук коргоочулар билдиргендей, алар мыйзамсыз жыйналышкан деген жүйө менен административдик жазага кириптер болуп, беш суткага абакка камалышты.

Адам укуктары боюнча Харьковдогу борбордун маалыматына караганда, бул - аннексияланган жарым аралдагы крым-татарлар орус мыйзамдарына ылайык жазаланган соңку учурлардын бири.

Укук коргоочу уюм көңүл бургандай, эч бир адвокатсыз эле соттолушкан бул он бир активист белгилүү крым-татар активисти Марлен Мустафаевдин үйүнө келген учурда кармалышкан.

Марлен Мустафаев
Марлен Мустафаев

ФСБнын экстремизмге каршы борборунун кызматкерлери жүргүзгөн тинтүүдөн кийин Мустафаевдин өзү да 11 суткага камалган.

Укук коргоочулар жана активисттер Крымдагы бир жагдайга өзгөчө көңүл бурушат - жарым аралда крым татарлары арасынан дайынсыз жоголгондор көп, камалгандардын да дайын-дареги белгисиз болууда.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам өткөн жума күнү да Орусиянын Киевдеги элчилиги астында активисттердин буга чейин да бир нече ирет өткөрүлгөн нааразылык акциясы кайталанды. Орусия элчилигинин алдына келгендер Украина крымдагыларды унутпай турганын эскертишти:

- Биз бул унчукпаган тартиптеги акциябызды жакындарынын дайынын билбей жаткан крымдыктарды колдоо, аларга тилектештик көрсөтүү максатында өткөрдүк. Биз дайынсыз жоголгондордон кеминде 17 фактыны билебиз, бирок бул толук эмес ойлойбуз. Биз билбеген жана иликтене элек учурлар дагы болушу мүмкүн, - деди орус элчилигинин алдында өткөн акциянын катышуучуларынын бири, Анастасия ысымдуу активист.

Орусия элчилиги астында Крымда дайынсыз жоголгондорду эске салган нааразылык. Киев, 26-январь, 2017-жыл.
Орусия элчилиги астында Крымда дайынсыз жоголгондорду эске салган нааразылык. Киев, 26-январь, 2017-жыл.

Орусия өзү Крым аннексиялангандан бери эле эл аралык уюмдар жана украин, Батыш өкмөттөрү тараптан крым татарларына каршы катаал мамилеси үчүн сынга алынып келатат.

Атүгүл украин парламентинде 23-февралда Украина Хельсинки союзунун өкүлү Борис Захаров Орусия Крымда “аскерий кылмыш” жасап жатат деп билдирди.

Крым татарларынын ардагер лидери, расмий Москва Крымга баруусуна тыюу салган Мустафа Жемилев мындай дейт:

- Крымды бошотуусуз адам укуктары боюнча кырдаалды жеңилдетүүгө башка чаралардын бири дагы жардам бербейт. Бир-эки, балким он адамды бошотууга жетишүүбүз мүмкүн, эртең Путин кайра алардын жүзүн камайт. Андыктан, бул көйгөйдү чечпейт.

Орусия болсо Крымдын аларга кошулуусу боюнча референдумду колдобогон жергиликтүү татарлар арасындагы “массалык камоолор” жөнүндөгү ырастоолорду төгүндөп келет.

Бул аралыкта украин өкмөтү аннексиянын үч жылдыгын утурлай “Крым бул - Украина, каршылык көрсөтүүнүн 1096 күнү” деген социалдык жарнама чыгарды. Анда “тинтүүлөр, күч структураларынын муну коштогон аракеттери: терезе-каалгаларды бузуу, тинтүү жүргүзүлгөн үй- бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө одоно мамиле жасоо оккупацияны тааныбаган крым татарлары менен украиндердин жашоосунун кадимки нормасы болуп калды” - айтылат.

25-26-февралда украин өкмөтү “Крым оккупациянын шартында: Украина жана дүйнө үчүн кесепети” деген эл аралык форум да өткөрүүдө. Иш-чаранын максаты эл аралык коомчулукка жарым аралдагы абалды эске салуу.

Орусия Крымга жөнөткөн аскерлер. 28-февраль, 2014-жыл.
Орусия Крымга жөнөткөн аскерлер. 28-февраль, 2014-жыл.

23-февралда Киевде, Крымдын Жогорку Радасынын алдында 2014-жылдын 26-февралында болгон митинг боюнча эл аралык эксперттик топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгы да жарыяланды.

Эксперттер ал митингде массалык башаламандыктын белгилери болгон эмес деген бүтүмгө келишкен.

- Анда крым татарлары, жалпы эле жарандык коом өз ролун аткарып, орусиячыл депутаттар Путин Крымдын Жогорку Радасы жарым аралды Украинадан бөлүп, Орусияга кошуу үчүн мыйзамдуу кадам жасады деп манипуляциялоосуна мүмкүндүк бергидей чечим чыгаруусун алдын алган. Биз Орусиянын ошол планын үзгүлүтүккө учуратканбыз. Андыктан, Путинге “Б планына" киришүүгө туура келди. Бул Крымды ачык эле курал күчү менен ээлеп алуу эле, - деди "Азаттыкка” үч жыл мурдагы окуянын тикелей күбөсү, Крым татарларынын межлисинин төрагасы Рефат Чубаров.

Орусия өз тарабынан Крым Орусияга “элдин эркина” ылайык, 2014-жылдын 16-мартындагы референдумдун натыйжасында кошулду деп ырастап жүрөт.

Крымдын аннексиясы АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды киргизүүсүнө алып барган. Ал санкциялар азыр дагы күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG