Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:10

Путин Бишкекке келди


Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында. Бишкек, 28-февраль, 2017-жыл

Орусия президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ар кандай ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз туура болду. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан учурда билдирди. Ал Путиндин сапары эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгын утурлай болуп жатканы жакшы жышаан экенин белгиледи:

- Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эки тараптын алакасы жаңы деңгээлге чыкты. Мындан ары да тараптар стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет, жалпы тарыхы бар бир тууган элдин мамилеси ушундай болуш керек. Владимир Путинге Кыргызстанга оор жана адаптация мезгилинде берген жардамы жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Орусиянын президентинин саясий эрки менен уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Орус тарап интеграция үчүн техникалык жардам иретинде 200 миллион доллар бөлдү. Ар кандай имиш, ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз эң туура кадам болду. Жыл аягына чейин бир тууган Орусиянын жардамы менен ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу боюнча бардык маселелердb чечебиз деп ишенем. Анча-мынча майда тоскоолдуктардын баары жыл этегине чейин алынат, - деген президент азыркы жолугушуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Владимир Путин Кыргызстанга бүгүн Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган. Кремлдин басма сөз кызматы бул сапар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганын жарыялады. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыкка 20-мартта 25 жыл толот.

Путиндин Борбор Азияга сапары

Орусия президенти Путин Борбор Азия боюнча сапарга чыгып, эки күндөн бери Казакстанда, андан кийин Тажикстанда болду. Бул сапарынын алкагында ал шейшембиде Кыргызстанга да келет, бирок аймактын калган эки өлкөсү: Өзбекстанменен Түркмөнстанга бул ирет барбайт.

Путин өзү Дүйшөмбүдө кабарчыларга билдиргендей, анын президент Рахмон менен сүйлөшүүлөрүндө Ооганстандагы кырдаалга да өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкө тажик-ооган чегиндеги коопсуздукту биргелешип чыңдоону макулдашты:

- Орусия менен Тажикстандын Ооганстанда “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтордун таасири күчөшүнө тынчсыздануусу бирдей. Биз наркотрафиктин, чек арадагы кылмыштардын дүркүрөп өскөнүнө да камтамабыз. Буга байланыштууу тажик-ооган чек арасын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүүнү, анын ичинде Тажикстанда жайгашкан орусиялык базанын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну макулдаштык.

Путин Тажикстанды "Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн чечүүчү өлкө” деп атады.

Президент Рахмон өз кезегинде аймактык коопсуздук жана өлкөсүнүн коргонуу жөндөмүн арттыруу үчүн Тажикстан менен Орусия аскерий-техникалык жактан кызматташарын, бул иш Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоонун алкагында жүрөрүнө токтолду.

Визит учурунда Путин Рахмонду Тажикстандын ордени менен да сыйлады. Дүйшөмбү, 27-февраль, 2017-жыл.
Визит учурунда Путин Рахмонду Тажикстандын ордени менен да сыйлады. Дүйшөмбү, 27-февраль, 2017-жыл.

Тажикстанга чейин Путин жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Казакстанда болгон. Анын Назарбаев менен бул жолку сүйлөшүүлөрү Астанада эмес, Алматыда өттү.

Путин Назарбавге Сириядагы жаатташкан тараптардын жолугушуусун Казакстанда уюштуруп бергени үчүн ыраазычылык айтты.

Ал эми эки тараптуу кызматташтыкка токтолгон Путин Евразия экономикалык биримдиги боюнча өнөктөш эки мамлекеттин соода-сатыгынын акчалай көлөмү төмөндөп кеткенин моюнга алып, муну негизги экспорттук товарлардын дүйнөлүк баасы түшүп кеткени менен байланыштырды.

Путин жана Назарбаев. Алматы, 27-февраль, 2017-жыл.
Путин жана Назарбаев. Алматы, 27-февраль, 2017-жыл.

Москвада чыгуучу “Независимая газетанын” Борбор Азия боюнча баяндамачысы Виктория Панфилова “Азаттык” менен маегинде Путиндин аймакка азыркы сапары тууралуу мындай деди:

- Биринчи кезекте бул - дипломатиялык мамилелер (Орусия менен көз карандысыз республикалар ортосунда) орнотулганынын 25 жылдыгы. Владимир Путиндин Борбор Азия республикаларын бул жолу кыдыруусунун жалгыз себеби ушул. Визит Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө мамилесин, аймак Орусиянын кызыкчылыктар зонасында экенин баса белгилейт.

Өзбекстан менен Түркмөнстанды кыйгаган сапар

Бирок дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык урматына Путин Өзбекстан менен Түркмөнстанга барбайт.

- Себеби Өзбекстанга былтыр сентябрда, биринчи президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндө барып, анын мүрзөсүнө кайрылып ызаат көрсөтүп кеткен. Анын үстүнө азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин Москвага да сапары күтүлүп жатат. Ал эми Түркмөнстан Москванын кызыкчылыктар зонасында калууда, бирок көңүл борборунан бир аз кетип жаткансыйт, Орусия ал жакта эч нерсе кыла албай, алака-катыш татаал болуп турат. “Газпром” түркмөн газын сатып албай калды. Түркмөнстандын өзүнүн да экономикалык абалы жакшы эмес, акчасы жок отурат. Москва Түрмөнстанга Орусиясыз аларга татаал болорун ишара кылып жаткандай, - дейт “Независимая газетанын” баяндамачысы Виктория Панфилова “Азаттыкка”.

Түркмөнстандын газ соодасы жаатындагы негизги өнөктөшүнүн ордун азыр Кытай ээлеген кез.

Кытай президенти Си Цзиньпин Ашхабадга келген учур. 2014-жыл.
Кытай президенти Си Цзиньпин Ашхабадга келген учур. 2014-жыл.

Казакстандык саясий талдоочу Толгонай Умбеталиева “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде Москванын көңүлүн учурда аймактагы өлкөлөрдүн ич ара мамилелери да бурдуруп жатканын белгиледи:

- Биз Өзбекстан менен Тажикстандын карым-катышы өзгөрүп жатканына күбө болуудабыз. Ачык-айкын билинбесе да Казакстан менен Өзбекстандын мамилесинде өзгөрүү бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси да өзгөрүүдө. Андыктан, президент Путинге Борбор Азияда эмне болуп жатканын түшүнүү керек болсо керек. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы - Путинге азыр Евразия экономикалык биримдигин алдыга түртүү да абдан маанилүү болуп турганын жокко чыгарбайт элем. Ага Өзбекстан менен Тажикстандын кирер-кирбеси белгисиз болуп турбайбы.

Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрдө Тажикстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча маселе расмий талкууланганы маалымдалган жок. Путиндин сапарын утурлай тажик бийликтери бул маселе күн тартибинде жоктугун, алар али ойлонуу үстүндө экенин билдиришкен.

Ал эми Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү планынын жоктугу президенттикке Шавкат Мирзиёев шайлангандан кийин да айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG