Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Түркмөнстан ЕБга жакындай албай жатат


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Назарбаев Казакстанды парламенттик өлкөгө айландырууда, Бердымухаммедов түркмөн газын сатып алуучуларды издейт, Мирзиёев Кремлге бир катар талаптарды коюуда.

"Өлбө жаным өлбө"

Регнум Кыргызстанда миңден ашуун мамлекеттик ишкананын 25и гана киреше алып келерин жазды. Анда Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фондунун ээлигиндеги 1130 мекеменин 166сы гана иштеп жатканы айтылат. Фонддун жетекчи орун басары Бекболот Алиев былтыркы жылы өкмөт мамлекеттик ишканалардан күтүлгөн 5 миллиард сомдон ашык кирешенин ордуна 4 миллардга жетпеген каражат алганын белгилеген.

Басылма 2015-жылы өлкө казынасындагы таңсыктык 1,5 миллиард сомду түзгөн болсо, 2016-жылы 21 миллиард сомдон ашканын, ал эми быйыл 23 миллиард сомдон ашарын белгилеп өткөн.

"Ашхабад ЕБга жакындай албай жатат"

"КоммерсантЪ" гезити Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухаммедов дагы жети жылга президенттикке шайланганы тууралуу баяндайт. Басылма учурда түркмөн газын Орусия менен Иранга экспорттоо токтоп, газ бир гана Кытайга жөнөтүлүп жатканын, өлкө оор экономикалык абалга кептелгенин баса белгилейт.

Борбор Азия боюнча саясат таануучу Аркадий Дубнов Ашхабаддын Европа Биримдигине жакындоо аракетинен дагы эч майнап чыкпай жатканы, Европа комиссиясы Түркмөнстанды адам укуктарын бузуу боюнча көптөн бери айыптап келерин кошумчалаган. Ал эми өлкөдө өткөн президенттик шайлоону Дубнов “фарс” катары сүрөттөгөн.

Мирзиёев Москвага барат

"Независимая газета" Москва менен Ташкенттин ортосунда саясий -экономикалык алака тууралуу баяндайт. Макалада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Москвага расмий сапары менен апрелде келери күтүлүп жатканы айтылат. Өзбекстан Орусияга жеңил жана оор жүк ташуучу унааларды, текстил, курулуш жана башка продукцияларын экспорттоого бел байлаганы белгиленет. Ошондой эле өзбекстандык эмгек мигранттарды Орусияга уюштурулган жол менен жөнөтүп, иш менен камсыз кылуу боюнча келишим даярдалып жатканы баяндалат. Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүмү 4 миллиард доллардан ашканы, Өзбекстанда миңге жакын ишкана Орусиянын капиталы менен иштери кошумчаланат.

Казакстан парламентаризмге бет алды

EurоAsia Daily басылмасы Баш мыйзам боюнча Казакстан президенттик өлкө экени, бирок, президент Нурсултан Назарбаев баштаган конституциялык реформа өлкөнү парламенттик башкарууга алып барат деп жазды Назарбаев бийликти акырындык менен өлкөдөгү эң таасирдүү “Нур Отан” партиясына өткөрүп берүүгө даярданып жатканы белгиленет.

Былтыр мартта өткөн парламенттик шайлоодо “Нур Отан” партиясы шайлоочулардын 80 пайызынын добушун алган, ал президенттик партия болуп саналат.

Учурда Назарбаевдин мураскери катары кызы Дарига Назарбаева менен бирге Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигиндеги Карим Масимов жана Самат Абиштин аттары аталып жатканы дагы кошумчаланат. Макалада бир гана парламенттик башкаруу өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактап кала алары, Казакстан ага 2025 -жылга чейин өтөрү белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG